Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Литораль чөкмөлөрү

Литораль чөкмөлөрү – литоралда пайда болгон чөкмө тектер. Ар түрдүү курамдан турат. Сүрүлүп жылмаланган тоголок, жумуру, жалпак түспөлдөгү кесек бөлүкчөлөр. Ар кандай чоңдуктагы кумдар, ылайлуу топурактар (баткактар), кээде өсүмдүктөр менен жаныбарлардын калдыктары кездешет. Азыркы кезде пайда болуп жаткан литораль чөкмөлөрү деңиздин жээгинде ичке тилкени пайда кылат. Байыркы доорлордогу литораль чөкмөлөрү деңиз суулары тартылганда же ташкындаганда орун алгандыктан, чоң аянттарды кучагына алат. Айрым учурда трансгрессия процессинен (деңиз суусунун кургактыкты капташынан) литораль чөкмөлөрү башка тектер менен көмүлүп калат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)