Леонов Леонид Максимович

Леонов Леонид Максимович (19(31). 5. 1899, Калуга губерниясы, Тарус уезди, Полухино кыштагы – 7. 8. 1994, Москва) – орус жазуучусу. СССР ИАнын академиги (1972). РСФСР иск-восуна эмгек сиңирген ишмер (1949), Социалистик Эмгектин Баатыры (1967). 1922-жылдан алгачкы аңгемелерин жана повесттерин жарыялаган. Анын ысмын журтка тааныткан – «Кашкулактар» (1924) романы. Романда орус кыштагы социалдык абалын реалдуу чагылдырып, келечектин жаркын элесин көрсөтө алган. Бул мотив кийинки «Ууру» (1927, 2-редакциясы 1959), «Провинциядагы окуя», «Буурул түн» (1928) жана башка повесттеринде да өнүктүрүлгөн. Ошол эле учурда социализм куруп жаткан элдин баатырдык эмгегин баяндаган «Соть» (1930) романын жазат. 1930-жылдардын аягы – 40-жылдардын башында Леонов драматургия жанрында иштеп, «Половчан багы» (1938), «Карышкыр» (1938), «Бороон» (1939) жана башка. пьесаларды жараткан. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда «Жапырык» (1942, СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1943) пьесасын, «Великошумскини алуу» (1944) повестин, ошондой эле публ. макалаларын жарыялаган. Согуштан кийинки чыгармаларынын эң мыктысы – «Орус токою» (1953, Лениндик сыйлыгы, 1957) романы. Анда табияттын экологиялык маселеси, орус токоюнун тарыхый тагдырына байланышкан кагылыштар, талаш-тартыштар, көз караштар айкын чагылдырылган. 20-кылымдын 50–60-жылдары Леонов «Evgenia Ivanovna» (1963) повестинин, «Алтын араба», «Бороон», «Жапырык» пьесаларынын жана «Ууру» романынын жаңы редакциясын берген. «Мистер Мак-Кинлинин качышы» киноповести (1961, аты уйкаш фильм, 1976, СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1977) бар. Социалдык, адеп-ахлактык, психологиялык, философиялык проблематикасынын тереңдиги, образдарынын көркөмдүгү Леоновдун прозасын адабияттын мыкты үлгүлөрүнүн катарына кошот. Төрт Ленин ордени менен сыйланган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)