Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Леонардо да Винчи ким болгон

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Леонардо да Винчи ким болгон

"Леонардо да Винчи ким болгон" Леонардо да Винчи (1425-1519). 1502-жылы Флоренциянын жашоочулары көчөдөн кебетеси таң каларлык адамды көп көрүшчү. Ак аралаган узун чачы башындагы жазы береттин астынан ийинине, далысына куюлат. Бетин каптаган чоң сакал көкүрөгүнө түшөт. Калың кашы кунт коё тиктеген көзүнүн үстүндө салаңдайт. Кенен кийими узун боюн, балбан мүчөсүн жымсалдап билгизбейт. Анын ысымы Леонардо да Винчи эле. Ал атактуу сүрөтчү, скульптор жана архитектор, мындан тышкары эң сонун инженер, математик жана анатом да болгон. Ал сүрөт тарткан, ойлоп чыгарган, курулуш курган. Жазып калтырган дептерлеринин жана кол жазмаларынын көлөмү 7 миң бетке жетет. Бүгүнкү күнгө чейин алар толук изилдене элек.

Алардын арасынан таң каларлык нерселерди: кушканат, парашют, суу астында сүзүүчү кайык, автоматтык токуу станогунун, вертолёттун жана башкалардын чиймелерин табышкан. Ушулардын баарын адамдар жүздөгөн жылдардан кийин жаңыдан ойлоп чыгышты. Каналдардын, металл эритүүчү мештердин, прокатстандарынын, басма жана жер казуучу машиналардын долбоорлорун табышкан. Учак пайда болгондон жүздөгөн жыл мурда эле Леонардо да Винчи куш тариздүү учуучу аппаратты түзгөн. Бирок ошол кездеги техниканын деңгээлинин төмөндүгү Леонардонун өз мезгилинен бир нече кылымга озуп кеткен жаңычыл ойлорун ишке ашырууга кедерги болгон. Анткени менен сүрөтчү Леонардонун чыгармаларынын тагдыры алда канча бактылуу болду.

Анын сүрөттөрүнө замандаштары да, алардан алда канча кийинки урпактары да суктанышкан. Азыр деле сүрөтчүнүн чыгармаларынын бирин болсо да көрүп калуу үчүн адамдар сааттап кезек күтүшөт. Леонардонун чыгармаларынын миллиондогон адамдарды өзүнө тарткан кандай күчү бар? Анын сүрөттөрү турмуштун өзүндөй жандуу. Анда тартылган нерселер, кишилер жана жаныбарлар тегиз кагаз же кездемеге тартылгандай эмес, кадимки турмуштагыдай тулкулуу, көлөмдүү сыяктанып көрүнөт. Сүрөтчүнүн буга жетишүүдөгү негизги каражаты - жарык жана көлөкө. Жарык жана көлөкөнүн жардамы менен Леонардо сүрөттө реалдуу дүйнөнүн көп түрдүүлүгүн ошо боюнча чыпчыргасын коротпой көрсөткөн. Мындай чеберчиликке ал табиятта болуп жаткан кубулуштарды терең билүүнүн натыйжасында жетишкен. Илимпоз Леонардо сүрөтчү Леонардого жардам берген. "Леонардо да Винчи ким болгон" дегенге жооп жазууну улантабыз.

Леонардонун атактуу сүрөтү - Мона Лиза - бизден дээрлик 500 жыл мурда жашаган жаш аялдын портретинде (бул портрет Джаконда деп да аталат) дөөлөттүү, шаардык аял тартылган. Ойлуу, кыялдана, муңайыңкы жылмаят. Аялдын татына жүзүнө жакшылап үңүлө карасак, анын бай жана татаал ички дүйнөсүн, зирек акылын көрөбүз. Мона Лиза пейзаждын фонунда тартылган. Алыстагы тоо, асман, дарыя, дарактарды боз мунарык баскан. Леонардо табият менен адамды бөлүп караган эмес. Чөнтөк дептерлерине ал бардык нерселерди: гүлдү, эмен тобурчагын, мышыкты, куш канатын, кездеме бүктөмдөрүн, аттын бутун тыкан жана укмуштай байкагычтык менен тарткан.

Ал кишинин жана жаныбарлардын дене түзүлүшүн эң жакшы билген. Бул ага эң сонун сүрөттөрдү жаратууга жардам берген. Мындай сүрөттөрдүн бири - Ангьяринин жанындагы салгылаш. Анда атчан жоокерлердин айыгышкан салгылашы көрсөтүлгөн. Леонардо бул сүрөттө согуштун жырткычтык бей акылдыгын көрсөткөнүн айткан. Ал княздар менен ак сөөк төрөлөрдүн Италиянын гүлдөгөн жерин бүлгүнгө салган чыр-чатак, кагылышууларын жек көрүп, тынчтыкты эңсеген.

Өмүр бою тентиреп Флоренциядан Миланга, Миландан Римге, Римден Флоренцияга көчүп жүрүүгө аргасыз болгон. Акыры согуш өртү каптаган мекени Италиядан кетүүгө аргасыз болуп, Леонардо да Винчи 1519-жылы Францияда дүйнөдөн кайткан. Ал математика, табигый илимдер, механика тармагында көптөгөн ачылыштарды, долбоорлорду, эксперименттик изилдөөлөрдү жасаган. "Леонардо да Винчи ким болгон" дегенге кичине болсо жооп жазууга аракет кылдык, пикирлер болсо тартынбаңыз. Кошумча маалымат "Леонардо да винчи" аттуу макалабызда.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 3392, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-03-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу