Лейкоз (лейкемия, ак кандуулук)

Лейкоз (лейкемия, ак кандуулук) — кан пайда кылуу системасынын шишик оорусу. Л-до кан пайда болуу бузулуп, кан пайда кылуучу органдарда, ошондой эле башка органдарда (бөйрөктө, кан тамыр капталында, нервдерди бойлото, териде жана башкалар) өсүп жетилбеген клетка элементтери көбөйөт. Ар кандай органдар шишип, бузулат, жалпы организм жабыркайт. Иммунитет начарлап, абдан оор кабылдоолор (сепсис, некроз, каноо) көп кездешет. Л-дун пайда болушу толук изилдене элек. Л. спонтандык (себеби белгисиз), радиациялык (иондоштуруучу нурдун таасиринен), ал эми өтүшү боюнча катуу кармаган жана өнөкөт болуп айырмаланат. Л-дун бардык түрүндө кан пайда кылуучу органдар системалуу жабыркайт. Катуу кармаган Л. өтө тез өтөт жана канда мүнөздүү өзгөрүүлөр болот.

Бул учурда ысытма болуп, аз кандуулук байкалат, ар кандай органдар канайт, жараланат жана өлүк тканга айланат. Өнөкөт Л. коркунучсуз шишик болуп эсептелет. А. и. өнөкөт лимфолейкоз, миелолейкоз, эритремия, миелом

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)