Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Лебедев Сергей Алексеевич

Лебедев Сергей Алексеевич (20. 10(2.11). 1902, Нижний Новгород – 3. 7. 1974, Москва) – электртехника жана эсептөө техникасы тармагындагы орус илимпозу. СССР ИАнын академиги (1953), Социалистик Эмгектин Баатыры (1956). 1928-ж. Москва жогорку техникалык окуу жайын бүтүп, ошол жылдан Бүткүл союздук электр-техника институтунда иштеген. 1946–51-ж. УССР ИАнын Электр-техника институтун жетектеген. 1952-жылдан Москва Физика-техника институтунда профессор, 1953-жылдан СССР ИАнын Так механика жана эсептөө техникасы институтунун директору. Лебедев – СССРде энергетикалык системалардын туруктуулук маселесин биринчи иштеп чыккандардын бири, синхрондуу машиналардын жасалма туруктуулук теориясынын автору. Анын жетекчилиги менен советтик 1-электрондук, ошондой эле бир катар тез иштөөчү ЭЭМдер түзүлгөн. Лениндик (1966), СССР мамлекеттик (1950, 1969) сыйлыгынын лауреаты. 4 Ленин, Октябрь Революциясы ордендери менен сыйланган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)