Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Лауэ Макс Феликс Теодор фон

Лауэ Макс Феликс Теодор фон (9. 10. 1879, Пфаффендорф – 24. 4. 1960, Берлин ) – немис физиги (ФРГ), СССР ИАнын чет элдик мүчөсү. Гёттинген, Мюнхен жана Берлин университеттеринде окуган. Цюрих (1912–14), Франкфурт (1914–19), Берлин (1919–43), Гёттинген (1946- жылдан) университеттеринде профессор Гёттинген физикалык институтунда директордун орунбасары (1946–51), Далемдеги физика химия жана электр-химия (1951–53) жана Фриц Хабер институтунун (1953-жылдан) директору болгон. 1912-ж. рентген нурларынын дифракциясынын теориясын сунуштаган. Лауэнин эмгектери салыштырмалуулук теориясына, өтө өткөргүчтүккө, Комптон эффектисинин теориясына жана башка кубулуштарда изилдөөгө арналган. Атомдук изилдөөлөргө жана атомдук куралданууга каршы чыккандардын бири. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1914). Эмгектери: История физики. М., 1956, Статьи и речи. М., 1969.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)