Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Л. С. Выготскийдин психикалык өнүгүүгө болгон көз карашы

Психология илимине эбегейсиз зор салымын кошкон инсандардын бири Л. С. Выготский (1896-1934). Л. С. Выготский (14) баланын психикалык өнүгүүсүнүн жүрүшүн, шартын, формаларын, спецификасын, булагын, кыймылдаткыч күчүн башка жол менен түшүнүүнү сунуш кылды. Ал өзүнүн эмгектеринде өнүгүүнүн доорлорун, стадияларын, фазаларын жана алардын ортосундагы өзгөчөлүктөрүн сүрөттөп көрсөтө алды. Ал баланын психикалык өнүгүүсүнүн негизги мыйзамдарын таап формулировкасын жасоого жетишкен. Л. С. Выготскийдин көз карашына ылайык адам тарыхый өнүгүүсүндө өзүнүн жүрум-турумунун жаңы кыймылдаткыч күчтөрүн жаратуу деңгээлине көтөрүлгөн.



Адамдын жаңы керектөөлөрү коомдун жашоодо гана пайда болуп, түзүлүп, өнүгө алды, ал эми адамдын табигый керектөөлөрү тарыхый өнүгүүнүн негизинде терең өзгөрүүлөргө дуушар болушкан. Л. С. Выготский биринчи болуп балдар психологиясына тарыхый принципти киргизген. Тарыхый изилдөө дегенибиз бул кыймылдын, өзгөрүүнүн негизинде изилдөө болуп эсептелет.



Ар бир маданий өнүгүүнүн формасы, маданий жүрүм-турумдун формасы бул адам заттын тарыхый өнүгүүсүнүн жемиши. Л. С. Выготскийдин көз карашы боюнча, жогорку психикалык функциялардын өнүгүүсүндө чөйрө өнүгүүнүн булагы катары такталат. Жогорку психикалык функциялар алгач баланын коллективдик жүрүм-турумдун формасы катары, башка адамдар менен кызматташтык формасы катары пайда болуп бара-бара баланын өзүнүн индивидуалдуу функциясы болуп калат. Мисалы, кеп салуу а дегенде адамдар арасында мамилелешүү, баарлашуу каражаты, бирок өнүгүүнүн жүрүшүндө ал ички, интеллектуалдык функцияны аткара баштайт. Адамдын чөйрөгө болгон мамилеси жаш өткөн сайын өзгөрүлөт, демек өнүгүүдө чөйрөнүн ролу да өзгөрөт.



Л. С. Выготский, чөйрөнүн таасирин баланын сезимдик кабыл алуусуна карай аныктоо керектигин тактаган. Баланын болуп жаткандарды сезимдик башынан өткөрүүсү, чөйрөнүн баланын өнүгүүсүндө болгон ролун анализдөөнүн башаты болот. Л. С. Выготский баланын психикалык өнүгүүсүнүн бир нече мыйзамдарын формулировкалаган: -Баланын өнүгүүсү убакыт ичинде татаал уюмдаштыкка ээ, башкача айтканда убакыт ритмине дал келбеген өзүнүн өнүгуү ритмине ээ жана ал ритм түрдүу курак жашта өзгөрүп турат. Мисалы, ымыркай курактын бир жылы өспүрүм курактын бир жылына барабар боло албайт.



-Балалык өнүгүүдөгү метаморфоза мыйзамы: өнүгүү бул сапаттуу өзгөрүүнүн чынжыры. Бала бул жөн гана кичинекей улуу адам эмес, бул сапаттуу өзгөчө психикага ээ болгон индивид.-Баланын өнүгүүсүндөгү бирдей эместик мыйзамы: баланын психикасында ар бир жагы өнүгүүнүн өзүнчө оптималдуу мезгилине ээ.-Жогорку психикалык функциялардын өнүгүү мыйзамы.



Жогорку психикалык функциялардын коллективдик жүрүмтурум формасынан индивидуалдык функцияларга өтүүсү. Жогорку психикалык функциялардын өзгөчө белгилери: аңсезимдүүлүк, эрктүүлүк, системалдуулук; алар өмүр бою калыптанат; алар коомдун тарыхый өнүгүүсүндө иштелип чыккан атайын курал-жарактарды, каражаттарды өздөштүрүүнүн натыйжасында пайда болот; жогорку психикалык функциялардын өнүгүүсү окутуу менен байланышта, ал бир нече стадиялардан өтөт. Л. С. Выготскийдин көз карашы боюнча окутуу өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчү.



Өнүгүү менен окутуу эки башка процесс. Өнүгүү бул ар бир баскычта жаңы сапаттардын пайда болуусу менен коштолгон инсандык калыптануу процесси. Окутуу бул балада адамдын тарыхый өзгөчөлүктөрдүн өнүгүүсүндө ички зарыл учур. Окутуу жакынкы аралыкта өнүгуү зонасын түзөт, башкача айтканда ички өнүгүү процесстердин кыймылдарын ойготуучу шарт.



Л. С. Выготскийдин жакынкы аралыкта өнүгүү зонасы бүткүл дүйнөдөгү психологдорго белгилүү болгон илимий ачылыш. Жакынкы аралыкта өнүгүү зонасы бул баланын актуалдуу деңгээлдеги өнүгүүсү менен өнүгүүгө мүмкүн болгон деңгээлдин ортосундагы аралык. Бул учур улуулардын жетекчилиги астында чечилген маселелердин жардамы менен аныкталат.



Жакынкы аралыкта өнүгүү зонасы жетилип бара жаткан функцияларды, жетилүү процессиндеги функцияларды көрсөтөт. Актуалдуу деңгээлдеги өнүгүү өнүгүүнүн жетишкендиктерин мүнөздөйт. Жакынкы аралыкта өнүгүү зонасы бул биргелешкен ишаракетте калыптанып, бара-бара субъекттин ички психикалык процессине өтүп, жогорку психикалык функдиялардын пайда болуу мыйзамынын логикалык натыйжасы.



Биргелешкен иш-аракетте калыптанып жаткан психикалык процессти жакынкы аралыкта өнүгүү зонасында деп айта алабыз. Ал эми анын калыптангандан кийинкисин субъекттин актуалдуу өнүгүүнүн формасы болуп калат. Демек, окутуу бышып жетилген функцияларга таянбастан, жетилип бара жаткан функцияларга таянуу зарыл. Мына ошондо жакынкы аралыкта өнүгүү зонасында болгон көптөгөн функцияларды ойготуп, өнүгүүгө түртөт.



Окутуунун психикалык өнүгүүгө болгон таасирин Л. С. Выготскийдин аң-сезимдин системалуу жана маанилүү түзүлушү жана онтогенезде өнүгүүсү жөнүндөгү гипотезасы далилдейт. Адамдын аң-сезими өз алдынча процесстердин суммасы эмес, ал процесстердин системасы, структурасы деп эсептейт Л. С. Выготский. Бир дагы функция өз алдынча өнүгө албайт.



Ар бир функдиянын өнүгүүсү, анын кайсы структурага кирээрине, кайсы орунду ээлерине байланыштуу. Мисалы, эрте жаш куракта аңсезимдин борборунда кабыл алуу, мектеп жашына чейинки куракта эс, мектеп жашында ойлоо болот. Ушуга байланыштуу калган психикалык процесстер аң-сезимдин функциясында доминанттык процесстин таасири астында өнүгүүгө дуушар болот. Демек, Л. С. Выготскийдин ою боюнча психикалык өнүгүү процесси, маанилүүлүк структуранын өзгөрүшү менен шартталган, аңсезимдин системалык структурасынын кайра курулушунда. Л. С. Выготскийдин эмгектеринин үстүндө көптөгөн психологдор иштешип толуктоого, өзгөртүүгө салым кошушкан (АНЛеонтьев, А. В. Запорожец, П. И. Зинченко, П. Я. Гальперин, Л. И. Божович, Д. Б. Эльконин ж. б. ).

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)