Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Кызыл учкун

«Кызыл учкун» — 1927-ж. Кыргыз педагогикалык техникумунда уюшулган адабий ийрим (кружок). Ага кыргыздын 1920-жылдары жаңыдан өсүп келаткан чыгармачыл интеллигенциясы, адабият менен искусствого шыктуу жаштар (У. Абдукаимов, М. Абдукаримов, А. Айылчинов, Т. Байжиев, К. Баялинов, З. Бектенов, Ж. Бөкөнбаев, М. Дөгдүров, К. Жантөшев, Т. Жолдошов, К. Жумашев, К. Ибраимов, А. Идирисов, С. Карачев, Ш. Көкөнов, К. Маликов, С. Нааматов, К. Рахматуллин, Т. Саманчин, С. Сасыкбаев, Р. Шүкүрбеков, М. Элебаев, К. Эшмамбетов жана башка) топтолгон. Ийрим расмий болбосо да, бардык чыгармачыл уюмдардын милдетин аткарган. Ийрим кийин (1932) Кыргыз педагогикалык институту ачылганда да иштеген. Көптөгөн кыргыз акын-жазуучу, адабиятчы, педагог жана башка кесип ээлери «Кызыл учкундан» таалим алышкан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)