Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Кызыл-Суу Жети-Өгүз району

Кызыл-Суу, Жети-Өгүз району (мурда Силив кино, 1993-ж. чейин Покровка) — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы кыштак. Райондун жана Кызыл-Суу айыл округунун борбору. Ысык-Көл өрөөнүнүн түштүк-чыгышында, Тескей Ала-Тоонун этегинде, Чоң Кызыл-Суу суусунун боюнда, Балыкчы — Каракол автомобиль жолунун жээгинде, деңиз деңгээли 1760 м бийиктикте жайгашкан. Облустун борбору Каракол шнан 35 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 180 км. Калкы 12,2 миң (2009). Кыштакта 3 орто мектеп, китепканалар, бала бакча, оорукана, поликлиника, мадабият үйү, мечит бар. Кыш, нан жана сыр заводдору, турмуш-тиричилик кызматы, соода түйүндөрү, тамактануу жайлары, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, базар, автобекет жана башка иштейт. Бул жерде КР УИАнын Теңир-Тоо физикалык-география станциясынын кеңсеси орун алган. Кыштакта Советтик Союзунун Баатыры А. А. Титов туулган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)