Кызыл-Шарк, Кара-Суу району — Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Савай айыл округуна караштуу. Ош — Бишкек автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээли 750 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекети Кара-Суу шаарынан 7 км түндүк-чыгыш тарапта. Калкы 4875 (2009), негизинен дыйкан жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, 2 китепкана, мадабият үйү, оорукана, дарыкана бар. Турмуш-тиричилик кызматы, соода түйүндөрү, тамактануучу жайлар иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик, эки жолку Социялдык Эмгектери Баатыры X. Ташировго бюст орнотулган.
Бөлүмдөр
- Адабият
- АКШнын кыскача тарыхы
- Апендинин жоруктары
- Бадыраң өстүрүү
- Бала гигиенасы жана тамактануусу
- Башкалар
- Биографиялар
- Бул ким, ал эмне
- Ветеринария
- Гороскоп
- Жаңылыктар
- Жомок уламыштар
- Кол өнөрчүлүк
- Кыргыз тамак-аштары
- Кыргызстандын тарыхы
- Медицина
- Пайдалуу кенештер
- Психология
- Ырдайлы кыргыз ырларын
- Өлкөлөр жана шаарлар
Издөө
Жарнама
Соңку пикирлер