Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кызыл карагай

Баш барак | Өсүмдүктөр | Кызыл карагай

Кызыл карагай (латынча pinus, орусча сосна) — кызыл карагай түркүмүндөгү (Pinaceae) ийне жалбырактуу дарактардын, бадалдардын типтүү түрү.

Кызыл карагай
Кызыл карагай, ийнелери, сөңгөгү, бутактары
Кызыл карагай, ийнелери, сөңгөгү, бутактары
Илимий классификациясы
ДоменЭукариоттор
ПадышалыкӨсүмдүктөр
БөлүмИйне жалбырактуулар
КлассИйне жалбырактуулар
ИретКызыл карагайлар
ТүркүмКызыл карагайлар
ТүрКызыл карагай
Эл аралык илимий аталышы
Pinus, 1753, Карл Линней
ITIS: 18035
NCBI: 3337
EOL: 14031
GRIN: g:9418
IPNI: 11681-1
POWO: 328247-2
WFO: 4000029794
FW: 55062
Кызыл карагай менен жөнөкөй Карагайдын айырмасы
Кызыл карагайКарагай
латынча pinus, орусча сосналатынча Picea, орусча ель
Ийне жалбырактары узун (5-9 см) жана бир тутамда 2, 3, 5тен өсөтИйнелери кыска 1,5—2,5 см, ар бир ийне өзүнчө өсөт.
Сөңгөгүнүн кабыгы калың, терең жаракалар менен, жогору карай жукарып кетет, өңү күрөңдөн саргыч түскө чейин, сыягы ушундан улам кызыл деп аталып калгандырСөңгөгүнүн кабыгы боз түстө, жука пластиналар менен капталган
Тобурчактары кыска, тоголок сымалТобурчактары узун, сүйрү сымал
Тамыры жерде же топуракта отурат. Катуу шамалда кызыл карагай сынып түшөт, тамыры омурулбайт. Шамалга сынма.Тамыры жер бетине жакын жайгашып, көбүнчө көрүнүп турат. Катуу шамалда карагай тамыры менен кошо омурулуп түшөт. Шамалга туруксуз.

Кошумча макала: Карагай

Кызыл карагайлар бутактары чалгыч сымал өсүмдүктөр, жаш бутактары эки түрлүү — узартылган жана кыскартылган. Ийнелери кыскартылган жаш бутактарында гана жайгашат. Кыскартылган жаш бутактарындагы ийнечелердин саны боюнча эки ийнелүү, үч ийнелүү жана беш ийнелүү болуп бөлүнөт.

Заманбап маалыматтарга ылайык кызыл карагайдын 130дай түрү бар, жана табигый өсүүсү боюнча бүткүл Түндүк жарым шарда жайылган, экватордон баштап түндүк уюл айланасына чейин. Мелүүн жана субарктикалык климатта алар түздүктөрдө жана тоолордо токойлорду калыптандырат, ал эми субтропиктерде, тропиктерде жана экватордун жанында көбүнчө тоолордо өсөт, айрым учурларда түздүктөрдө да өсөт, мисалы, кариб кызыл карагайы.

Ботаникалык баяндалышы

Кызыл карагайлар — түбөлүк жашыл (көк), чайырга бай дарактар, негизинен көлөмү боюнча чоң, сейрек учурларда майда, кээде дээрлик бадалдардай.

Кызыл карагайдын жаш бутактары кедр жана жалбыракчыныкындай (орусча лиственница) эки түрдө: узун жана кыскартылган. Узун жаш бутактардагы жалбырактары (ийнелери) күрөң, кабырчыктуу. Кыскартылган жаш бутактардагы жалбырактарынын узундугу 5-9 см (кадимки карагайдыкына [ель] караганда алда канча узун), ийне сымал, тутам чөп сыяктуу 2—5 даанадан отурат, негизинде (ийнелеринин түбүндө) плёнка сымал кучак менен капталган.

Бир кучактагы жалбырактардын санына жараша кызыл карагайдын түрлөрү эки, үч жана беш ийне жалбырактуу деп аталат. Мисалы, кадимки кызыл карагай (Pinus sylvestris) жана деңиздик кызыл карагай (Pinus sibirica) — эки ийне жалбырактуу, сибирь кызыл карагайы (Pinus sibirica) жана япониялык ак кызыл карагай (Pinus parviflora) — беш ийне жалбырактуу, Бунге кызыл карайы (Pinus bungeana) — үч ийне жалбырактуу. Жаш бутактардагы жалбырактар бир нече жыл сакталып турат. Кээде, көбүнчө курт-кумурскалардын зыян келтирүүсүнүн натыйжасында кызыл карагайда тутамдуу же кучактуу жаш бутактар өнүгөт. Мындай жаш бутактар өтө кыска келип, кыска жана узун ийне тутамдарына ээ.

Эркек тутамдар машак түрүндө жаш бутактардын түбүндө чогулган. Чаңчалуу баштыкчалар туурасынан кетип жарака болуп ачылат. Ургаачы тутамдар дарактын өйдөңкү бөлүгүндө жайгашкан тобурчактарда.

Тобурчактар жумуртка же сүйрү формасында, башын жерге салып салаңдап турат, бышып жетилгенде бүтүн бойдон жерге түшөт. Тобурчак уруктук кабырчыктардан турат. Кабырчыктар алгач тыгыз кошулган абалда, толук жетилгенде бири-биринен ажырап, уруктарын чыгарат, ар бир кабырчыктын карама-каршысында 2 урук болот. Уруктары көбүнчө канаттуу, канаты жоктор сейрек, сырты катуу, жаңгак түрүндө. Түйүлдүктө 4төн 15ке чейин урук үлүштөрү болушу мүмкүн.

Кызыл карагай жыгачы, бекем жыгач катары белгилүү, суунун астында жатса дагы көп жылдар бою чирибейт, суукка чыдамдуу, эң катуу келет. Бороон-шамалда сынбайт (өтө катуу шамалды эске албаганда). Дарак топурак тандабайт, бат өсөт, 400-500 жылга чейин жашайт.

Дарагынын бийиктиги 30-50 метрдей, диаметри бир жарым метрден ашык. Жалбырагы жыш, бирок жумшак келет. Кызыл карагай күзүндө алтындай жумшак-сары түскө боёлот да башка жалбырактуу породалар сыяктуу кышында жалбырагын күбүйт. Ошондуктан, бул дарак жалбырактуу кызыл карагай деп аталат. Эгер дарак түбөлүк жашыл деп аталса эмне себептен ийнелери саргайып күбүлөт деген суроо жаралат. Кызыл карагайда жашыл ийнелери быйылкы жылы чыккан жаш бутактарда (ар бир дарак жыл сайын канча бир см өсөт, жаш бутак деп ошол жаңы өсүндүлөр айтылат) гана сакталат (3-4 жыл), андан кийин ийнелери саргайып түшөт дагы ал жерге экинчи жолу ийне жалбырак өспөйт. Жөнөкөй карагай сыяктуу эле, кызыл карагайдын ийнелери абаны жугушсуздандыруучу «фитонцид» аталган өзгөчө заттарды бөлүп чыгарат.

Мааниси жана колдонулушу

Кызыл карагайлардын жыгачы көбүнчө көп түрлүү жана сапаттуу курулуш материалдар катары пайдаланылат.

Кызыл карагайлардын бүчүрлөрү, экстракттары, эфир майлары, чайыры брохит жана башка өпкө ооруларында дары катары даярдалат. Ийне жалбырактары гиповитаминоз жана С витаминин авитаминозунда алдын алуучу каражат катары пайдаланылат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1641, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-12-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу