Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыз күйөө уламышы

Баш барак | Жомок уламыштар | Кыз күйөө уламышы

Илгерки бир замандарда Ысык-Көлдүн Тоң тарабындагы бир байдын ашкан сулуу кызы болуптур. Ал кызды ошол байга жалданып жүргөн жылкычы жигит сүйүп калат. Кызды алууга калыны жок, калын төлөгөн күндө да томояк жигитке бай кызын бермек эмес. Жигитти кыз да сүйүп калат. Эмне кылыштын айласын таппаган эки жаш күйүп жүрө беришет. Акыры байдын кызын күйөөгө узатмак болушат. Ошондо акыл ойлогон жигит кызды алып качмакчы болот. Бул сунушка кыз да макул болот. Күн болжолу жете электе эле кызды кудалаган байдын уулу келип түшүп, кызды алып кетишмекчи болушат. Ошондо жигит жылкыларынын арасынан эки мыкты атты токуп минип, кызды алып качат.

Жигиттин Чуй тарапта илик-жилик туугандары бар экен, ошол жакты карай бет алышат. Ангыча кыз менен жигиттин качканын туюп калышып, артынан куугун түшөт. Качып бараткан кыз-жигит Боом капчыгайынын ичиндеги эки асканын жанына келгенде, бирөө оң жаккы бетке, экинчиси сол жаккы бетке качышат. Алды-артынан чыккан куугунчулар экөөнү ошол жерден кармашат да, байдын буйругу менен экөөнү тең ошол жерде өлтүрүп ташташат. Сүйүүнүн айынан курман болгон эки жаштын күнөөсүз канынан эки булак жаралып, сызылып агып чыгып, ошол жер "Кыз-Күйөө" деп аталып калган экен.

Жайгаштыруу: 2016-12-23, Көрүүлөр: 8154, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-12-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо