Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Кытайлар

Кытайлар (өздөрүн хань деп аташат) — эл, КЭРдин негизги калкы. Сингапур, Түштүк-Чыгыш Азияда (Тайланд, Индонезия, Мьянма, Филиппин, Вьетнам, Камбожа, Бруней) жана Чыгыш Азияда Сянган, Аомынь (Макао), Япония, Корея, ошондой эле АКШ, Канада, Европа, Россия, Африка, Австралия, Океанияда да жашашат. Жалпы саны 1,3 млрд киши (2000), анын ичинде КЭРде 1137,4 млн, Тайванда 22,5 млн, Сянганда 6,6 млн, Аомында 0,4 млн (2008). Айрым маалыматтар боюнча кытайлар хань-тибет, малайя-полинезия, мопкхмер, тохар жана алтай тилдеринде сүйлөгөн көчмөн уруулардын аралашуусунун негизинде калыптанган. Синологиялык илимий пикир боюнча Кдын түпкү теги Хуанхэ дарыясынын орто жана төмөнкү агымында биздин заманга чейинки 4—3-миң жылдыкта Яншао, Луншан неолит маданиятын түзгөн уруулар болгон. биздин заманга чейинки 21—8-кылымда Кытайдын азыркы аймактарында түрдүү уруулардан турган көптөгөн мамлекеттер болгон. Батыш Чжау династиясы бийлеген доордо Хуанхэ менен Янцзы дарыясынын төмөнкү агымында жашаган уруулар Хуася этностук коомун түзгөн. Чжанго доорунда Кытайда бири бири менен жоолашкан жети бирдей падышалык өкүм сүргөн, анын ичинде эң күчтүү падышалык Цинь Шихуанди биздин заманга чейинки 221-жылы алты падышалыкты өзүнө багындырып, Кытай тарыхындагы туңгуч мамлекет — Цинь империясын түзгөн. Бирок көп узабай биздин заманга чейинки 206-жылы бийликке Хань династиясы келген. Байыркы кытай эли ошол кезде калыптанган. Кытай элинин этностук аталышы — хань да ошо династиянын аты менен байланышкан. 618—907-жылдары Тан династиясынын мезгилинде Кытайдын маданияты гүлдөгөн. Хань доорунда пайда болгон Улуу Жибек жолунун ролу артып, коңшу жашаган каршылаш элдер менен саясий-маданий байланыштары күчөгөн. 10—13-кылымдарда Сун династиясынын мезгилинде Кытай экиге (түн., түштүк) бөлүнгөн. Түндүктө адегенде моңгол тилиндеги кидандар (андан орустун «китай» деген сөзү пайда болгон), андан кийин тунгус-манжур тилинде сүйлөгөн чжурчжендер үстөмдүк кылган. Кытай династиясы башкарган түштүккө кытайлардын түндүктөн келиши күчөгөн. Кытайдын азыркы аймагындагы мамлекеттерди моңголдор басып алган. Моңголдорду кууп чыккандан кийин Мин династиясы убагында (1368—1644) кытайлардын Хуанхэ жана Янцзы дарыясынын алаптарынан Түштүккө көчүшү уланган. Кытайдын азыркы чек арасы маньчжурдун Цин династиясы мезгилинде (1644—1911) калыптанып, 1949-жылы КЭР болуп түзүлгөн. Цин империясынын атынан кытайлар Chiha, Чин, Кытай деп да аталат. Кытай тилинде сүйлөшөт. Кытайлар конфуцийчилик, даосизм жана буддизмди тутушат. Орто кылымда Кытайдын түндүк-батыш аймактарына ислам дини, кийинчерээк христиан диндери тарай баштаган. Кытайдар негизинен дыйканчылык (күрүч, чай, пахта, таруу ж. б.) менен кесиптенишет. Кытайлардын тамак-ашы — негизинен күрүч, балык, эт азыктары. Аял менен эркектин салттык кийимдери бычылышы жана тигилиши боюнча көп айырмаланбайт. Капталдары тилинген кыска көйнөк, кенен шым жана кездемеден тигилген бут кийимдерди кийишет. Көктөм, Цинмин, Дуакоу, Чжунцю ж. б. улуттук майрамдарды майрамдашат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)