Кысым (напор) гидравликада

Кысым (напор), гидравликада — берилген чекитте суюктук агымынын салыштырма (салмак бирдигине туура келген) механикалык энергиясын туюнтуучу сызыктуу чоңдук. Агымдын салыштырма энергиясынын запасы (толук кысымы) Бернулли теңдемеси менен аныкталат: H=z+P ν, {\displaystyle \nu } / γ, {\displaystyle \gamma } + ν, 2 {\displaystyle {\nu }^{2}} /2g, мында z — эсептөө тегиздигинен каралуучу чекитке чейинки бийиктик, P ν, {\displaystyle \nu } — ν, {\displaystyle \nu } ылдамдыкта аккан суюктук басымы, γ, {\displaystyle \gamma } — суюктуктун салыштырма салмагы, g — эркин түшүүнүн ылдамдануусу. Биринчи эки кошулуучу абалдын (z) салыштырма потенциалдык энергиясы менен басымдын (P ν, {\displaystyle \nu } / γ, {\displaystyle \gamma } ) cуммасын аныкайт. Бул салыштырма потенциалдык энергиянын толук көрүнүшү болуп эсептелет жана гидростатистикалык кысым деп аталат, ал эми үчүнчү кошулуучу — салыштырма кинетикалык энергиянын туюнтуп ылдамдатылган кысым деп аталат. Агымды бойлото кысым азаят. Түтүк аркылуу аккан илээшкек суюктук учурунда коромжуланган кысым Дарси-Вейсбах формуласы менен чыгарылат. .

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)