Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Кышкы согум

"Кышкы согум" өзү эмне, аны кандай жасашкан, эмнеден жасашкан, ушул жөнүндө учкай кеп кыла кетели. Кышкы согумдун чучугунан же картасынан жазында же жайында жеш үчүн алып калган аш, тамакты кыргыздар унга сактаган чучук, карта деп коюшат. Өткөн заманда кыргыздар көчмөн турмушта тиричилик кылган кезде, кышкысын согумду көп соё турган. Анткени, жазга жакындаганда мал арыктайт. Союуга жараган мал калбайт. Ошон үчүн кыш кирээри менен семиз бээ союп, анын чучугун, картасын, жалын көбүнчө жазга калтырараар эле.

Семиз кой союп, анын сөөгүн алып таштап, карындын ичине сулп этин салып, тактанын алдына киргизип коё турган. Жаз башталып, кар ээриген кезде тоңгон семиз эттен бүлөсүнө тамак жасап берчү. Ал эми семиз бээнин чучугу менен картасын, жалын күн жылый баштаганда, каптын ичиндеги ундун арасына салып коё турган. Ал ундун ичиндеги сүрлөр жайкы ысык маалга чейин бузулчу эмес. "Кышкы согум" чындыгында жакшы оокаттардын бири болуп саналчу.

Мындай этти кыргыздар узун сарыга сактаган деп айта турган. Унга салынган сүрдү көбүнчө кадырлуу адамга берчү. Айрыкча ата-энеси бар адамдар унга сакталган чучукту же картаны тиши жок карыларга берчү. Согум биринчи кар жааганда союлчу. Эттин баарын жиликтеп, туздап, чыгдандын ичиндеги сереге илчү. Ортодогу оттун үстүнө да илип, түтүнгө ыштап, абдан тоборсугандан кийин аларды чыгдандын ары жагына, ала баканга илип койчу. Андай сүрсүгөн эт көпкө сакталчу, даамы да жакшы болоор эле.

Кыргыз жылкынын этинен, койдун этин сүрсүтүп, көпкө сактачу. Жылкынын этин көбүнчө жаш кезинде жей турган. Ошон үчүн сойгон жылкың семиз чыкса, жети күн үйүңдөн чыкпа, уйуң семиз чыкса, жети күн үйүңө жолобо деген накыл да чыгарган. Илгери айрым аймактарда, кышкы согум этинен түймөч кылуучу.

Көбүнчө Талас тарапта кара кой союп, чыпчыргансын калтырбай калжа кайнатса, кызыр эмдүү тай союп, силкиме кайнатып, кыштык азыктарын даярдап алуучу. Мында белгилүү өлчөмдө суу куюп, туз салып кайнатып, ага сейдене чөп, аталгы чөп, талзын чөп жана кызыл гүл жана башкаларды салып бышырууда жыты буркурап, чай менен ичип-жеште ичтейин абдан ачылчу, суукка да байымдуу кылуучу. "Кышкы согум" кыргыздардын салты болуп калган десек деле ашык болбойт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)