Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Кыркол гипс кени

Кыркол гипс кени - Ош облусунун Ноокат районунда, Ош шаарынан 70 км, Кызыл-Кыя темир жол станциясынан 20 км чыгышта, деңиз деңгээлинен 1500 м бийикте. 1981—83-жылдары чалгындалган. Кен аймагын мезозой заманында пайда болгон чөкмө тектер түзөт. Гипс бор мезгилиндеги доломит, акиташ жана чопонун арасында жайгашып, калыңдыгы 35,9 мден 71,7 мге жетет. Гипстин өңү бозомук, ак, түзүлүшү майда бүртүктүү. Пайдалуу катмарда гипстин өлчөмү 70,0%тен 99,85%ке чейин өзгөрүп, орточо 93,24%ти түзөт. Ангидриттин орточо өлчөмү 3,44%. Гипстин көпчүлүгү II сортко тиешелүү. Кыртышты гипстөөдө, цемент өндүрүүдө пайдаланылат. Запасы А+В+С1 категориясы боюнча — 7401 миң тонна.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)