Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Кырк-Жигит-Арык

Кырк-Жигит-Арык — Бакай-Ата районунун аймагындагы 10-кылымда курулган байыркы каналдын нугу. Каракоюн суусунан башталып, тоо боору менен Талас өрөөнүнө чыгат. Арыктын узундугу 10 км, туурасы 1,2 м, тереңдиги 1 м, жылмакай таштар менен кынапталып алебастар менен бекитилип оңдолгон.

К.-Ж.-А. менен Кырк-Кыз-Арыктын тарыхы жөнүндө эл оозунда төмөнкүчө уламыштар айтылат: «Семетейдин жигиттери үрмарал суусунун жээгине оюн-зоок курушат. Кезек күч сынашуу оюнга келет. Кыздар Бакай карыяга кайрылып калыс болуп берүүсүн суранышат. Акылман карыя үрмарал суусунун сол тарабынан кыздар, оң тарабынан жигиттер арык казып, сууну өрөөнгө кайсыл тарап мурун чыгарса жеңиш ошолордуку болорун айтат.

Эки тарап күндөп-түндөп иштешет. Кыз-келиндер амалдуулук кылып, теңи иштеп, теңи кылактап жигиттерди азгырып, алаксытышат. Кыздар арык казууну бир жума мурун бүткөрүп жеңишке ээ болушат».

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)