Кырк-Кыз-Арык

Кырк-Кыз-Арык — Талас өрөөнүнүн түштүк батыш тарабындагы тоо этектей курулган байыркы канал (10-к.). Каракоюн менен үрмарал суулары кошулган жерден башталат. Ал жерден каналды бөгөгөн сыпайдын калдыгы табылган.

үрмарал суусунун сол жээгин бойлоп, Ленинполь кыштагына чейин созулат. Каналдын боюнан 10—12-кылымдагы үрмарал 1 жана 2 деген эки шаардын чалдыбары табылган.

Эл оозунда К.-К.-А. менен Кырк-Жигит-Арык туурасында уламыштар айтылат.

«Манастын» бардык варианттарында К. ч. жөнүндө айтылат. Сагымбай Орозбаков варианты боюнча Манас Ошпурдукунда козу кайтарып жүргөн кезинде бир козуну (карышкыр) көтөрө качып асканын түбүндөгү үңкүргө кирет. Манас да бөрүнүн артынан кошо кирип:

Жетип барып караса

Аттары бар канаттуу,

Адамдан башка санаттуу,

Аргымак, бедөө минишкен,

Аземдүү тонду кийишкен

Бир үңкүрдө кырк киши (Сагымбай Орозбаков, 1. 113) турганын көрөт.

Алар өздөрүн К. ч-биз деп тааныштырат. «Манас» эпосунда кеңири чагылдырылган К. ч. Манас баатырга дайыма колдоо көрсөтүп коргоп жүргөнү мындайча сүрөттөлөт:

Кайып эрен — кырк чилтен

Канкор эрдин жолдошу.

Кырк чилтендин бирөөбү

Ажыдаар болуп сойлошуп

Кабылан бири, бири шер

Кашында бар сексен төрт

Бири миңге тийген эр (Сагымбай Орозбаков, 2. 230).

Бул жерде чилтендердин түпкү теги тотемдик түшүнүктөр менен байланыштуу экенин айта кетүү керек. Уруулук коом үчүн гана мүнөздүү болгон тотемдик түшүнүктөр, башкача айтканда уруулардын тотеми көбүнчө жырткыч айбандардан болгон. Кыргыз элинде бул тотемдер (бөрү, жолборс, илбирс) небак унутулуп, эпикалык салттарда гана элдик баатырлардын колдоочусу катарында сакталып, алар да өзүнүн милдетин мусулман мифологиясынын магиялык колдоочуларына (чилтен, кызыр, шайык, шаймерден жана башкалар) алмашыла баштаганын «Манас» эпосунун мотивдери далилдеп турат. Эпостун бардык варианттарында Манас кыйын шарттарга дуушар болгон кездерде көбүнчө К. ч., шаймердендердин колдоосу менен аман калат.

2. Кырк чилтен, Кырк чилтан — Баткен районундагы туш тарабын дайра, тоо курчап ат чабымдай аралды элестеткен Коргон айлына кире бериште орун алган коор жай (бейит) мазар. Ал жерде жалгыз түп гүлсовгар (дарак) гүлдөп турат. Эл ошол жерди Манастын кайыбынан берген кырк жигитинин бейит мазары деп касиеттүү көрүп, ыйык эсептешет.

Ал эми түпкү теги тотем (бөрү, жолборс, илбирс) менен байланышкан чилтендин жана башкалар образдары мусулман мифологиясынын магиялык колдоочуларына айланганын «Манас» эпосунун айрым мотивдери аныктап турат. Мисалы, эпостун бардык варианттарында Манас кыйын шарттарга дуушар болгон учурда көбүнчө чилтендердин колдоосу менен аман калат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)