Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

кыргызымдын жигиттери

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | кыргызымдын жигиттери

Созу К. Урманбетовдуку

Обону Т. Нурматовдуку

Ала качып, ала качып аргымактар арыш керет,

Азанатып, азанатып азаматтар намыска бек...

Шамдай жанып алышып,

Шамал менен жарышып,

Жузун суртуп булутка,

Жуздору - от, каны ысык.

Алатоону бел кылып,

Атажуртту дем кылып,

Абалтадан шок болот,

Алоолонгон от болот,

А болбосо жок болот,

Кыргызымдын жигиттери!

Жан чыгарып, жан чыгарып душманына тийип тике,

Камчыланып, камчыланып учкан улам бийиктикке...

Балбылдаган Чолпондой,

Баатыр агам Чолпонбай.

Тосуп калган окторду

Тошу менен калкандай.

Ар-намысы коколоп,

Асабадай которот.

Кыргын согуш болбосун,

Кыдыр болуп жолдошун,

Кыраан Манас колдосун,

Кыргызымдын жигиттери!

Дунгуротуп, дунгуротуп жердин устун тулпар келет,

Дуркуротуп, дуркуротуп дуйно жузун шумкар келет.

Кымындашат кыргыздар,

Жымындашат жылдыздар.

Ал анткени алардын

Арасында Чынгыз бар.

Аалам кезет жомоктой,

Ак калпагын жоготпой.

Акыл-эсин камчылап,

Аккуладай алкынат.

Ай-жылдызга талпынат,

Кыргызымдын жигиттери!

Учту мына, учту мына, Айчурокпу же ак куубу,

Шукшурула, шукшурула жигит шумкар сыяктуубу...

Закымдады кыз улам,

Жакындады боз улан.

Жакындады анакей,

Суйуп калды оозунан.

Ак суйууго бек болот,

Ак достукка чеп болот.

Анан дагы шок болот,

Алоолонгон от болот,

А болбосо жок болот.

Кыргызымдын жигиттери!

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 2242, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо