Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp *** Таанышуу боюнча жарнамалар 1 жумага 50 сом

Кыргызстандын байлыктары

Көлдөр

Ысык-көл - деңиз деңгээлинен 3608 метр бийиктикте жайгашкан, аянты 6236 чарчы чакырым, эң терең жери - 668 метр, көлөмү - 1738 куб/чакырым.

Соң-көл - деңиз деңгээлинен 3016 метр бийиктикте, аянты 275 чарчы чакырым, эң терең жери 15,1 метр, көлөмү - 2,82 куб/чакырым.

Чатыр-көл - деңиз деңгээлинен 3530 метр бийиктикте, аянты 153,5 чарчы чакырым, эң терең жери 16,8 метр, көлөмү - 1,37 куб/чакырым.

Сары-Челек - деңиз деңгээлинен 1874 метр бийиктикте, аянты 4,9 чарчы чакырым, эң терең жери 234 метр, көлөмү 0,48 куб/чакырым.

Мерцбахер көлү - Эңилчек мөңгүлөрүнүн куюлган жеринде деңиз деңгээлинен 3304 метр бийиктикте жайгашкан, аянты - 4,5 чарчы чакырым, эң терең жери - 40-80 метр.

Ири суу сактагычтар

Токтогул суу сактагычы - көлөмү -19,5 миллиард куб/метр.

Орто-Токой суу сактагычы - көлөмү - 270 миллион куб/метр.

Киров суу сактагычы - көлөмү - 550 миллион куб/метр.

Папан суу сактагычы - көлөмү - 220 миллион куб/метр.

Ири суу электр станциялары

Токтогул электр станциясы - кубаттуулугу - 1200 МВт.

Күрпсай электр станциясы - кубаттуулугу - 800 МВт.

Таш-Көмүр электр станциясы - кубаттуулугу - 450 МВт.

Шамалдуу-Сай электр станциясы - кубаттуулугу - 240 МВт.

Үч-Коргон электр станциясы - кубаттуулугу - 180 МВт.

Ат-Башы электр станциясы - кубаттуулугу - 40 МВт.

Дарыялар

Чүй, Нарын, Талас дарыялары бийик тоолордон башталат. Чүй дарыясын бойлоп, 145 аралык боюнча Кыргызстан менен Казакстандын чек арасы өтөт. Нарын дарыясы Кара дарыя менен кошулуп Сырдарыяны түзөт да чыгышка карай Фергана өрөөнүн көздөй агат. Талас дарыясы Кыргызстандын түштүк-чыгышына агат.

Өсүмдүктөр

Тоо койнундагы Тяньшань карагайы, жаңгак, пихта, арчанын түрлөрү, жайыт-тоют чөптөрү өсөт. Кыргызстандын 350 миң гектарга жакын токою бар, анын ичинен 53 пайызын ийне жалбырактуу токойлор ээлейт. 40 миң гектардан ашуун жаңгак токою бар. Арсланбап жаңгак токою бүткүл дүйнөгө белгилүү.

Жаныбарлар

Кыргызстанда 80ден ашуун түрдөгү сүт эмүүчү жаныбарлар, 330дан ашуун түрдөгү канаттуулар бар. Тоолордогу аюулар, мадылдар, карышкырлар, аркар-кулжалар, кашкулак, түлкү, коёндор жана башка жаныбарлар мекендешет. Канаттуулардан бүркүт, жору, кыргый, улар, жапайы өрдөк, аңыр жана башкалар бар. Кызыл карышкыр, илбирс, Мензбир сууру, варан Табият коргоонун эл аралык биримдигинин кызыл китебине киргизилген. Кыргызстандын Кызыл китебине республиканын аймагынан кездешүүчү жаныбарлардын 61 түрү киргизилген. Ошондой эле Кыргызстан суу жаныбарларына бай. Балыктардын 50дөн ашык түрү кездешет. Алардын ичинде осман, маринка, сазан, форель, сиг, судак, акамур бар. Булардын 12 түрү өнөр жайлык негизде кайра иштетилет.

Отун-энергетикалык ресурстар

Кыргызстандын аймагынан таш көмүр, газ, мунай кендери табылган. Алардын ичинен эң көбу таш көмур кени. Анын запасы боюнча Кыргызстан Борбордук Азияда алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Суу ресурстары региондун экономикасын өнүктүрүүгө зор таасир көрсөтүүчү эң маанилүү табигый ресурс болуп саналат. Жергиликтүү агын суу менен камсыздоо боюнча, жылына бир кишиге эсептегенде, Кыргызстан региондун башка мамлекеттерине караганда көп эсе жогору.

Табигый байлыктар

Кыргызстан табигый ресурстарга да бай. Мунай, газ, кара жана түстүү металлдар, баалуу металлдар жана башка казылып алынуучу пайдалуу кендер дүйнөлүк масштабда атаандаштыкка жөндөмдүү. Кыргызстанда эң ири мөңгү - Түштүк Эңилчек, Кантеңир тоосуна кирет. Узундугу 58,9 чакырым, туурасы 2-3 чакырым, аянты 613,2 чакырым, орточо калыңдыгы 300-400 метр.

Эң чоң ойдуң - Фергана өрөөнүндө. Узундугу 340 чакырым, эң жазы жери 160 чакырым, аяңты 22000 чакырым.

Эң узун өрөөн - Нарын өрөөнү. Ал эки нарын капчыгайынан Фергана өрөөнүнө чейин созулат. Узундугу 470 км.

Аянты боюнча эң чоң облус Нарын облусу. Жалпы аянты 45,2 миң чарчы/чакырым. Мында 5 район, 1 шаар, 2 шаарча, 130 айыл-кыштак болуп, калкынын саны 249,1 миңди түзөт.

Эң чоң район - Атбашы району, аянты 19,1 миң чарчы/чакырым.

Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдөгү ири алтын кендеринин бири - Кумтөр. Алтындын геологиялык запасы 300 тоннага жакын, Деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийиктикте жайгашкан. Кендин ачылган жылы 1978-жылдын 9-ноябры. 1997-жылы андан алгачкы 132 тонна алтын казылып алынган.

Эң ири автомагистрал Бишкек-Ош жолу. Узундугу 650 чакырым, анын 300 чакырымы тоо аркылуу өтөт. Ага 100дөн ашык көпүрө курулган. Андагы Суусамыр туннелинин узундугу 2,5 чакырым аралыкка созулат. Жол 1965-жылы ишке берилген.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)