Кыргызстандын айыл чарбасын коллективдештирүү

Кыргызстанда жана СССРдин башка аймактарында социализмди куруунун маанилүү шарты болуп айыл чарбаны социалдык кайра уюштуруу жолу менен коллективдештирүү саналат. Булардын биринчи биригүүлөрү Совет бийлигинин орношу менен пайда боло баштаган. 20-жылдары эле түзүлгөн биринчи айыл чарба артельдери жана комунналары миңдеген дехкан чарбаларды кайра уюштурууда олуттуу өзгөрүүлөрдү жүргүзүүгө күчү жеткен эмес, бирок алардын чарбаны коллективдүү жүргүзүүдөгү тажрыйбасы чоң мааниге ээ болгон. Коллективдүү чарба жүргүзүүнүн жакшы жактары бар экенин биринчи кооперациянын жөнөкөй формасын колдоонуу менен ынанышкан. Кыргызстандагы айыл чарбаны коллективдештирүү саясый, экономикалык жана социалдык себептер аркылуу шарттаган. 1927-жылдын аягында Кыргызстанда 178 миң көрсөткүчтөрү абдан төмөн жеке менчик чарбачылыктар болгон. Айыл чарбасындагы социалдык сектор 2 пайызды түзгөн.

ВКБнын 15-съездинде (1927-жылдын декабрь айы) айыл чарбасын коллективдештирүү боюнча, жөнөкөй жер иштетүүдөн жаңы ыкмаларды жана эмгектин жаңы формасын колдонуу аркылуу ири социалисттик өндүрүүлөр боюнча дүйнөлүк тарыхый чечим кабыл алынган. Социалисттик айыл чарбасын кайра уюштуруунун республика шартындагы негизги бөлүгү болуп көчмөн жана жарым көчмөн чарбалардын отурукташуусу болгон. Мурда Кыргызстандын малчыларына, Сибир, Орто Азия, Казахстан элдери сыяктуу көчмөн жашоо мүнөздүү болгон. Көчмөн жашоодон туруктуу жашоого өтүү калктын өнүгүүсүнүн прогрессивдүү фактору болуп, туруктуу жашоого өтүү көп убакыттарга созулган. Малчылардын туруктуу жашоого умтулуусу абдан жай болсо да, Кыргызстандын эмгекчил элинин нукура кызыкчылыктарын революцияга чейин (октябрь революц) эле чагылдырып турган. Отурукташкан чарбачылыктар мамлекет тарабынан эч кандай жардам көрбөстөн, көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрүүгө туура келген. Жыйынтыгында революцияга чейинки Кыргызстанда калктын 90 пайызы көчмөн жашоо образын уланта берген. Улуу Октябрдын жеңишинен кийин гана, жерлерди улутташтыруунун башталышы себеп болуп, турукташуу же отурукташуу процесси күчүнө кирген.

Коммунисттик партия жана Совет бийлиги туруктуу жашоого өтүүнү экономиканын жана калктын маданий абалын жакшыртуунун шарты катары да карабастан, совет коомунун түзүлүшүн бекемдөөгө түрткү болуучу саясый фактор катары карашкан. Отурукташууга барынан жакыр келген чарбачылыктар муктаж болгон. Алардын көпчүлүгү, мал-жаны жок болгондуктан айдоо аянттарын өзүлөрүнө бекитип, бай-манаптардан көз каранды болуу максатында жер иштетүүгө умтулушкан. Бирок революцияга чейин мындай иш-аракеттер мүмкүн эмес эле. Совет бийлигинин учурунда гана отурукташуу Совет бийлигинин колдоосу менен демилгеленип жана жөнгө салынып турган. Отурукташуунун биринчи бөлүгү (20-жылдары) Совет бийлигинин Кыргызстанда орношун туташ коллективдештирүүнүн башталышына чейинки мезгилди камтыйт. Эң биринчи көчмөн чарбалардын дээрлик көпчүлүгү 1921-1922-жылдардыгы жер-суу реформа мезгилинде отурукташып калган. Кедей көчмөндөрдүн көпчүлүгү бийликтен айдоого жарактуу жер үлүштөрүн, көчмөн кулактардан конфискацияланган айыл чарба шаймандарын, үйлөрдү алышкан. Ошол эле убакта Пржевальск уездинде 22 туруктуу кыштак (346 чарбачылык), Пишпек уездинде 30 айыл уюшулган (1475 чарбачылык). Отурукташуунун экинчи бөлүгү 30-жылдаргы таандык жана өлкөнүн индустриализациясы, материалдык-техникалык базаны түзүү, айыл чарбаны реконструкциялоо жана коллективдештирүүнүн башталышы менен байланыштуу.

Кыргыз АССРинин 1931-жылдын 3-апрелиндеги чечими менен Республикалык отурукташуу комитети түзүлгөн. Отурукташуунун өндүрүш тарабы Наркоземге, Колхозсоюз, район кенешин исполкомуна жүктөлгөн. 1928-жылы (Чынгыз Айтматов төрөлгөн жылы) республикалык Колхозцентр жана анын жергиликтүү органдары (1928-1932-жылдар) уюшулуп, колхоздордун организациялык башкармалыгын жүзөгө ашырып турган. Жылдан-жылга колхозго кирген дыйкандардын саны көбөйгөн. Эгер 1927-жылы 132 колхоз 2873 чарба болуп бириксе, 1928-жылы коллективдүү чарбанын саны 287 жетип, ага 5730 чарба кирген. 1929-жылы 781 колхоз иштеп, анда 30 миң жеке чарбачылыктар бириккен.

Колхоз кыймылынын уюштуруучулары болуп коммунисттер саналып, алар биринчилерден болуп колхозго киришкен жана өзүлөрүнүн артынан дыйканчылыкты да тарткан. Кыргызстанда туташ коллективдештирүүнү ишке ашырууга мүмкүндүктөр түзүлгөн. 1930-жылдын 5-январында ЦК ВКБ 'Коллективдештирүүнүн темпи жана колхоз курулушуна мамлекеттин жардам берүү чарасы' токтомун кабыл алган. Кээ бир райондордун өзгөчөлүктөрүн жана алардын Кыргызстандагы коллективдештирүү кооперативдештирүүго даярдыктын орточо убактарын эске алуу менен, башка улуттук райондордогудай эле биринчи беш жылдыктын аягына белгиленген (1933-жыл). Кыргыз парторг ЦК ВКПнын токтомун ишке ашыруу менен, биринчиден туташ коллективдештирүү жүргүзүүгө 6 жер айдоо райондорун белгилеген: Базаркоргон, Араванбуура, Приозерный, Беловодск, Калининск жана Кировск райондору. Колхоздорду уюштуруу, алардын биринчи ийгиликтери, эмгек өндүрүштү жогорулатуу жана дыйкандардын жашоо абалын жакшыртууда зор мүмкүнчүлүктөрдү ачкан. Бирок ал мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу оңой эмес болгон - дехкандардын коллективдүү эмгектин мүмкүнчүлүктөрүн, жаңы техникаларды колдонууну, өзүнүн материалдык абалын жакшыртууну, маданий деңгээлин жогорулатууну түшүнүүгө көп убакыт талап кылынган. Коллективизацияны жүргүзүүдө жана колхоздордогу чарба-уюштурууну бекемдөө максатында айылга жиберилген 1930-жылкы фабрика-заводтук, партиялык жана профсоюздук мекемелер менен завод-фабрикалардын алдыңкы коллективдери - 'жыйырмабешмиңдиктер' чоң мааниге ээ болгон.

Кыргызстанга 219 адам келген. Жана алардын ордун республиканын эмгекчилери баскан. Жыйырмабешмиңдиктердин көпчүлүгүн колхоздордун төрагасы тарабынан тандалып, дагы бир бөлүгү айыл кеңештеринин төрагасы тарабынан тандалган. Булар айыл чарбасынын социалисттик кайра уюшуу жана эмгекчилер менен дыйкандардын бирикмесин бекемдөөдө зор жумуштарды жасаган. ЦИК жана СНК Кыргыз ССРи 1930-жылдын 9-мартында 'Туташ коллективдештирүү райондорундагы байлар жана кулактардын чарбаларын жок кылуу тартиби жөнүндө' көрсөтмө кабыл алган.

Байлардын жана кулактардын мүлкүн, малын конфикациялоо кулактардын жана байлардын иши боюнча республикалык комиссиянын өзгөчө өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлүп, жергиликтүү кеңештин, колхоздун кедей-батрактар тайпаларынын исполком өкүлдөрү катышкан. Коллективдештирүүнүн жүрүшүндө республиканын кээ бир райондорунда кулактардын каршы чыгыштары жана басмачылардын башталыштары жок кылынган. Байлар жана кулактардын туруктуу каршылык көрсөткөндөрү партиянын айыл чарбасынын социалисттик кайра куруу иш-чаралары, коллективизация райондорунан башка жакка көчүрүлгөн. Коллективдештирүү учурундагы көчмөн мал чарбачылык райондорунда, тиричилик шарттарын эске алуу менен биринчилерден болуп жерди Биргелешип Иштетүү Шериктештиги (БИШ) уюшулган. Туташ коллективдештирүү мезгилиндеги күрөштө жана андан аркы жылдары туруктуу жашоо шартына 300миң көчмөн чарбалыктар өткөн.

Отурукташуу райондорунда 1938-жылы 842 колхоз уюшулуп, ошол кездеги бардык шарттар менен жабдылган 300 кыштак пайда болуп, 34 миңден ашык үйлөр курулган. Тиричилик көчүүлөр (бардык кыштак жашоочуларынын көчүүлөрү) өндүрүүгө алмашып, мал-жан менен көчүүдө атайын малчы бригадалар чогу жүргөн, ал эми айылдын калган эмгекчилери колхоз-совхоздо жашашкан. Коллективдештирүү менен коштолгон отурукташуу айылдагы капиталисттикке чейинки салттарды жеңип чыгуу тарыхый зарыл шарт болуп, жер иштетүүдөгү тууганчылык мамилелердин социалдык негизин үзүп, натуралдык ээлик кылуу формасын жок кылууга алып келген. Ленин кооперативдик планын жана туруктуу жашоо шартына өтүүнү ишке ашыруу мал-жан менен тиричилик кылган калктын жашоо тартибин түп тамыры менен өзгөрткөн. Мунун баары андан аркы айыл чарба өндүрүшүнүн көтөрүлүү мейкиндигин ачып, Кыргызстандын эмгечилеринин материалдык абалын жакшыртууга жана маданий деңгээлин көтөрүүгө алып келип, социализмди куруудагы болгон күч кубаттарын активдештирген.

1938-жылдын башында 98 пайыздан ашык дыйкандар колхоздордо болгон. 1939-1940-жылдары Биргелешип Иштетүү Шериктештигидеги (БИШ) адамдардын айыл чарба артельдин Уставына өтүү ишке ашырылган. Колхоз талааларында 4400дөй трактор, 600дөн ашык комбайн жана 2000 жүк ташуучу автомобиль иштеп турган. Айыл чарбадагы өндүрүү процесстери күндөн-күнгө механизациялаштырылып, эмгек өндүрүмдүүлүк жогорулап, дыйкандардын маданий-матриалдык абалы жакшырган. 1940-жылдардын башында негизинен көчмөн жана жарым көчмөн кыргыз чарбаларын отурукташтыруу аяктаган.

Майда индивидуалдык дыйкан чарбадан чоң социалисттик колхоз өндүрүшкө өтүү айыл чарбасынын өндүрүшүн зор жогорулашынын перспективасын түзгөн.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)