Кыргызстандын айыл чарбасы

Кыргыз Республикасынын айыл чарбасы биздин өлкөнүн экономикалык ишмердигинин негизги жана артыкчылыктуу түрү болуп эсептелет, анын үлүшүнө ички дүң, продуктунун болжол менен 30 проценти туура келет. Мамлекеттин агрардык саясатынын негизги максаты болуп өлкөнүн азык-тулук коопсуздугун жана экспорттук потенциалын камсыздоочу натыйжалуу атаандашууга жөндөмдүү айыл чарба өндүрүшүн түзүү саналат. Айыл чарба продукциясынын негизги өндүрүүчүлөрү болуп калктын фермер чарбалары жана жеке менчик көмөкчү чарбалар эсептелет. Алардын үлүшүнө өндүрүлгөн продукциянын 97 пайызы туура келет.

Мамлекеттик чарбалар айыл чарба продукцияларынын бүткүл көлөмүнүн 0,7 пайызын, коллективдүү чарбалар 2,7 пайызын чыгарат. Республиканын айыл чарбасы негизинен дан чарбалары, жашылча жана картошка өстүрүү, техникалык өсүмдүктөр - пахта, тамеки жана кант кызылчасын өстүрүү өнүккөндүгү менен мүнөздөлөт. Кыргызстандын салкын климаты, шалбаалуу жакшы жерлери жана жайыттары бар тоолуу жерлер мал чарбасын, айрыкча кой, жылкы жана топоз чарбаларын өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түздү. Азыркы убакта республикада малдын жана үй канаттууларынын негизги түрлөрүнүн башынын көбөйтүү тенденциясы байкалат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)