Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыргызстандагы саясый абал жана орус-кыргыз мамилелери

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Кыргызстандагы саясый абал жана орус-кыргыз мамилелери

18-кылымдын аягы - 19- кылымдын ортосунда кыргыз коомчулугу татаал процесстерди башынан кечирип жаткан. Кыргыздардын бирдиктуу мамлекеттик тузулушу болбостон, географиялык шартка жараша, бир топ саясий кошуундардын таасиринде жашап туруучу. Туштук кыргыз уруулары 18-кылымдын аяк жагында Фергана, Памир, Тоолуу-Бадахшан, Оротобо, Жызак, Кожент чолкомдору Кокон мамлекетине биротоло бириккенине себептуу анда тиричилик кылган кыргыз калкы хандыктын туруктуу элине айланып калган. Кыргызстандын тундук болугу ал убакта ар бири оз алдынча бийлик жургузушкен уруу башчыларынын - чон манаптардын кол алдында эле. Мисалы, Сарыбагыштан - Тынай, Атаке, Эсенгул, Ормон, Бугудан - Карга, Бийназар, Менмурат, Боромбай, солтодон - Тулоберди, Жайыл, Канай, Жангарач, Саяктан - Садыр хан, Жанболот, Качыке, Тайлак, Саруудан - Бердике, Туума бий, Кушчудан - Жетим бий, Бурго баатыр, Мундуздан - Тыныбек жана башкалар оз алдынча бийлик жургузуп турушкан.

19-кылымда азыркы Чуй жергесинде сарыбагыш, солто, Ысыкколдо - бугу, саяк, сарыбагыш, Нарында - монолдор, черик, басыз, сарыбагыш, чекир саяк, азык, Таласта - кушчу, саруу, кытай, жетиген, Жалалабатта - багыш, мундуз, саяк, Ошто - адыгине, мунгуш, найман, тейит, Баткенде - тоолос, оргу, жоокесек, бостон, ават, кесек, канды, тейит, найман ж. б. жашаган. Ички уруу кошуунуна кирген кыргыз уруулары Озбекстандын, Тажикстандын, Афганистанга кирген Памирдин Кыргызстанга чектеш жерлеринде жашашкан. Чыгыш Туркстанда басыз, саяк, чон багыш, тоолос, солто, сарт, тейит, найман, кыпчак, бугу, черик, нойгут, башкача айтканда ичкилик, он, сол кыргыз урууларынын аз-аздан окулдору жашаган. 18-кылымдын аягынан Тундук кыргыздарга Кокон хандыгы да кысым корсото баштаган. Бул абалда бир нече кыргыз бийлери Россия менен мамиле тузуп, анын колдоосуна ээ болуу менен гана оздорунун бийлигин, саясий оз алдынчалыкты сактоо болот деп тушунушкон. Россия менен саясий байланыш тузуу аракетин алгач Чуй боорунда тириилик кылган Сарыбагыш уруусунун бийи Атаке баатыр кылган.

[ushka=seredina]

Ал кезде Россияга баруучу биринчи адамдар Шергазы жана Абдырахман Кучак уулу болгон. 1785-ж. 23-августунда Омскиге жеткен кыргыз калкынын элчилери Сибирь генерал-губернаторуна Атаке баатырдан кат ошондой эле эки аргымак, Екатерина IIге атайын расмий кат, бир кул, уч илбирстин жана беш сулоосундун терисин белек катары тартуулашкан. Элчиликтин башкы максаты Россиянын колдоосуна ээ болуу, Борбордук Азиядан жана Чыгыш Туркстандан Россияга карай чыккан соода-сатык кербендеринин маршрутун озгортуп, Кыргызстан аркылуу отуусун камсыз кылуу болгон. 1785-ж. 29-декабрында Петербургга келишкен кыргыз элчилерин, Екатерина II 1786-ж. 15-мартта гана кабыл болот. Атаке баатыр элчилеринин келишин кутпой эле, 1788-ж. жай мезгилинде Омскиге Сатынбай Абдрахман уулу башында турган экинчи элчиликти жиберет. Россияга барган элчилер оздорунун милдетин ийгиликтуу ишке ашырган.

Кыргыз-Россия ортосунда туруктуу байланыш тузулбосо дагы, дипломатиялык мамилелердин калыптанышына биринчи кадам жасалган. 1825-ж. кузундо Жыргалан суусунун боюнда Бугу уруусунун бийлери чогулушуп, Россиянын же Кокондун букаралыгын кабыл алуу маселесин талкуулашып, Россияга кошулуу жонундо чечим кабыл алынат.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 7412, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-05-17
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу