Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Кыргызстандагы металлдар

Кыргызстандагы металлдар. Кыргызстанда темир, титан, ванадий кендери бар. Темир кендеринин ичинен чөкмө-метаморфизмделген кендердин тиби арбын көлөмдө. Нарын шаарынан 30 км чыгышта Жетим темир кен бассейни башталып, Чоң Нарын суусун бойлоп 70 км ге созулуп жатат. Жалпы запасы бир нече млрд. т. Дүйнөдөгү темир кендеринин басымдуу көпчүлүгүндө кезиккендей, бул жерде да негизинен темирлүү кварцит формациясынын түрү кездешет. Республиканын көптөгөн жерлеринен скарн-магнетит кендери жолугат. Мындай кендердин запасы анча чон болбойт. Магнетиттин чакан-кендери Кемин, Чаек, Сумсарда, Талас жана Нарын шаарларынын тегерегинде кездешет. Темир менен кошо ал кендерде алтын, платина жана башка металлдар да аз-аздан жолугат.
Талас шаарына жакын жерлерде титан-магнетит кендери белгилүү (Бала-Чычкан, Кичи-Кайыңды). Алардан темир, титан, ванадий алууга болот. Темир кендеринин байлыгы боюнча Кыргызстан КМШда төртүнчү орунда (Россия, Казакстан, Украинадан кийин) турат.
Алюминийди бокситтен, нефелиндүү сиениттен, андалузит-силлиманиттүү сланецтерден, алуниттен, коалинден алууга болот. Бокситтердин чакан кендери Түштүк Кыргызстанда да бар. Нефелиндүү сиениттер Сандык, Зардалыда кездешет.
Вольфрамдын скарн жана гидротерм түрүндөгү кендери Соң-Көлдөн Сары-Жазга чейин Тянь-Шандын негизги структуралык сызыгы деп аталган жараканы бойлоп кездешет. Алар Кум-Бел, Кашка-Суу, Төрөкелди, Кең-Суу кендери. Аларда вольфрам менен кошо алтын, темир ж. б. металлдар кездешет. Гидротерм кендеринде вольфрам менен кошо калай жолугат. Мындай кендин бири Сары-Жазда орун алган.
Жездин кендери порфир-жез жана скарн түрүндө Кеминдеги Талды-Булак, Сон-Көлдөгү Кум-Бел, Чаткалдагы Боз-Эмчек, Чандалаш тоо кыркасындагы Куру-Тегерек деген жайларда кездешет. Рудалар диорит-порфирит менен гранодиориттердин арасында болот. Мында жездин үлүшү 0,2—0,6% ке барабар. Жез менен кошо алтын, молибден, платиналар кездешет. Кемин шаарчасына жакын Талды-Булак кенинен биринчи иретте алтынды алыш үчүн чалгындоо жүрүп жатат. Куру-Тегеректе да жез менен кошо аталган сейрек жана асыл металлдар кездешет.
Сымап менен сурьма кендери боюнча Кыргызстан дүйнөдө көрүнүктү орунда турат жана алар негизинен Түштүк Кыргызстанда кездешет. Чаткал жана Молдо-Тоодо да ал кендердин чыккан жерлери ачылды. Айдаркен жана Чаувайда сымаптын жосперондук типке кирген кендери орун алган. Сымаптын минералы киноварь менен көпчүлүк учурда сурьманын (антимонит) жана фтордун (флюорит) минералдары кошо жолугат. Сурьманын кендери Кадамжайда, Түндүк Ак-Ташта, Абширде, Терек-Сайда, Чаар-Атта кездешет.
Коргошун, цинк жана жез биргелешип, полиметалл кендерин түзүшөт. Кендер келип чыгышы боюнча гидротермдик жана стратоформдук болуп экиге бөлүнөт. Кыргызстандын аймагында гидротермдик жол менен пайда болгон кендер кеңири таралган. Алар эреже катары металлдардын жогорку концентрациясы менен айырмаланат. Негизги таралган жерлери Талас Ала-Тоосунда: Кең-Шанык, Көркама, Ак-Таш, Көк-Жар, Түндүк Кыргызстанда: Борду, Чолок-Терек, Темир-Төр-Булак, Чаткал кырка тоосунда: Сумсар, Кара-үңкүр, Ак-Башат, Жыргалаң суусунун алабында: Эки-Чат, Чаар-Кудук жана Каркыра. Молибден-ванадий кендери Ортоңку Тянь-Шанда кеңири таралган. Ал кембрийдин көмүртектүү-чопо-кремнийлүү сланецтеринин катмарларында да кездешет. Молибден, ванадий менен кошо рудаларда фосфор, коргошун, уран ж. б. жолугат.
Висмут кендери күмүш, мышьяк менен кошо Күмүштакта (үч-Эмчек кени), ал эми висмут-жез кени Кастекте табылган.
Алтын кендеринен Тогуз-Тородогу Макмал кени иштетилип жатат. Чөкмөлөрдөгү чачыранды алтын Чаткалдан, Касан-Сайдан, Сумсардан алынат. Дүйнөдөгү ири алтын кендеринин катарына кирген Кум-Төр иштетиле баштады. Бул жерден алтын менен кошо күмүш, вольфрам, теллур, платина, полладий жана башка асыл металлдарды алууга болот. Таласта Жер-үй кени иштетиле баштады. Кеминде Талды-Булак кени ачылды жана иштетүүгө даярдалып жатат.
Металл эместердин кендерине курулуш материалдары, таштар — акиташ, мрамор, гранит, сиенит, гипс, чопо, кум-шагыл кендери кирет. Алардын ичинде өзгөчө орунду (Такталык, Нарын-Тоо жана башка) топаз, аквамарин, турмалин, аметист, нефрит, родонит, агат, халцедон, тоо хрусталы, талаа шпаты жана башка асыл жана кооз таштар ээлейт. Курулуш жана имараттарды каптай турган таштардын кендери кеңири таралган. Аларга акиташ, мрамор, доломит, үлүлдүү акиташ, гранит, сиенит, габбро, порфирит, чопо, мергель таштары кирет. Тоо-химиялык чийки заттардын кендери да Кыргызстандын аймагындагы көп жерлерде белгилүү. Аларга слюда, графит, күкүрт, күкүрттүү колчедан, пирит, флюорит, барит, гипс, ангидрит жана башкалар кирет. Карбон мезгилинин карбонаттарынын арасында галит (туз) менен гипс кездешет (Жыргалаң, Карача-Уулу жана башка). Бор мезгилинин катмарларында (Чон-Алай), неогендин чөкмөлөрүндө галит (туз) менен кошо глауберит, мирабилит туздары да кездешет (Чоң-Туз, Тунук-Туз, Шамшыкал, Нооруз, Желди-Суу жана башка).

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)