Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Кыргызстан уран кендери

Кыргызстан совет мезгилинде уран казып алуучу республика болгон. Биринчи советтик радий Төө Моюн кенинен Ата Мекендик согушка чейин эле казып алына баштаган. Кыргызстандагы уран кендери эндогендик жана экзогендик болуп эки типке бөлүнөт. Эндогендик кендер өз ичинен — пегматиттер, нагыз уран кендери, уран-торий кендери болуп үч типке бөлүнөт.

Пегматиттеги уран кендеринин практикалык мааниси жок. Алар негизинен Талас Алатоосунда, Жумгалтоодо, үтрөң массивинде кезигет.

Нагыз уран кендерине Көкмойнок, үтөртуюк кенчелеринин тобу, Капчыгай кендери кирет. Алардагы уран минералдашуусу негизинен настурандан жана уран көөсүнөн туруп, гидротермдик өзгөрүүгө дуушарланган зоналарда топтолгон.

Урандын экзодиагенездик кендерине көмүрлүү чөкмөлөрдөгү чөкмө — диагенездик кендер, карбонаттардагы чөкмө кендер, терриген чөкмөлөрүндөгү инфильтрация кендери, көмүртектүү-кремнийлүү сланецтердеги чөкмө кендер, суу өрөөндөрүндөгү топтолгон аллювий чөкмөлөрүндөгү кендер кирет.

Кыргызстандагы уран кендеринин ичинен уран-көмүр тибиндегиси маанилүү орунда турат. Мындай кендер интрузия тектери (негизинен гранитоиддер) жаткан жерде юра мезгилинде пайда болгон көмүрлүү чөкмөлөрдө орун алган. Бул типтеги кендер Түндүк Кыргызстанда жайгашып, бардык белгилүү кендери (Тууракабак тобу, Кажысайдагы Жел кени) казылып алынган. Карбонат катмарларындагы чөкмө кендер Түндүк Ферганада жайгашып, бул типтеги кендер (Майлуусуу, Шакаптар ж. б.) дагы толук казылып алынган.

Кыргызстандагы терриген чөкмөлөрүндөгү инфильтрациялык уран кендери өнөр жайлык мааниде болушу ыктымал. Бул типке Чүй облусундагы Серафимовка кенчелер тобу мисал болот. Кенчелер тобу Норус, Желдисуу, Борбордук жана Сарыжыгач аталган 4 участкадан турат. Алардын ичинен маанилүүсү Желдисуу участкасы. Уран минералдашуусу неоген мезгилинде пайда болгон алевролит, акиташ тектүү чопо жана мергелден турган катмарлар менен байланыштуу.

Көмүртектүү-кремнийлүү сланецтердеги кендердин эң орчундуусу Тескей Алатоонун чыгыш бөлүгүнүн түштүк капталындагы Сарыжаз кендер тобу болуп эсептелет. Ал жердеги беш участкада уранга байланыштуу иш жүргүзүлүп, алардын ичинен негизгиси жана дурусураак чалгындалганы Бакыттуу (Счастливый) участкасы.

Аллювий чөкмөлөрүндөгү урандын чачынды (россыпь) кендеринин өнөр жайлык мааниси бар. Мындай кендердин ирирээги Ысык-Көл облусундагы Кызыломпол чачындылар тобу болуп саналат. Ал Ташбулак, Баке, Узунсай, Оттук жана Түндүк аталган беш участкадан турат. Уран-торий кендерине Котуртөбө ж. б. кендер кирет. Мында руда сиенит интрузиясы менен акиташ тегинин контактысында кездешет. Уран-торий минералдашуусу титанаттардан туруп, сиениттеги майда жаракалардагы ичке тарамчалар түрүндө жатат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)