Кыргызстан театр ишмерлер союзу

Кыргызстан театр ишмерлер союзу - республиканын театр ишмерлерин бириктирген коомдук-чыгармачылык уюм.

2013-жылдын 9-октябрында Кыргызстан театр ишмерлер союзу театр искусствосу коомдук академиясын түзгөн.

Бул коомдук академиянын мүчөлөрүн шайлоо баардык театр-оюн-зоок мекемелеринде жүргүзүлгөн.

Кыргызстан театр ишмерлер союзунун театр искусствосу коомдук академиясынын академиктигине 40 жаштан жогору, театр өнөрүндө өзүнүн аты, чыгармачылык жүзү бар абройлуу театр инсандары шайланган.

Кыргызстан театр ишмерлер союзунун театр искусствосу коомдук академиясынын президенти көрүнүктүү театр жана кино актеру Темирлан Сманбеков.

Кыргызстан театр ишмерлер союзунун театр искусствосу коомдук академиясын академиктери:

Артисттер:

Режиссерлор:

Драматургдар жана сынчылар:

Сценографтар:

Жетекчилер:

(Аббревиатуралардын чечмелениши: КР - Кыргыз Республикасы, УИА - улуттук илимдер академиясы, э. а - эл артисти, э. с. - эл сүрөтчүсү, э. ж.- эл жазуучусу, м. э. с. и. - маданиятка эмгек сиңирген ишмер, э. с. а. - эмгек сиңирген артист, КУАДТ-Кыргыз улуттук академиялык Т. Абдумомунов атындагы драма театры, КУОБТ - Кыргыз улуттук академиялык А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театры, КУОДТ – Кыргыз улуттук Ч. Айтматов атындагы орус драма театры, ОУДТ – Ош улуттук С. Ибраимов атындагы кыргыз драма театры, ТЮЗ – Кыргыз мамлекеттик Б. Кыдыкеева атындагы жаш жеткинчектер театры).

Академиктер добуш аркылуу Кыргызстан театр ишмерлер союзунун улуттук "Эргүү" театр сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн аныкташат.

Түзүлгөндөн берки эки жылдын аралыгында академиктер эки ирээт "Эргүүнүн" жеңүүчүлөрүн аныкташты.

2014-жылы февраль айында Кыргызстан театр ишмерлер союзу улуттук "Эргүү" театр сыйлыгын уюштурган.

Ошол эле жылдын март айынан тартып "Эргүүнүн" кошо уюштуруучусу катары "Айтыш" коомдук фонду да санлат.

Ал эми 2015-жылдын январь айында Кыргызстан театр ишмерлер союзу менен Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин меморандуму менен "Эргүү" сыйылыгынын кошо уюуштуруучусу катары Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги да эсептелет.

Сыйлык төмөнкү номинациялар боюнча жеңүүчүлөргө тапшырылат:

Акыркы номинация театрга эмгегин арнашкан гримерлор, режиссердун жардамчылары, жарык берүүчлөр, бутафорлор, труппа башчылары, реквизиттер, костюмерлер, театр кийимдерин тигүүчүлөр ж. б. у. с. кошумча чыгармачыл составдын өкүлдөрүнө ыйгарылат.

2014-жылдын февраль айынан тартып Кыргызстан театр ишмерлер союзу режиссура, драматургия жана грим адистиктери боюнча чыгармачыл өнөрканаларды (творческие мастерские) уюштурган.

Режиссура боюнча чыгармачыл өнөркананын жетекчилигине көрүнүктүү режисссер Барзу Абдуразакков, драматургия боюнча чыгармачыл өнөркананын жетекчилигине Жаныш Кулмамбетов, грим боюнча чыгармачылык өнөркананын жетекчилигине Гүлнар Суранчиева дайындалган.

2014-жылдын декабрь айында грим боюнча чыгармачыл өнөркананы сегиз бүтүрүүчү аякташты.

2015-жылдын март-апрель айларында режиссура жана драматургия боюнча чыгармачыл өнөрканаларды он беш бүтүрүүчү аяктап чыгышты.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)