Кыргызстан тарыхы

Кыргыз элинин калыптанышы. Кыргызстандын азыркы аймагы узак тарыхый процесстин натыйжасында аныкталган, жана "Кыргызстан тарыхы" бул жаатта көптөгөн жолду басып өттү. Байыркы жана орто кылымдагы Кыргызстандын этникалык тарыхы жана кыргыз элинин эл болуп кошулушу Тянь-Шань жана Түштүк Сибирдин жалпы тарыхынан бөлүп кароо болбойт. Анткени, бул аймактар байыркы көчмөн калктын миграция агымдарына тыгыз байланыш болчу. Тарыхый майданда кыргыздар байыркы доордо эле пайда болгон. Кыргыздар жөнүндөгү биринчи эскерүү-айтуулар биздин заманга чейин 201-жылы гяньгунь аталаган кытай булактарында болгон. Кыргыз элинин калыптануусу боюнча ар кандай ойлор бар. Бирок кыргыз элинин калыптанышынын жалпы концепциясы 3 негизги компоненттен турат.

-Аймактык европеоид, негизинен Тянь-Шань элинин түрк тилдүү эли.

-Түштүк Сибирдин түрк тилдүү монголоид уруулары.

-Борбордук Азиянын монгол тилдүү уруулардын бөлүгү.

Рассалык түрү боюнча кыргыздар түштүк сибир монголоид рассачасына кирет, ал биздин замандын 1 миңдиктин экинчи жарымында куралган. Азыркы кыргыздын түрү биздин замандын 13 кылымында пайда боло баштаган. Негизги физикалык түпкүр - Түштүк Сибирден чыккандар. Кыргыз тили болсо түрк тилдүү элдердин кыпчак тобуна кирет. Башка классификация боюнча кыргыз тили алтай, казак, каракалпак жана ногойлор менен бирге жаңы тилдерге кирет.

Кыргыз элин калыптануусундагы 3 негизги бирикмеси, уруусу, же канаты: сол канат, оң канат жана ичкилик.

14-кылымдын аягы, 15-кылымдын башы - кыргыз элинин калыптануусундагы кескин учуру болгон. Бул Тянь-Шаньдын бардык аймагындагы жана Алтайга чейинки аймактагы мал баккан элдердин Тимурид жоокерлери тарабынан тукум курут кылуусуна байланыштуу. Чыгыш Тянь-Шанда жайгашкан Кыргыз жана Казак уруулары мындай баскынчылыктан азыраак жабыркашкан. Аларда консолидация процесси жүрүп жаткан эле. Ошентип, 15-кылымдын ортосунда мамлекет түзүлөт - Кыргыз хандыгы. 15-кылымдын аягында кыргыздар Нарын жана Кашгардан монгол урууларын толук сүрүп чыгарып, натыйжада монголдордун кол салууларын артка кайрып турган жарым кылымдык (орточо 50жыл) согуш жүргүзгөн.

16-кылымдын башы кыргыз элинин калыптанышынын биротоло акыркы жана башкы мезгили болгон. Негизги белгилери болгон алар: коомдук этникалык аң-сезим, калыптанган өз аталышы, аймактын жалпылыгы, элдик тил. Ал убакта кыргыздардын жалпы саны орточо эсеп менен 300 миң адам эле. Ар бир этностой эле, кыргыз эли дагы 16-кылымда этно-маданий өнүгүүнүн натыйжасында белгилүү бир өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Албетте, бул кыргыз элинин дээрлик советтер союзуна киргенге чейин өнүгүүсүнүн тарыхый процесси эле.

Кыргызстан 16-18-кылымдарда

Өткөн кылымдардай эле кыргыздардын негизги иши мал багуу эле. Мал-жанды жылы бою жайытта багышкан. Негизинен жылкыларды жана койлорду багышчу, мүйүздүү малды аз кармашчу, түздүктөрдө төөлөрдү багып, тоолуу аймактарда топоз кармашчу. Жердин анча чоң эмес бөлүгү Фергана, Талас, Чүй өрөөндөрүндө ошондой эле Ысык-Көл ойдуңунда иштетилчү. Көбнүчө таруу жана арпа себишчү, буудай азыраак. Ал убактагы кыргыз чарбасы табигый болуп, аңчылык чоң мааниге ээ болчу. Турмушта колдонулуучу чыгармачылык өнүккөн, көптөгөн буюмдар жогорку көркөм денгээлде жасалган. Бирок мал-чарба шартында өндүрүм күчтөрү жай жүргөн. Ал мезгилде кыргыз коому 2 негизги класстан турган: феодалдар - байлар, манаптар, бийлер жана көз каранды эл - букара. Абдан чоң укуктук жана мүлктүк теңсиздик эл ичинде жашаган: байлар жайыттарды жана айдоо жерлерине ээлик кылып, көп сандаган мал багышкан. Карапайым калк алардан көз каранды болуп, аз сандагы мал багышкан. Өзгөчө катмарды кулдар түзгөн, буларга көбүнчө туткунга түшкөн жоокерлер, кылмышкерлер жана калктын кедей жашоочулары түзгөн. Феодалдык мамилелердин өнүгүшү менен букаранын (карапайым элдин) көз карандылыгы күчөйт.

Көчмөн чарбанын шартында Кыргызстандын ресурстары алсыз болуп кала берген, бирок экономика жана маданияттын кандайдыр бир жогорулашына жетишкен. Кубаттуулуктун күчөшү менен кыргыз феодалдары бийликтин салттуу мурастоосун карманбай, өзүнүн башкаруучуларын көрсөтө баштаган. Мындай башкаруучулардын бири Мухамед кыргыз, ал өзүн эмир атаган. Ал Кыргызстандын монгол хандарынан толук бошотуу күрөшүн жүргүзгөн. Бул мезгилде басып алуучуларга каршы кыргыздар менен казактардын ортосунда саясый-аскер союзу жаралган. 16-18-кылымдарда кыргыз эли йорат хандарына каршы күрөш жүргүзүп келген. Бирок Кыргызстандын мамилелери согушка гана негизделген эмес, эл аралык тарыхый элчиликтер, соода байланыштары, доступ мамилелер болгон. Ислам дини жайыла баштайт. Белгилүү суфий шейхи Ходжа Исхак 180 миң адамды мусулман динин кабыл алдырган. Азыркы мезгилде мындай адамдарды эле экстремист катары кабыл алып, элдер жек көрүп калды.

1747-1749-жылдары кыргыз-калмак согушу өтүп, анда Кыргызстандан калмактар сүрүлүп чыгарылган. 18-кылымдын экинчи жарымында өлкөнүн ички жана тышкы абалы көп өзгөрүүлөргө дуушар болот: чек ара белгиленип, Кыргызстан көз каранды эмес болуп жашай баштайт. 18-кылымдын акыркы төртүлүгүндө Россия менен элчилик байланыштар түзүлөт. 1785-жылы Абдрахман жана Шергазы элчилери Россияга коргоо суранычы менен барышат, алардын суранычына Екатерина-2 оң таасир менен жооп кайтарат.

Кыргызстан Кокон хандыгынын тушунда

19-кылымдын башында Кыргызстан Кокон хандыгынын бийлигине туш болот. Кокон хандыгынын мезгили Кыргызстандын тарыхында салыктардын, кысуулардын, зомбулуктун, көтөрүлүштүн мезгили болуп калды. Кокон хандыгынын баскынчылыгына каршы күрөшкөн башчылардын бири Чүй өрөөнүнүн солто уруусунан чыккан Байтик Баатыр болгон. 1860-жылы Россиянын букаралыгын кабыл алып, кокон баскынчыларына болгон көтөрүлүштү башкарып, орус экспедициялык күчтөрү менен бирге Пишпек, Токмок, Мерке, Олуя-ата чептерин басып алууда катышкан.

Чыгыш Түркстан соода жолдору Кыргызстан аркылуу өтүп, Кокон хандыгы муну өз көзөмөлүнө алууга умтулушкан. Бул мезгилде ислам дини өтө күчтүү тарай баштаган. Кыргыздар кокон ханына салык төлөп турган. Кыргыз калкы бир нече жолу көтөрүлүш кылып, 1873-жылдын күзүндө түштүк кыргыздар кокон хандыгынан зомбулугунан арылуу максатында Россия букаралыгын кабыл алууну чечишкен. Бирок мындай сураныч ишке ашпай калган. Бирок кыргыздардын бир нече ийгиликсиз көтөрүлүштөрүнөн кийин, россия тарап кокон хандыгын орусиянын курамына кошуу менен аларды жок кылууну чечкен.

Россиянын курамына өз эрки менен кирүү

Кулдук укуктуу (крепостное право) жок кылгандан кийин, ири капиталисттик өнөр-жайдын өсүшү менен, Россияга мурункудан дагы сатып өткөрүү базары жана чийки заттын булагы зарыл болуп, андай ресурстун бири Орто Азия эле. Ал эми орто азия элдери, негизинен Кыргызстан, Россияны басып алуучулардан коргоочу жана күчтүү экономикалык өнөктөш катары көрүшкөн. Россияга Кыргызстандын кошулуусу түндүктө тынч өткөн, ал эми түштүктө согушуп тартып алуу менен өткөн. Ал кездеги пашышалык бийлик жаңы административдик бөлүштүрүүнү киргизип жатканда, кыргыз элинин өзгөчөлүгүн эске албай, бул кошумча көйгөйдү жараткан. Облус башчылары падыша офицерлери жана приставдары болгон. Аймактык болуштарты байлар башкарган. Бугу уруусундагы Ысык-Көлдүк кыргыздар 1855-жылдын 17-январында Россия империясынын букаралыгынын антын кабыл алган. Бугу уруусунун манабы Боромбай Бекмурат уулу болчу. 1844-жылы ал элчиликти Батыш-Сибирь губерниясына жөнөткөн. 1853-жылы орус полковниги аттуу чин алат. 1855-жылы Омскийде россия букаралыгын кабыл алуу антын берет.

1862-жылы Россия букаралыгына кирүү суранычы менен Чүй өрөөнүнүн чыгыш аймагындагы кыргыздар кайрылган. Ушул эле жылы букаралыкты Чүй өрөөнүнүн борборунда жашаган кыргыздар дагы кабыл алышкан. 1864-жылы орус букаралыгын Суусамыр жана Кетмендөбө өрөөнүндөгүлөр кабыл алган. 1864-жылдын 24-декабрында кыргыздын саяк уруусу дагы орус букаралыгын кабыл алган.

19-кылымдын 60-жылдарында кокон хандыгын көпчүлүк ээликтери Россиянын курамына кирген. Кыргызстандын түштүк бөлүгү дагы эле кокон хандыгынын басмырлоосунда болчу. Түштүк кыргыздардын орус букаралыгын кабыл алуусуна умтулуусу түндүк кыргыздар менен биригүү каалоосу эле. Россия түштүк кыргыздардын бардык буракалыкка кирүү сунушун четке кагат. Бул Россиянын көтөрүлүш чыгуусунан коркуп, алынган аймактардын товар өткөрүү жана чийки зат менен камсыз кылуусу канааттандыргандыгына байланыштуу болгон. Түштүк кыргыздардын россиянын курамына кирүүсү 1873-1876-жылдарды болгон көтөрүлүшкө, кокон хандыгынын жок кылынуусу жана анын Россиянын курамына кирүүсүнө тыгыз байланыштуу. Ошол оор мезгилде түштүк кыргыздардын лидери Курманжан датка эле. Ал 50-жыл бою кокон хандыгына каршы, элдин бөлүнүп калганы менен күрөшүп келген. Ал элдин урматына татып, Алай ханышасы аталган.

1876-жылдын 19-февралында император Александр-2 буйругу менен Кокон хандыгынын аймагы Россиянын курамына Түркестан генерал-губерниясынын курамы менен фергана облусу болуп кошулган. Ошентип Кыргызстандын Россияга кошулуусу аяктайт. Ооба "Кыргызстан тарыхы" оңой жолду басып өткөн жок.

Кыргызстан Россиянын курамында

19-кылымдын экинчи жарымында - 20-кылымдын башында Кыргызстандын экономикасына, социалдык-саясый жашоосуна жана маданий өнүгүүсүнө Россиянын курамына өз эрки менен кирүүсү залакасын тийгизди. Алардын маанилүүсү эмгек кылып жаткан кыргыздарды жалпы россиялык революция кыймылына багыштоосу.

1905-1907-жылдардагы революциялык окуялар. Кыргызстанда биринчи Россиядагы буржуаздык-демократиялык революциянын түзүүчү бөлүгү болчу. 20-кылымдын башын Кыргызстан Россия империясынын экономикасы начар өнүккөн аймагы эле. Кыргыз дехкандыгынын абалы оор болчу. Падышалыктык көчмө саясаты айылдык эмгекчилерди суудай зарыл болгон жерлеринен ажыратты. Дыйкандардын көпчүлүгү кол жууп отуруп кала берди. Элдин жакырлыгы аларды падышалык жана аймактык зомбокерлерге каршы күрөш жүргүзүүгө түртө баштады. Кыргыз дыйкандарынын чыгуулары стихиялык жана уюшкандыгы жок болуп жатты. Алар феодалдык жана колониалдык кордукка каршылыгын көрсөтүшүп, 1905-жылдын күзүндө Пишпекте көп элдүү саясый митингдер өттү. Кыргызстандагы революциялык кыймыл жергиликтүү социал-демократиялык топтор жана уюмдардын таасири алдында күчөй берди. Бирок, уюшкандык жок болгонуна байланыштуу жана дыйкандардын санынын аздыгы, жергиликтүү социал-демократиялык уюмдардын алсыздыгы, ошондой эле патриархалдык-феодалдык мамилелердин өкүм сүргөнүнө байланыштуу Кыргызстандагы революциялык кыймыл европалык Россиядагыга караганда алсыз өнүгүп жатты. Революциялык окуялардын жүрүшүндө интернационалдык солидарлуулук бекемделип, орус жумушчуларынын жана кыргыз эмгекчилеринин ортосундагы аскер биримдигинин башатына жол салынды.

Жаңы революциялык көтөрүлүүнүн жылдарында кыргыздардын улуттук-боштондук кыймылындагы революция-демократиялык тенденциялары күч алды.

Биринчин дүйнөлүк согуш эмгекчилердин абалынын кескин начарлашына жана улуттук-колониалдык зомбулуктук бекемделишине алып келет. 1916-жылдын жазында өлкөдө ачкачылык көтөрүлүштөрү өтөт. Бул көтөрүлүштөрдүн мүнөзү аскерге каршы, империяга каршы, кээ бир аймактарда феодалдыкка каршы мүнөздө болгон.

Совет мезгили.

1917-жылдагы февраль революциясы Петрограддагы жеңиштен кийин Кыргызстанда башталып, октябрь революция жеңишинин маанилүү өбөлгөсү болду. Социалисттик революция жеңишинин маанилүүсү эмгекчил массалардын, кенештердин жана профсоюздарын активдүү революциялык иш-аракети болду. Кыргызстанда аткаруу комитеттери, убактылуу өкмөттүн облустук жана уезддик комиссарлары иш аткарып жатты.

Октябрь революциясынын большевиктерди жана эмгекчилерди жеңиши менен Советтик мамлекетти түзүү жана бекемдөө, социализмди куруу, өлкөнү душмандардан сактоо боюнча жаңы маселелер пайда болду. Советтик бийликтин иш-чараларын Кыргызстанда ишке ашыруу патриархалдык-феодал түзүмүнүн болушу тоскоолдук жаратып жатты. Бул оорчулуктарды басып өтүүдө маанилүү рол коммунистикалык партияда эле. Кыргызстанда мурдагы профсоюздар өсүп чыкты - Пишпектеги эмгекчилер жана кол өнөрчүлөр союзу, эмгекчилер союзу жана Оштогу мусулман эмгекчилер союзу. Экономикадагы социалисттик багытты түзүүдө өндүрүмдөгү эмгек көзөмөлүн киргизүү жана өндүрүмдөрдү бөлүштүрүү, жерлерди, өнөр-жай банктарын, транспортту, соода фирмаларын улутташтыруу маанилүү ролду ойногон.

1918-1920-жылдардагы жарандык согуш өлкөнүн экономикасына зор зыян алып келген. Кыргызстандын эл чарбасынын бардык тармактары олуттуу звян тартты. Калыбына келүү мезгилде Кыргызстанда жер-суу реформасы жүргүзүлгөн. Чоң ролду экономикалык саясатка өтүү фактысы ойноду. Жер-суу реформасынын түз уландысы катары жер бөлүштүрүү болду. Кыргыз элининин тагдырында тарыхый ролду 1924-жылы Каракыргыз автомиялуу облусунун түзүлүүсү ойноду. Ал болсо эки жылдан кийин Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасы болуп өзгөргөн.

СССРдин башка аймактарындагыдай эле, социализмди Кыргызстанда түзүүнүн маанилүү шарты айыл чарбанын социалисттик өзгөрүүсү болду.

Маданий революция

Социалисттик курулушта Советтик Кыргызстанда маданият жана идеология жаатында түпкүрү өзгөрүүлөр болду. Кыргыз ССРинде маданий революция ар кандай себептердин натыйжасында ишке ашуусу оор жүрүп жатты. Ал, аймактын экономикалык жана маданий жактан артта калганы менен, көчмөн жашоо образы, сабатсыздык менен түшүндүрүлгөн. 1924-жылы кыргыз элинин жазмасы түзүлгөн. Совет бийлигинин биринчи он жылдыгында сабатсыздык менен күрөшүүгө биринчи кадамдар ташталган. 1926-жылы калктын сабаттуу катмары 15% түзгөн. Партиялык жана советтик уюмдардын күчү менен 1939-жылы Кыргызстандагы 9 жаштан 49 жашка чейинки калктын сабаттуулугу 82% чейин көтөрүлгөн. Совет бийлигинин жылдарында элдик билим алуу системасы турукташып калган. Маданий революциянын өтүшүндө республикада улуттук жазма, мөөр жана маданий-агартуучу мекемелер түзүлгөн.

Совет мезгили жана кайра куруу

Совет элинин 1941-1945-жылдар ичиндеги Ата Мекендик согуш жеңиши СССРдин бекемдигин көрсөттү. Өлкө алдында андан ары өнүгүү маселеси турду. 1946-жылы өлкөнүн өнөр-жайы кыргыз элине жана айыл-чарбага керектүү өндүрүмдөрдү чыгарууга толук өтөт. 1950-жылдары Кыргызстан экономикалык өнүгүүдөгү, материалдык жыргалдыкка жетүүдөгү жана өлкөнүн маданий денгээлинин өсүүсү жаңы ийгиликтерди багынтат. Кийинки он жылдарда кубаттуу экономикалык комплекс түзүлүп, анын негизин көп тармактуу индустрия жана ири айыл-чарба, алдынкы илим жана эмгекчилер жана дыйкандар классын квалификациялуу адистер түзгөн. 60-жылдары Кыргызстанда 150дөн ашык өнөр-жай мекемелери түзүлүп, Орто Азия аймактарына жана Казахстанга стратегиялык жактан маанилүү болгон мекемелер дагы түзүлгөн. Мисал катары айтсак: Токтогул ГЭСи. Айыл-чарбаны механизациялоо денгээли дагы жогорулайт.

70-80-жылдардагы Кыргызстандын негизги өнүгүү жолуу экстенсивдүү (сапаттык эмес сандык) болгон. Бул өлкөнүн экономикасынын туруп калышынынын жана төмөндөшүнүн негизги себеби болгон. Экономикалык жана саясый системанын кайра куруусу же реформасы зарыл болгону ачык болду. Кайра куруудагы чоң ролду "Кыргызстан демократиялык кыймылы" ойноду. Бир нече экономикалык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында экономиканын төмөндөшү бир нече убакытка кармалып турду. Бирок ошого карабастан өлкөнүн экономикалык көйгөйлөрүнүн өсүүсү улана берди. Кыргызстан компартиясы күчүн жоготуп, 1991-жылдагы август окуясынан кийин таратылган. Ошол эле жылы Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев шайланган. 31-августта Кыргызстандын көз каранды эмес декларациясы кабыл алынган. Ал эми 1993-жылы көз каранды эмес декларациясы.

Президенттин демократиялык көз караштары массалык реформаларды көрүнүп турду. Көп сандагы басма сөз ММКлар (массалык маалымат каражаттары) чыга баштады, Россиядагы баалардын либерализациясынан кийин, 2 күндөн өтүп ошол эле реформа Кыргызстанда болот. Кыргызстан көп убакытка чейин приватташтыруу темпи боюнча Россиядан озуп жүрдү. Бирок бул өлкө экономикасынын зарыл болгон денгээлине алып чыккан жок. 90-жылдардын ортосунда инфляция денгээли 100% болгон. Буга карабастан демократиялык реморфмалардын түпкүрү сакталып турду. Кыргызстан бардык СНГ өлкөлөрүнүн ичинен Дүйнөлүк соода уюмуна киргендердин биринчиси болгон.

Өлкө саясатынын негизги көйгөйү президенттин идеализми менен азиа саясатынын катуу эрежелеринин кагылышуусу болду.

2000-жылы калктын үчтөн эки бөлүгү жакырчылык ченеминде болуп, экономикалык реформалар толук кризиске кептелет, ал эми саясый система болсо өлкөнү кризистен чыгарууга мүмкүндүгү жок болот.

Экономикалык жана саясый системанын түшүшү, бийликтин коорупцияга малынышы, калктын жакырлыгы - мунун бардыгы 2005-жылдын 24-мартында Акаевди президенттиктен түшшүрүүгө алып келди. Анын ордуна Курманбек Бакиев шайланып, ал дагы элдик революцияда бийликтен кеткен. Бүгүнкү күндө Кыргызстан өз жашоосун улантып, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн катарында жүрөт. Кийинки "Кыргызстан тарыхы" кандай болот, убакыт көрсөтөөр.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)