Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Кыргызстан көмүр кендери

Көмүр кенинин геологиялык түзүлүшү анча татаал эмес. Таш көмүр катмарлары көбүнчө жука (калыңдыгы 0,5 — 1,3 м) жана орточо калыңдыкта (1,3-2,5 м), күрөң көмүрдүкү калың (3,5 мден калың). Көмүрдүн чалгындалган баланстагы запасынын көбүн штольня, карьер, ошондой эле анча терең эмес (400 мге чейин) шахта менен казып алууга болот, көмүр запастарынын молдугу жана пайдалуу катмарлардын салыштырмалуу туруктуулугу казып алуу жумуштарынын ар кандай түрүн колдонууга жол берет. Чалгындалган көмүр кендеринин көпчүлүгүнүн тектоникалык түзүлүшү салыштырмалуу жөнөкөй, көмүрлүү кабаттарда жанаша жаткан тоотектер бир кыйла бекем, кендерде саркынды суу аз.

Республикада 70ке жакын көмүр кендери жана кенчелери ачылган. Алар 4 бассейнге (Түштүк Фергана, Өзгөн, Түндүк Фергана, Кабак) жана 3 көмүрлүү аймакка (Алай, Алабука-Чатыркөл, Түштүк Ысык-Көл) биригет. Кыргызстандагы көмүр кендери 19-кылымдын аягынан баштап менчик тоо-кен өндүрүүчүлөр тарабынан казып алына баштаган: Ташкөмүр - 1890-ж., Көкжаңгак — 1896-ж., Кызылкыя — 1898-ж., Сүлүктү — 1900-ж.

Кыргызстан 1950-жылга чейин «Орто Азия кочегары» деп эсептелинген: 1942-ж. Орто Азияда көмүр казып алуу 1,7 млн тны түзсө, анын 1,5 млн тсын Кыргызстан өндүргөн, 1945-ж. бул катыш 1,6 млн тнын 1,3 млн тсын, 1950-ж. 2,9 млн тнын 1 млн тсын түзгөн. Совет бийлиги мезгилинде мурда белгилүү көмүр кендери кайрадан дыкат изилденген, ал эми ири Өзгөн ташкөмүр, Кабак күрөң көмүр бассейндери жаңы ачылган. Бир катар кендер дыкат чалгындалып, запастары мамлекетттик баланска алынган, ал эми кийинчерээк изилденген Алай көмүрлүү аймагынын (1,78 млрд т), Өзгөн бассейнинин (0,28 млрд т), Түндүк Фергана бассейнинин (0,36 млрд т) жана Кабак бассейнинин (1,85 млрд т) болжолдуу запастары аныкталган. Жер үстүнөн ачык казып алынуучу энергетикалык көмүрдүн арбын запасы Кабак көмүр бассейнинде топтолгон. Бул бассейндеги көмүр кендеринин эң ириси — Каракече көмүр кени.

Кыргызстандагы көмүр метаморфизмделген даражасы боюнча ташкөмүр жана күрөң көмүр болуп 2 топко бөлүнөт. Ташкөмүрдөн Өзгөн бассейндеги көмүр жогорку сапаттуу. Казып алынып жаткан Ташкөмүр, Көкжаңгак кендердеги ташкөмүр энергетикалык көмүргө тиешелүү болгон жакшы сапаттарга ээ. Энергетикалык муктаждыктарга пайдалануучу Кабак бассейндеги күрөң көмүр кендерине ( Каракече, Акбулак) жогорку сапаттуулук мүнөздүү. Көмүр казып алуу жумуштары негизинен республиканын түштүгүндө — Сүлүктү, Кызылкыя, Абшыр, Алмалык, Көкжаңгак, Ташкөмүр кендеринде жүргүзүлүп келген. Түндүк Кыргызстанда ченелүү өлчөмдө Жыргалаң, Сөгөттү (токтотулган), Каракече кендеринде казып алынат. Көмүр казып алуу өнөр жайынын өнүгүшү Өзгөн жана Кабак бассейндериндеги кендерди өздөштүрүүгө байланыштуу болмокчу.

Түштүк Фергана күрөң көмүр бассейни Түкстан жана Алай кырка тоолорунун түндүк жак этегинде ичке тилке түрүндө созулуп жатат. Батыш чети Исфана (Тегирменсай) суусу, чыгышында Акбуура суусу менен чектелет, түндүк жагы Фергана өрөөнүнүн түзөң бөлүгү, түштүгүнөн тоо этеги аркылуу өтөт. Бул бассейнде Сүлүктү, Шураб, Шуран тобу, үчкоргон, Кызылкыя, Бешбуркан, Абшыр, Алмалык жана Ятан кендери бар.

Алай көмүрлүү аймагы Алай өрөөнүндө орун алган. Мында оңго жакын кен жана кенчелер бар. Бирок алардын ичинен бир гана Кызылбулак кени дыкат чалгындалган жана казып алынууда. Калгандары начар деңгээлде изилденген.

Өзгөн таш көмүр бассейни чыгыштан түндүк-батышка 150 кмге созулуп, эң жазы жери 45 кмди түзөт. Бассейнде 20га жакын кен-кенчелер бар, алардын ичинен Көкжаңгак, Кумбел, Кулданбес, Торгойдөбө, Сокуташ көмүр кендери жана кенчелери казып алынат. Түндүк Фергана ташкөмүр бассейни Майлусуудан Аркытка (Сарычелек) чейин созулат. Мында 7 кен бар, анын ичинен Ташкөмүр, Каратут жана Тегенек кендери дыкатыраак изилденген жана казып алынат, ал эми калган кендери начар чалгындалган.

Кабак күрөң көмүр бассейни Жумгал районунда, Молдотоо менен Түндүк Кабак тоолорунун аралыгындагы Миңкуш жана Каракече өрөөннүндө жайгашкан. Бассейн батыштан чыгышка 75 кмге созулуп, эни 9 кмдей. Бассейнде Көкмойнок, Миңкуш, Кашкасуу, Тууракабак, Акулак, Каракече көмүр кендери бар, мындан башка Сарыгамыш, Кичи Сарыбулак, Көкөмерен, Карачөөлү кенчелери белгилүү. Алабуга-Чатыркөл көмүрлүү аймагы түндүгүнөн Нарын дарыясы, түндүк-батышынан Акшыйрак кырка тоосу, түштүк-батышынан Фергана тоо тизмеги, түштүк-чыгышынан Какшаал кырка тоосу менен чектешет. Ал бири-биринен алыс жайгашкан майда кен-кенчелерден (Аксай, Турук, Торугарт) турат. Алардын ичинен Турук кенчеси гана казып алынууда.

Түштүк Ысык-Көл көмүрлүү аймагы батышынан Кажысай суусу, чыгышынан Каркыра суусу менен чектелип, узундугу 180 км, туурасы 150 — 1500 м. Аймакта Жыргалаң жана Сөгөттү кендери, Жергез жана Сүттүбулак кенчелери бар. Сөгөттү күрөң көмүр кени 1996-жылга чейин казып алынган. Жыргалаң таш көмүр кени казып алынууда.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)