Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Кыргызстан гидроэнергетикасы

1917-жылга чейин Кыргызстанга гидроэнергетика өнөр жайдын өзүнчө тармагы катары дээрлик жок болгон. 1923-жылдан тартып электр энергиясы көчөлөрдү жарыктандыруу үчүн пайдаланыла баштаган, ал эми 1930-жылдан тартып айыл чарбасында пайдаланылат. Кыргыз Республикасынын географиялык абалын жана жаратылыштык-климаттык шарттарын эске алуу менен республиканын аймагы эки өнөр жайлык өнүккөн шаары бар, жети экономикалык облуска бөлүнгөн. Жылуулук жана электр тармактарынын, гидроэлектр станциялардын жана жылуулук электр борборлорунун болушу жыйындысында Кыргыз Республикасынын электр энергетикалык системасын түзөт.

Кыргызстандын энергосистемасы электр энергиясын берүүнү, бөлүштүрүүнү өлкөнүн ичинде гана эмес, кошуна мамлекеттерге экспорттоо, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн энергосистемаларында жыштыкты жөндөөгө жана эң чон, жүктөмдү жабууга катышууга да мүмкүндүк берет. Жалпысынан республиканын энергетикалык балансында олуттуу роль гидроэнергетикага таандык, ал ири гидроэнергетикалык ресурстардын болушу менен байланышкан. Гидроэнергетикалык ресурстар менен жогорку камсыз болуучулук 1980-жылдардын башынан тартып Орто Азия регионунда электр энергиясын ири өндүрүүчү болгон республиканын энергетикалык комплексин тез өнүктүрүүгө шиферный комбинат, «Кумтөр Голд Компани», АО «Бишкексүт», АОЗТ «Шоро», «Кара-Балтинский спиртовой завод» мүмкүнчүлүк берди. Республиканын электр энергетикасы Кыргызстандын экономикасынын өзөгү болуп эсептелет.

Республиканын аймагында жалпы кубаттуулугу 2951 мин кВт/саат болгон 8 гидроэлектрстанцияны (ГЭС) кошкондо жалпы кубаттуулугу 3763 мин кВт болгон 12 электр станциясы жана Бишкек менен Ош шаарларында жайгашкан 4 жылуулук электр станциясы (812 мик кВт/саат) иштейт. Нарын суусунун төмөнкү агымында курулган кубаттуу ГЭСтер беш ГЭСтен турган гидроэлектр станциялардын каскады түрүндө болот. Нарын суусундагы каскаддын эң бир кайталангыс гидроэнергетикалык жана ирригациялык курулмаларынын бири Токтогул ГЭСи болуп эсептелет, ал 1976-жылдан тартып иштей баштаган. Ал чындыгында Кыргызстандын гидроэнергетикасынын флагманы болуп эсептелет.

Станциялардын суу сактагычтары - Борбордук Азиядагы эн чон суу сактагычтар Кетмен-Төбө өрөөнүнүн аймагында жайгашкан. Станциянын өзүнүн жайгашкан жери Борбордук Теңир-Тоо тоолорунун Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү кууш капчыгайында жайгашкан. Нарын каскадынын дагы бир кайталангыс энергетикалык курулмасы Күрп-Сай ГЭСи жана Үч-Коргон ГЭСи болуп эсептелет. Күрп-Сай ГЭСи 1976-жылы ишке берилген. Анын жайгашкан жери Токтогул ГЭСинин бир аз төмөн, кууш капчыгайдан тандалган. Үч-Коргон ГЭСи - гидроэлектр станциялардын алгачкысы. Нарын суусунда темир жолдун Үч-Коргон-Ташкөмүр тарамынан 2чакырым аралыкта курулган. Бул жер 1913-жылы эле инженер Кузнецов тарабынан тандалган.

Үч-Коргон ГЭСинин биринчи агрегаты 1961-жылы 30-декабрда пайдаланууга берилген. Андан сырткары ири ГЭСтерден республикада Ат-Башы ГЭСи, Ташкөмүр ГЭСи жана Шамалды-Сай ГЭСи иштейт. Ат-Башы ГЭСинин гидротүйүнү Нарын өрөөнүндө Ат-Башы суусунун кууш капчыгайында жайгашкан. Ташкөмүр станциясынын жайгашкан жери Жалалабат облусунда, Кара-Суу суусунун Нарын суусуна куйган жеринен бир аз төмөн, кууш тоо өрөөнүндө. Шамалды-Сай станциясы Нарын суусунда Ташкомур ГЭСинен 14чакырым аралыкта жайгашкан. Станциянын белгиленген кубаттуулугу өтө чоң жүктөмдү гана жаппастан суу агымынын энергиясын жайкы мезгилде да чегине чейин пайдалангыдай эсеп менен тандалган. Гидроэнергетиканы андан ары өнүктүрүү, жаны берүү линияларын куруу электр энергиясын Афганстанга, Иранга, Пакистанга, Кытайга жана Россияга экспорттоо үчүн Кыргызстандын артыкчылыктуу милдети болуп эсептелет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)