Кыргыздын аяны - түш баяны жомок

"Түш", " жомок " деген сөздөрдү эшиткенде, кыргыз баласынын эсине дароо "Манас" жомогу, аны айткан улуу жомокчулардын бейнеси келет. Бул тегинден эмес. Себеби, бул дөөлөттөрдүн ички табияты бири-бирине ажырагыс ашташкан. Түш да, жомок да сыр дүйнөсүнө кирет. Түштү адам уктап жатканда көрсө, жомокту өңүндө угат. Түш көбүнчө адамдын алдыдагы жашоосунан белги берип, аян түрүндө көрүнсө, жомок анын артта калган турмушунан кабар айтып, баян түрүндө жашайт. Демек, түштү-уйкудагы жомок, жомокту өңдөгү түш деп сыппаттасак болот. Бул эки абалда тең адам өткөн менен келечектин, чындык менен кыялдын... кандайдыр бир чек ара абалына, жашоонун бейтааныш тилкесине туш келет. Алардагы адаттан тыш кубулуштарды, маалыматтарды аңдап-таануу, алардын төркүнүн туура туюмдап, чечмелөө зарылдыгы пайда болот. Элибизде аларга карата өтө кастарлуу мамиле калыптанган ("Түш чындык эмес, жоруса төгүн эмес", Түш оңолбой, иш оңолбойт",). Жомок аздектелип айтылып, атадан балага мурасталып калтырылган:
"Байыркынын жомогу
Баштаса келер оролу.
Эзелкинин жомогу
Эстебесек болобу". ("Манастан")
Тилекке каршы, бүгүн биз бул дөөлөттөрдүн жеке адамдын тагдырындагы олуттуу ордуна да, жалпы элдин жашоо-турмушундагы баа жеткис маанисине да жеткилең маани бербей келебиз. "Түш" деген сөз эне тилибизде жыйырмадан ашык мааниде колдонулат: 1. Уктап жатканда көргөн элестер, 2.Күндүзгү убакыттын дал ортосу, 3. Бир нерсенин ичине кирүү, 4."Аткар", "Орунда", жаса деген сөздөргө маанилеш этиш сөз ж. б. Бул уңгудан жасалган сөздөрдүн бардыгына жогорудагыдай "чек аралык" маани гана мүнөздүү болбостон ("түштөн мурда", "түштөн кийин"), аларга кандайдыр бир процесстин майнабын, натыйжасын, тыянагын сыпаттоо да мүнөздүү ("түшүнүк", "түшүм","түшүү" ж. б.
Адатта турмушта кездешкен окуялар кандайдыр бир тыянакты талап кылат. Адамдар аларга карата чыгарган тыянагын "акыйкат" деп түшүнөт. Чынында, ал - чындыктын гана бир көрүнүшү. Акыйкат бирөө, чындык көп. Акыйкат дайыма ортодо башкача айтканда, карама-каршылыктар чектешкен, тогошкон, ашташкан жерде. Ошондуктан, эл түшкө анын берген аянына аяр мамиле жасап, аны "мындай болбойт", "бул калп" деп четке какпастан, салты менен жоруп, ага кастарлуу, сыйлуу мамиле кылган.
Түштү жоруу – кубулушка турмуштук маани-маңыз берип, аны оң багытка буруу аркылуу адамдын дилин тазалоо ("Түштүн башы казанбактай, мойну кылдай","Түш бир айткандан бир жоругандан бузулат") . Атүгүл элде жакшы түштү "сатуу" жөрөлгөсү да бар."Катын камыр түшөбөйт, эркек эшек түшөбөйт", бул – түштүн тандагычтык табиятын сыпаттоо. Түштү көрүнгө эле адам каалаган учурда жорубайт, аны кыраакы акылы тетик, тажрыйбалуу, таза, аяр адам жоруш керек. Болгондо да, аны таңга жуук, күн менен түндүн чек арасы – куланөөк кезде жоруган жакшы делет ("Түштү түндө жорубайт", "Жаман түштү сууга айт, агып кетет"). Бул алдыдагы күндүн жолун тазалоо. Ошентип түштүн бардык эрежеси сакталса: туура айтылып, туура жорулса, адам түштүн ээсине тартуу берип (куран окуп, кумандык чалып, баабедин берип ж. б.), ыраазы кылса түш түшөт.
Булар – ата-бабаларыбыздын түшкө маданий кубулуш катары маани бергендигинин айныгыс күбөсү. Бул – "болбогон нерселердин" жетегинде болуу эмес, бул – кубулушту таанып билүү, иликтеп үйрөнүү, анын сырын ачуу үчүн, баарынан мурда, аларга ишенүү, аларды сыйлоо керек экендигин нускаган турмуш сабагы. Эгер биз түштүн касиетин, түштө көргөн дүйнөнү жок деп эсептесек, анда күнүмдүк ыбырсыган тиричилигибиз менен эле коколой башыбыз, башкача айтканда, кара курсагыбыздын кайгысы калат. Башкасын айтпаганда да, түш ата-бабаларыбыздын, ата-энелерибиздин, алыс-жакындарыбыздын арбактары менен алака-катыштын данекер-арачысы эмеспи. Андыктан, жомок да, түш да баарынан мурда, адамга-тирүүлөргө керек.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)