Кыргыздардын жоокердик ыкмасы

Көчмөн кыргыздар согуш өнөрүнүн үч ыкмасын: казатка аттанууну, чабуул коюу жана коргонууну өтө кылдат өздөштүрө билишкен. Байыркы жана орто кылымдардагы кыргыздардын жашоосунда башка уруу, эл менен урушуу, жоого аттануу жөнүндө ажо өзүнүн кол башчылары, акылчылары,

акылмандары менен кеңешип туруп, калайыкка жарлык айткан. Жер-жерлерге уруу башчыларына кат менен чабармандар кеткен. Кол башчылары, ак сакалдар, акылчылар хан ордосуна жыйылган. Кол башчыны каган көтөргөндөй ызаат менен шайлашкан. Кол башчынын сөзү эки болгон эмес.

Ал алдынала токой арасына усталарга жоо жарагын жасатып, эр жигиттерден кароол коюп, жоокерлерди, жортуулчуларды бекиткен. Алыскы жолго шайдоот, тың, сергек азаматтардан кайгуулга жиберилген, бир канча күндүк жолун алдын ала чалып келишкен, көбүнчө жоонун аскерин жалгыздап кармап же жылкычыларын тутуп, алардан сырды, амалды билгенге аракеттенишкен. Каган ооруктун камын жеп, акылман карыдан оорук башы шайлаган.

Кары-картаңды, аялдардын, бала-бакыранын камын ойлошкон. Аларды эгерде жоо келатса токой, тоодогу атайы жасалган коруктарга жеткиришкен. Уруу башы, ар бир жоокер өздөрүнүн урушка даярдыгынын камын жеген.

Майдан алдында үйрөнчүк жоокер он башы, жүз башы, миң башы, түмөн башчыларынын үйрөтүүсүнөн өткөн. Ажо да согуш майданында жоокер катары кол башчыга баш ийген. Каган да, саадакчы да, жаачы да, найзачы да бирдей укукта болгон. Кол башчы аскери тартипти чыңдап, жебекте жалпы кароосун өткөрүп, санак жүргүзүп, сынак кылган.

Муну «Манас» эпосунда айрыкча «Чоң казатта» мыкты айтылган. Кыргыз жоокери узак жортуулга же урушка аттанаарда эң оболу минген атынын камын көргөн, анан кийим-кечек, жоо-жарагынын камын жеген. Күлазыгына куурулган эт, кургатылган кымыздын үрпүн, курут, талкан, сүзмө, актаган таруу ж.б. алган. Кыргыздардын санжырасында, оозеки чыгармаларында жоокердик өнөрдүн салтын, ыкмаларын бабаларыбыз бекем сактаганы айтылат: алар дароо эле душманды капилетте басып алууну жек көргөн. Кыргыздар бирөөлөрдү ач көздүк жана зулумдук менен басып алган эмес.

Адегенде журт башчысы, өзүнүн акылчылары, кол башчылары, баатырлары, бийлөөчү төбөлдөрү ж.б. менен бүтүм чыгарышкан. Андан соң, калайыкка каган жардыгы кеткен.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)