Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Аңыз

Баш барак | Адабият | Аңыз

Мифтик доордо кыргыздардын ааламды, жаратылышты наристе баамдашы, наристе элестетүүсү, карапайым таанымы кыргыздардын мифтик түшүнүгү болуп эсептелет. Ааламга болгон түшүнүгү. Адам жаралган соң андан асман (көк) жер, көк жаралган. «Жараткан тээ асманды (көктү) алты кабат жасап, ага пирлерди, бакыт, кут бардык эле жакшылыктарды ошого жайгаштырган.

Асманга күндү, айды жана жылдыздарды жараткан, Асмандагы ар бир жылдыз жердеги адамдардын жаны болот» деген түшүнүк болгон. Жараткан жердин тегерегине курчай абдан бийик кырка тоо жасап, анын аркы жагына «көйкап» аталган бир орунду жаратыптыр да, көйкапка дөөлөр, маамыттар, сыйкырчылар, желмогуздар, алп кара куш, чынар терек сыяктууларды жайгаштырыптыр.



Көйкаптагылар жер бетине чыгып, инсанатка дайыма коркунуч туудуруп турган, «көйкаптын оозу ачылса» анда тосулуп турган бороон, куюн келип, жер бетине «табияттан сырткаркы күчтөр» деп аталган көйкаптагы коркунучтуу күчтөрдү алып келет деп түшүнүлгөн. Кыргыз мифтеринде көйкаптагы күчтөр менен инсанаттын кагылышы, асмандагы перилер менен инсанаттын байланышы жөнүндө наристе элес-тетүүлөр, образдар жаралган. Демек, кыргыздар ааламды үчкө, атап айтканда, асман (көк), жер, көйкап дегендерге бөлүп, ал орундарды мекендегендерди элестетишкен.

Жайгаштыруу: 2017-08-10, Көрүүлөр: 1565, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо