Кыргыздардын диний ишенимдери. Ислам дининин тарашы

Кыргызстанда патриархалдык феодалдык мамилелердин устомдук кылышы калктын рухий тиричилигинде диндин маанилуу ролду ээлешине себеп болгон. Мусулманчылык менен катар диний алгачкы ишенимдердин калдыктары сакталып келген. Кыргыздардын ичинде тенирге сыйынуу, шаманчылык кучтуу болгон. Кыргызстандын аймагында ислам дини 9-12-кылымдарда таралган. Кыргыздарды мусулмандаштыруу жонундогу тарыхый маалыматтар 16-кылымга таандык «Тарих-и Рашиди», «Мажму ат-таварих», «Жалис жана Муштадин», «Зийа ал Кулуб» жана башка эмгек-жазууларда кездешет. Осмон туркторунон чыккан Сейфи (16-к.) кыргыз калкын «капыр да, мусулман да эмес» деп жазышкан. Махмуд ибн-Вели (17-к.) кыргыз элин капыр атап «алар олкого озбектердин келиши аркылуу мусулман болуп калганы ыктымал» деп жазган. 17-кылымда Тениртоолук кыргыз элине жунгарлардын бир нече кол салуу убагында кыргыз элинин бир болугу мусулман калкы жашаган Фергана ороонуно ошондой эле ага тутумдаш тоо бетине оошуп отурукташуусуна байланыштуу ислам дини кыргыз калкына кенири тарай баштаган. Жунгар хандыгы кулагандан кийин кыргыз калкы мурда отурукташкан жерлерине кайра кайтып келиши аркылуу мусулмандашуу процесси солгундаган.

Кыргыз калкынын ичинде исламдын кенири таралышы Кокон хандыгынын убагына туура келет. Анткени, ал кезде ислам динин таркатуу Кокон бийлеринин саясатынын бир болугу болуучу. Кыргыз жергесиндеги стратегиялык зор маанилуу жайларда чептер салынып, мечиттер курулуп, кокон молдолору ал жайларды тейлеп турган. Бирок кыргыз калкынын диний жашоосунда мечиттин ролу чектелген абалда болуучу. Анткени, мечиттер кобунчо чептердин ичинде салынып, кыргыз калкы болсо чептен оолагыраак кочуп журууго аракет кылышкан. Ошого карабастан 19-кылымда кыргыздар манызын терен тушунбосо да, исламдын негизги ырым-жырымдарын оздоштуро баштаган. Кыргыз коомунун исламдык башаты жонундо 16-кылымдын башында жазылган «Мажму ат-таварихте» да айтылат.

«Манас» эпосунан исламдан тышкары буддизм, христиан диндери жонундо бир аз маалыматтарды кездештиребиз. Озгочо Кошойдун башынан откоргондору жонундо айтылганда бут же буткана деген терминдер кездешет. Эпостун саптары жазуу эстеликтеринде берилген идол жонундогу маалыматты бекемдейт, анда алтын идол жонундо айтылат. Кыргыздарда буддизм же анын корунуштору белгилуу болгондугун «Манас» эпосундагы башка терминдер да куболойт. Мисалы, буддизмге тиешелуу «Буркан», «лаайлама», «лаанат», «лаанат-маанат», «кут» ж. б. «Манаста» христиан дини жонундо да бир аз болсо да маалыматтар берилген.

Бул динге тиешелуу эстеликтер Бишкекке жакын жерлерден коп табылган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)