Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыргыздардын башка элдер менен маданий байланыштары

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Кыргыздардын башка элдер менен маданий байланыштары

Байыркы касиеттүү бабаларыбыз Борбордук Азияда уруктан уруу курап, уруудан улутка жетилип, орошон хандык күтүп, түндүгүн көтөрүп, көк асабасын колдон түшүрбөй, канча заман карытып өкүм сүрдү. Ала-Тоодон Орхонго чейинки узак жолду баскан тиричилик турмушунда нечендеген боордошторду, ниеттеш-акыреттик досторду жана башка кошуна-колоңдорду күтө алды. Майда-чоңуна карабай аларды өздөрүндөй көрүп, сыйлап, каада сактап, саясий, маданий, соода-сатык жана элчилик мамиле курду. Кыргыздар башына кандай күн түшсө да, ажыдаардай айбат күткөн кагандардын, күчтүү жоонун көзүн карап, кошоматтанып же күнкор болуп, жалдырап, же чөгөлөп жашаган эмес. Өз кадыр-баркын, абийир-намысын ыйык туткан, кудурет-күчүн билген уюткулуу журт катарында кошуна уруулар, элдер менен алакада болуп, алардын күчтүү-алсыздыгына карабай, көчмөндөрдүн нарктуу салтын сактаган, аскер-куралына чиренбей, адилет, адамгерчилик, боорукердик, ырайымдуулук, сабырдуулук менен мамиле кылган жана башкаларды ошондой касиет күтүүгө, нарктуулукка, намыска чакырган. Байыркы сактар менен. Борбордун Азиянын көчмөн уруулары жалпы адамзаттын рухий маданиятынын тарыхына өз салымын кошту: аңыз, байыркы аска таштардагы оюу-сызуусу, оозеки поэзиясы, баба тарыхын баяндаган санжырасы жана саймалуу таш, моло эстеликтери. Орто Азия, Чыгыш Түркстан, Казакстандагы эң байыркы көчмөн уруулар сактар. Сактар бир нече уруунун бирикмесинен турган. Сактардын бир канаты Каспий деңизинин этегине мал багып, көчүп жүрүшкөн.

Аларды илгерки гректер скифтер дешсе, персилер сактар, ал эми кытайлар сэ деп аташкан. Сактар согуш өнөрүн мыкты өздөштүргөн, байыркы Азиядагы негизги тарыхый окуяларга активдүү катышкан уруулардын бири болгон. А чындыгында байыркы сактар биздин булак башатыбыз, түп тегибизге кирет. Божомолго караганда сактардын учурунда чыккан кыргыздын, үйсүндөрдүн, каңлылардын, найман, дөөлөстөрдүн, алтайлыктардын, кыпчактардын теги бир элден болушу чындык. Орто Азиядагы сактар шуштугуй калпакчандар (тиграхауддар) деп аталган, дагы бир аты азиялык скифтер деп коюлган. Шамшар байланып жүргөн сактар байыркы көчмөн элдердин жүнү тирүүсүнөн, жоо десе эт-бетинен кеткен калк болгон. Чындыгында сактардан кийинчерээк чыккан скиф уруулары да бар. Алар Кара Деңиз боюн, ага чектеш жерлерди мекендешкен.

Жети-Суу, Орто Азиядагы сактардын, кыргыздардын, үйсүндөрдүн (усундардын) ызаат-ырааты, салттары окшош. Алардын тили да алтай тобуна кирет. Сактар өз доорунда өтө жоокер эл болгон. Жер бетинде менден кудуреттүү жок деген Персиянын падышаларынын сазайын колуна берген. Атка минген сак баласы өзүн атуулмун деп эсептеп, эли-жери үчүн курман болгонду эрдик көргөн, жанын кыйган.

Көчмөн элдер мекенин коргоп, намыс менен жан кыйган азаматты баатыр деп эсептешкен. Ошондон улам баатыр деген даңктуу наам ыйгарылган. Сактардын аялдары эркектерден калышпаган, жарыша жоого аттанган, камкөйлөрү, эл башкарган акылмандары чыккан. Чыгыш-Батышты ала-тополоң түшүргөн, көчмөн элдердин жоокердик өнөрүнө үлгү көрсөткөн сактар акыры алсырап, көп бөлүгү көчмөн боордошторуна кошулган. Ошондогу бир бөлүгү Ала-Тоодо сак кыргыздары аталган, экинчи канаты Алтай тарапка ооп, журт которуп кеткен. Манас эпосунун окуясын салыштырып келгенде кудум сак доорун, эрдиктерин эске салат. Эски санжырада сак деген көчмөн элден кыргыз таралат. Алар азыркы кыргыздардын мекенинде, киндик каны тамган жер Ала-Тоодо, Ысык-Көл, Чүй, Талас, Орто Азияда жайгашкан. Теңирге сыйынган сактардын башын бириктирген баатыры Улус деген адам болгон.

Андан бери үч миң жыл өттү. Улус жөнүндө көп ыр, уламыш, жомок калган. Аюу менен алышып, жолборсту куйругунан кармап жерге чапкан баатырын жамы калкы тоо башына алып чыгып, ак кийизге салып, кан көтөрүшкөн. Кагандын боз үйүнөн түндүгүнөн туу чыгарышкан. Сактар байыркы бабалардын көрүстөндөрүн ыйык туткан, падышанын топурагын өтө бийик үйүшкөн, ага жылкыны назир тайып, жалынып-жалбарып, дартын айтып сыйынышкан. Сак деген куштун канатын түшүндүрөт. Сактар куштун канатын тагынган. Бүгүн XX кылымда Байыркы сак (скиф) алтын казынасы делинген Түштүк Сибирдин көрүстөндөрүнөн эки-үч кылымдан бери казылып-уурдалган, акыры ак падышага белекке кеткен сактардын укум-тукумунан жыра талашып алган маданий эстеликтер чет өлкөлөрдүн көргөзмөлөрүндө көчүп жүрөт.

Ажайыпканадагы көргөзмөгө нөөмөт менен киргендер ошо береги маданий мурастардын байыркы кыргыздарга тиешеси бардыгын эстешээр бекен? Сактардын алтындан уютуп жасаган бугусу, кою, ит-кушу, элиги, топозу, кушу жана жейрен алган илбирс б. а. айбанаттар усулу (стили) делинген эстеликтеринин жасалышын абайлап карасак, алардын аздектеген асем сулуулугу, ашкан сонундук түшүнүгү: кыймылда, күчтүүлүктө, чындыкта окшойт. Сактар согушта жеңишке тез жеткенди жактырган, жай-баракаттыктан качкан, өмүрлөрү да шамалдай өткөн. Алар өз жашоосун, идеалдарын, алтын, күмүш, жез, чоюндан жасалган эстеликтеринде чагылдырышкан. Алсак ат үстүндө чаап бараткан алтындан уютулган жоокердин кебетесин, аттардын сөлөкөттөрү, ушу күндө Араван районундагы Айырмач тоонун аскаларында чеккен сүрөт катары сакталуу. Сактардын доорунда аттардын жүгөнү жасалган эле, жылкы жаныбар адамга баш ийип калган.

Ал эми сактар үзөңгүнү, куюшканды, көмөлдүрүктү билген эмес, тердик ордуна жумшак кооз төшөнчү салып же жайдак чаап кете берген. Сактардын көрүстөндөрүнөн табылган курал-жарактарынын, жабдыктарынын, маданий эстеликтеринен улам, бабалардын негизги жашоосу жоокерчилик менен майданда өткөн деген ойдо болосуң. Сактардын айбанаттар стили деген дүйнөлүк маданиятка кирген: чылк алтын кийимдерин, алтын камчысын, күмүш кемер курун, калканын, жылма таштагы сүрөттөрүн, бугу кебетесиндеги таштарды, ат жабдыктарын, таштан, сөөктөн, колодон, териден ж. б. жасаган эстеликтерин эки кылымдан бери археологдор Түштүк Сибирден, Монголиядан, Алтайдан, Ысык-Көлдөн, Чүйдөн, Нарындан таап келатышат. Ар бир көчмөн элде эзелтеден жан-жаныбарларды, эн тамганы, шарттуу белгини, эстетикалык идеал кылып алуунун өзүнчө өзгөчөлүгү бар. Айталы, илбирс, жолборс, карышкыр, бүркүт жана башка жырткычтарды, алгыр куштарды жоокерчиликтин, согуштук кесиптин идеологиясына каймана түрдө пайдаланган. Тизгиндери күмүштөн, тулкусу алтындан жасалган канаттуу, куйрук-жалдуу, ак моюн аттар күткөн сактардын отко, жылкыга жана күнгө сыйынганын далилдейт.

Байыркы Орто Азия менен Түштүк Сибирде жашаган сактар баштаган көчмөн элдер бугуну желге жеткирбеген күлүк жаныбар деп асыраган. Аны жакшылыкка, кооздукка, бейпилдикке, сулуулукка, табиятка жакындыкка жорушкан. Алар бугу жөнүндө мыкты аңыздарды, уламышты, ырларды жаратышкан, сулуулугун ташка чегишкен. Бугулардын сүрөттөрү илгертен бери кыргыздардын хан таажысы менен алтын тактысында, кылыч сабында, кемер курунда, ат жабдыктарында, боз үй жасалгаларында, балбал таштарында, сандыктарда, көөкөрлөрдө, карапа идиштерде, бакшынын дабында, күзгүдө, аялдардын чолпу-шакектеринде чөгөрүлүп, чегилип жана оюлуп келген. Ал эми кыргыз элинин санжырасында байыркы бугу уруусу нечен кылымдан бери айтылып келатат. Байыркы сактардын, көчмөндөрдүн айбанаттардын стили деген маданий мурасын кээ бир батышчылар биздики дегенге чейин барышууда. Кайсы бирөөлөр башка элдин маданиятын олжолоо менен жасалма барк күтүүнү, бөлөктөргө байыркы маданияты бар эл сыяктуу көрүнгүсү келет. Баары бир анткенде, элдин улуулугу, нарктуулугу, маданияттуулугу же рухий зоболосу көрүнбөйт, кайрадан ошол элдин аброюна шек келтирерин, залака болорун тарых айдан ачык көрсөтүп коёт. Өзүн көрсөткүсү келгендер байыркы сактардын ата конушу Орто Азия, Казакстан, Чыгыш Түркстан болгонун этибар албай, маданияты эзелки мекенинде сакталуу турганын көргүсү келишпей, болгону-жоокер сактардын батышта кийинчерээк калтырган маданий мурастарын бетине кармашат.

Ата-бабалардын байыркы мекенинде жашап келген боордош элдердин тарыхы, салты, маданияты, өнөрү шуштугуй калпак кийген сактардыкы менен тыгыз байланыштуу. Алардын өнөрүн жана маданиятын кийинки элдер хундар, кыргыздар, үйсүндөр (усундар), каңлылар, дөөлөстөр, кыпчактар ж. б. өздөштүрүп, улап, өркүндөтүп кетишкен. Сактардын айбанаттар стили деген эстеликтеринин кээ бир аңыздарынын окуясын, сүрөтүн, элестерин, оймолорун кыргыз элинин узчулук, кол өнөрчүлүк өнөрүндө, ат жабдыктарында, жоокердик куралдарында жана оймо-чиймеде азыркы күнгө чейин урунуп келишүүдө. Гундар (күндөр) менен. Хундар (гун, сюнъ) б. з.ч. 1-миң жылдыктын башы ченден тартып биздин замандын 1У-У кылымдарында улуу тоолорду байырлаган, эң эски көчмөн эл. Алар Чыгыш маданиятын, Азиядагы көчмөн элдердин маданиятын түштүк орус талаасына, батышка эң эрте тараткандардан. Алар батыштагыларды уйкудан ойготкондор, келечеги жөнүндө ойлонууга түрткүнчү, жаңыча жашоого чакырык болгондор. Алар Чыгыш-Батыш маданиятына жол ачкан. Кытай жазмаларында хундардын кыштоосу Лобнор, Тарим өзөнүнүн бою болсо, жаздоосу Алтай, Каңгай тоолору, жайыты Түндүк Муз деңизине чейин жеткени айтылат.

Көчмөн хундар Алтай тоолоруна, Жети-Суу тегерегине жыйналып эгин эгип, кен казып, темир, күмүш, алтын эритип жашоосун өткөрүшкөн. Мындайча айтканда, Кытайдын түндүгүндө талаа-түздү, ээн жайыктарды ээлеген ар түрдүү көчмөн урулар б. з.ч. эле хун деген уруулар биримдигин, феодалдык мамлекетти түзгөн. Ошондон баштап хундар менен кошулуп жашаган кыргыздардын байыркы тарыхы кытай жазмаларында жанаша айтылып келет. Биздин баамда эзелки эки элден ата теги бир эл. Бул кезде кыргыздар Кыргыз-Нур көлүнүн (Монголия) жээгинде, Орхон бойлорунда Кара-Шаар деген ордо түзгөн. Хундардын жашоо тиричилиги, салты жана рухий маданияты кадимки эле сактарга, кыргыздарга, үйсүндөргө (усундарга), дөөлөстөргө, түрктөргө окшош. Айрыкча жер чалып көчкөндүгү, мал асыраганы, боз үй, жылкы асыроо, чабыш, кол күтүү, жерди иштетүү, кең казып алуу, маданият, согуш өнөрү, он канат, сол канат, чордондук (ичкилик) топ болуп бөлүнүшү кудум кыргыздардыкындай.

Хун төбөлдөрүнүн бийликти башкаруу тажрыйбасы жана маданият жаатындагы таасири кыргыздардан тийгенби, же кыргыздардан жашоо тиричилик жакшы жактарды өздөрүнө алганбы, айтор эки элдин окшош жактары көп. Кытай жазмасындагы даректер боюнча хундар да, кыргыздар да б. з.ч. III кылымда тең ата, экөө тең көчмөн, малдуу, коңшуларга кадыресе кадыры бар, кубаттуу өлкө көрүнөт. Б. з.ч. III кылымда эле кыргыздардын өзүнчө мамлекети болгонун Кытайдын байыркы тарыхчысы Бан Гу (32-92-жж.) жазган. Эрегишкен өч болбосо да, улам озуп кеткенин бири төбөсүнөн басып турган көчмөндөрдүн турмуштук өчөштүгү бар эле. А бирок, хундар жазма тарыхта бир нече кылым мурда жазылып калган. Теңирге сыйынуу, боз үйдү тигүү, кымызы, зергердик, кол өнөрчүлүк, таш жаргылчак, буурусундар, салты, акимчиликке бөлүнүшү, карыга болгон ызааты, туугандык, жамаатташтык мамиле, аксакалдар кеңеши, башчыларынын курултайдык чечимдеринин күчтүүлүгү, жүз башы, миң башы, түмөн башы болуп аскердик, аймактык, акимдик башкарууга өткөнү нечен кылым бою кыргыздардын жашоо турмушунда сакталган. Б. з.ч. 58-жылдардан баштап, эки тарапка бөлүнгөн хундардын ичинде талаш күчөйт.

Ич ара ыркы кеткен хундар Батыш жак, Түндүк жак болуп экиге бөлүнөт. Түндүк хундар батышка ооп, төрт жүз жыл ичинде далай тайпаларды каратып отуруп, Арал, Эдилге (Волгага) чейин жетип, көчмөн элдердин башын кошуп, жаңы хун бирикмесин курууга жетишкен. 435-жылы хундардын атагын чыгарган Атылла Мундузук (Мундуз уулу) болду. Жыйырма төрт жыл батышка чуу салды. Анын кол башчылыгы менен хундар Дунай боюндагы жерлерди ээлеп, Чыгыш Рим империясына, Түндүк Италияга чейин жортуул жасап, канаты жайылган күчтүү мамлекет орнотту. Үйсүндөр менен.

Үйсүндөр (усундар) б. з.ч III кылымдан бери жана б. з. V кылымына чейин Борбордук Азия менен Теңир-Тоону байырлаган көчмөн калк экендигин Кытай жазмалары тастыкташты. Алардын ата конушу Алтай менен Чыгыш ТеңирТоонун ортосундагы Жунгария ойдуңу эле. Үйсүн деген сөздүн мааниси көп үйлүү уруу деген түшүнүккө чукул. Анткени, ошол кезде үйсүндөрдүн 120 миң боз үйү болгон. Мындай көп боз үйдү ошол доордо Энесай кыргыздары гана күтө алган. Кытай жазуусунун ыңгайы боюнча үйсүн карганын урпактары деп окулат имиш. Жоокер үйсүндөрдүн жашоосунда согуш көбүнесе кесепет гана алып келбестен, дүйнө, сансыз мал жана күң, кул олжологон. Кээ бир чоң чапкында ар бир үйгө бирден кул тийген учуру да болгон. Тарыхый жоромолго караганда үйсүндөр менен Энесай кыргыздарынын зили, теги бирге, тарыхта үзөңгүлөш, эриш-аркак жүргөн куттуу эл. Тили, рухий маданияты, салты жана жашоо-тиричилиги окшош, сөөктү жашырганы, табиятка айга, күнгө тайынганы, бабалардын арбагына табынганы, курман чалуусу, жыл санагы бипбирдей. Эки элдин тең уруулары он беш уруудан турган.

Үйсүндөрдүн ичинде: кыпчак, чоңбагыш, найман, ногой, дөөлөс, огуз, коңурат, садыр, нойгут, дулат, азык, чөбөй, албан, барскан... деген уруулар жолугат. Оң канат, сол канат болуп бөлүнгөн. Байлары беш миңге чейин жылкы күткөн, көп аял алган. Күйөөсү өлгөн аялды кайнисине баш байлаган. Кыргыздар менен узак мезгилге чейин жайлоону бирге жайлап, ураанды бирге айтып, тойду орток тойлошуп, жоого чогуу аттанып, тууну бирге сайышкан, олжону тең бөлүшкөн, алака-ынтымак бирге болушкан. Кээ бир окумуштуулар үйсүндөрдөн кыргыз тараган дешкен, бул жаңылыштык. Тескерисинче, кыргыз санжырасында үйсүндөрдүн бабасы сак, үйсүндөр кыргыздардын урпактары деп аталат. Неси болсо да үйсүндөр менен кыргыздар бир боор эл. Кытай императору У-ди б. з.ч 116-жылы Чжан Цянды үйсүндөргө экинчи жолу атайы элчиликке жиберген.

Ал үч жүз аскер, жан-жөкөрлөрү жана белек-бечкеги менен үйсүндөрдүн борбору Ысык-Көлдөгү Жигу (Чигу) шаарына келип түшкөн. Шаарды мурда сактар негиздеген эле. Аны кытайлыктар Кызыл коргон дешсе, жергиликтүү калк Кызыл суунун базары, Кызыл өрөөн дешчү. Чигуда кытай бийкеси үчүн үйсүн каганы чыгыш үлгүсүндөгү ак сарай куруптур. Буга караганда кытайлыктар менен соода, маданий байланыш мыкты жүргөн. Үйсүндөрдүн борбору аркылуу Улуу Жибек жолу өтөр эле. Үйсүндөрдүн Ысык-Көлдөн башка Чүйдө, Таласта, Жети-Сууда бир далай шаарлары болгон. Шаарларында адеми ак сарайларды, мунараларды, мыкты үйлөрдү, коруктарды кыштан, жыгачтан, таштан салышкан. Үйсүндөрдүн тагдыры жөнүндө окумуштуулар ар түрдүү көз карашта. Бирөөлөр кыргыздардын Теңир-Тоодогу отурукташкан канаты үйсүн аталган, Энесайга барган канаты кыргыз аталган деп айтып жүрүшөт.

Ошол доордо качан энесайлык кыргыздардын экинчи ата конушу Теңир-Тоого келе баштаганда, күч алып, жанданып, баягы эски тонун чечкендей мурунку үйсүн атын жоюп, өз улутунун эзелки даражалуу атын алып кыргыз атын биротоло чакырган көрүнөт. Дөөлөстөр (динлиндер) менен. Өткөн тарыхта айрыкча Борбордук Азияда байыркы көчмөн уруулардын тарыхына, маданиятына ар түрдүү көз караштардын болушунан чочулабоо керек. Дөөлөстөр деле уруу катары хундардан мурда түзүлгөн, кытай жазмасында алардын ичинде уруулар көп болгону, бирикмесинде кырктан ашуун уруу болгондугу айтылат. Дөөлөстөр бийик дөңгөлөктүү арабалар менен талааларда көчүп жүргөн, бийликти, бирөөнү басып алууну көксөбөгөн, ток пейилдиги кыргыз менен тектеш туугандыгын, кулк-мүнөзүн, жашоосунун окшоштугун көрсөтүп турат. Дөөлөстөр кең пейил, кенендикти, сөздү, акылмандыкты, бейкуттукту сүйгөн, ак сөөк, мырза, эркиндиги үчүн күрөшкөн, аксакалдарга баш ийген, ынтымактуу, боорукер журт. Алардан акылман аксакалдар көп чыккан. Урууну аксакалдар башкарган.

Дөөлөстөр менен кыргыздар бири-бирине жамандыкта көз салышкан, жайлоону улагалаш тандаган тектеш уруулардан. Тарыхтагы даректерди териштиргенде (Вий жылнаамасында): Дөөлөстөр куда түшкөндө бодо малдан калың берүүнү жакшы көрөт. Куда түшкөн соң, сөзүнөн кайтпайт. Бала бойго жеткенде той жасайт. Күйөө бала кыз жакка арабага кошулган ат алып барат. Кызды атка мингизген соң, атты үркүтөт. Кыз аттан жыгылбаса той жасайт, эгер аттан жыгылып кетсе, той бузулат деген кабарды жазган. Тарыхтагы дөөлөс изин издесек, деле бардык жерде кыргыздар менен бирге жүрөт: жоосу да бир, казатка да бирге аттанат, жеңилсе бирге жеңилет, бири кордук көрсө, экинчиси колун берет, колго түшкөнүн кантип куткарып алуунун айла-амалын издеп, торгойдой чырылдашат. Кыргыз санжырасы боюнча дөөлөстөрдүн эн тамгасы ай тамга болгон.

Дөөлөстүн ай тамгасы Алтай, Энесайдагы көчмөн элдердин арасында кеңири белгилүү болгон. Тарыхка акыйкат караганда, кыргыздар менен дөөлөстөрдүн эзелки жашоо-тиричилиги, маданияты, салты, тили, дили бир. Тан-шунун маданияты боюнча кыргыздар, динлиндер (дөөлөстөр) менен аралашып кеткен деген жазуу бар. Тарыхта кыргыздар намыскөй, тууганчыл эл, башка диндеги салты, тили, маданияты бөлөк элдерге боорун берген эмес. Түштүк Сибирдин Тоолуу Алтайдын саясий картасын карасаңыз, Дөөлөс көлгө (Телецкое озеро) көзүңүз түшөт. Дүйнөдөгү сейрек жолугар өтө кооз көлдөрдүн бири. Көл тунук, терең, анын тунук бетине тоолор, карагайлар чагылып турат.

А тоо бети нечен түстүү боёк менен боёлгон, кудум көпөлөк канатындай, гүлгө оронгон жайыктай, илгертен уз эне жасаган шырдак бетиндей. Нечен миң жылдап өзүн жоготпой келген суру күчтүү көчмөн элдин жашоо-тиричилиги ушундай: тирүүлүктүн улуу сахнасы зылдын кара ташындай бекем бойдон калып, ал эми андагы оюнчулары улам алмашып турган. Таң сулалеси менен. Чыгыштагы өнүккөн элдер күчтүү көчмөн уруулар менен алакалаш, теңир-тоолук жана энесайлык болуп бөлүнүп жашаган кыргыздардын маданиятына башка калктардын цивилизациясынын таасири тийгени белгилүү. Байыркы Жети-Суу, Ала-Тоо жайлаган кыргыздардын маданиятына көбүнчө согду, ислам маданиятынын таасири күчтүү болсо, энесайлык кыргыздарга Кытай жана башка көчмөндөрдүн маданиятынан таасири арбын. Мындай көрүнүштүн айырмачылыгын кыргыз тилинен, салтынан, дининен, оозеки чыгармаларынан жана рухий маданиятына байкоого болот. Улуу Кытай империясы менен байыркы көчмөн кыргыз уруулары дайыма эле согушуп турган эмес. Алардын жайдары күндөрү да, мээрман жылдары да, бейпил кылымдар да болгон, кыз алышып, куда-сөөк күтүшүп, соода жүрүп, тил кат жазышкан, каадалуу той-тамаша өткөрүшкөн, байланыш борборлору түзүлүп, атайы базарлар уюштурулуп, шаан-шөкөттү биргелешип курушкан, алпейим замандар арбын болгон.

Кытай империясынын көчмөн урууларга үстөмдүгү да, зомбулугу да күчтүү болгону ырас. А кыргыздар андай эл аралык мамилеге акылмандык менен чыдады, моюн бербей, тизе бүкпөй, жер карабай, көчмөндүктүн суру бар эл эмеспи, тең ата болсо, достошсо кол сунуп, өз наркын, аброюн же сөөлөтүн жоготпой, бирөөгө намысын тепсетпей нечен кылым сактап келди. Кытай мамлекети да өрттөн жалтанбаган, жоодон тайманбаган кыргыздар менен кадыресе эл, мамлекет катары саясий, соода жана маданий байланыштарды үзбөй келген. Кыргыздар менен кытайлар бири-биринен мамлекеттик бийлик тепкичтерин, тартибин, жеке согуш өнөрүн гана үйрөнбөстөн, идеологиялык, рухий маданияттык байланыштарды да бири-бирине жасашкан, тил, салт, дин жазуу, адеп-ахлак ж. б. дүйнө тааным байланышы бир элден экинчи элге өтүп турган. Улуу жибек жолу менен элчилер, жолоочулар, соодагерлер, тилмечтер, бакшылар, акылмандар, бедизчилер, темир усталар, сүрөтчүлөр, даос акындары жана башкалар чек арадан чек арага, өлкөдөн өлкөгө өтүп, аралап кете беришкен. Буларга өлкөлөрдүн чек арасында тоскоол анчейин болгон. Ошондуктан байыркы көчмөн кыргыздардын рухий маданиятына Кытай маданиятынын таасири болгону акыйкат сөз. Түштүк Сибирдеги көчмөн уруулардын кичинеси же чоңу болобу, ошол доордогу Чыгыш тараптагы эң күчтүү, эзелтен орун-очок алган жана маданияты өнүккөн Кытай империясы менен ар бири өз алдынча астейдил мамиле курууга ашыгышкан, Кытай империясы көчмөндөрдүн баарысынын эле чекесинен сылап, алаканына кешик салып, жыргатып койгон эмес. Далай көчмөн уруулар күчтүү жана алдуу Кытайга тизе бүктү, кээлери сансыз эл ичине сиңип кетти, кээлери жерин таштай алыска оолак качты.

Кытай империясынын кудурет-күчүн, сырын жана мүмкүнчүлүгүн көчмөндөр ичинен эрте түшүнгөн кыргыздар болду. Алдуу кезде анын көптүгүнө карабай жан аябай согушуп да көрдү. Бул жөнүндө кыргыздардын улуу Манас эпосунда жана жазма тарыхта жазылып калган. Бейпил күндө кыргыздар Кытай империясы менен кадыресе ызаат, тең аталык мамиле жасады. Айрыкча Таң сулалеси (618-907) кезинде Кытай империясы менен Кыргыз кагандарынын ортосунда жакындык мамиле курулганы тарыхта ачык жазылуу. Чет элдиктер да жолдогу кыргыздарга куру келбеди, алар да өз өнөрүн, маданиятын, жашоо-ыгын, буюмдарын, кол өнөрчүлүгүн, салтын, музыкалык аспаптарын, ыркүүлөрүн ала келишип, өз маданиятын гана үгүттөбөстөн, башка диндердин, тилин да үйрөнүп кайтышкан. Таң сулалеси доорунда кытайдын тарых жазмаларында кыргыздар жөнүндө жана алардын өз ара мамилеси жөнүндө башка доорлорго караганда кеңири маалымат учурайт. Таң жазмаларында кыргыздар шиа жас деген жазылышы менен айтылаары бирдей жазуулары бардыгы жөнүндө кабар айтат. Ал кездеги кытай жазмаларында Кыргыз кагандыгы Кытай империясынын түндүгүндөгү Тяньдэ чебинен 150-200 чакырымдай алыстыкта, Алтайдагы Цоцзяшав тоолорунда жайгашканын кабарлайт.

Айрым кытай жазмаларында (Жу сулалеси тарыхы, Түндүктөгү хандыктар тарыхы, Шам убагындагы эстеликтер) кыргыздар жөнүндө ар кандай аңыздар калган. Тарыхый жазмаларда мындай дейт: Түрктөрдүн ата теги сак элинен болуп, хундардын түндүгүндө турган. Уруу аксакалы Аланбек 17 бир тууган экен. Анын бирөө Ниша Чоро бөрүдөн туулган болуп, Аянбек сыяктуулардын себебинен эли кырылып, дөөлөтү жоюлган. Ниша Чоро өз икимты (кудурети) менен шамал чакырып, жамгыр жаадырат экен. Ал эки аял алыптыр. Айтууларга караганда Жаз периси жана Кыш периси болгон кыздар экен. Аялдары бойкат болуп төрт бала төрөптүр.

Анын бирөө ак казга айланып кетиптир. Дагы бирөө Абакан, Кэм (Энесай) өзөнүнүн аралыгында мамлекет куруп, өзүн кыргыз атаптыр Бул жазуулар кыргыз санжырасы сыяктуу же тарыхчы, изилдөөчүлөрдүн бирөөлөрдөн уккан апыртма баянындай угулат. А тарыхый чындык далилдегендей-кыргыздар хундардан да, түрктөрдөн да улуу. Биздин заманга чейинки III кылымда хундар жаңыдан жазма баштаганда кыргыздар нарктуу эл тукуму болгон. Ал эми түрк жазма тарых бетинен 542-жылы гана алгач айтылат эмеспи. Таң доорунда кыргыздар жибектин өлкөсү менен өтө тыгыз мамиле курду, көбүнесе соода жана маданий мамиле курууга ыкласы күчтүү эле. VII кылымда, айрыкча Сюань Цзяндын 630-жылдагы миссиясынан кийин энесайлык кыргыздарга Кытай маданиятынын таасири күчөгөн. Кытайдын жибеги, кагазы, фарфору, коло сөлкөбайы, жез идиштери, коло тумарлары, күзгүлөрү көчмөндөр арасында баа болчу. Кыргыздар Таштык маданияты учурунда эле кытай күзгүсүн өздөрү жасай баштаган экен. Таң доорунун учурунда миллиондой калк жашаган Түндүк Кытайдын борбору Чаньандын көчөлөрүнөн, үйлөрүнөн бир миңге чукул кыргызды, көчмөндөрдү көрүүгө болор эле. Кайсы бирлери элчиликте иштесе, айрымдары кытайча окушкан, өнөргө, кесипке үйрөнгөн кагандардын бектердин, байлардын балдары эле. Көбү соода жасашкан, жер чапчып турган аттары, бугунун мүйүзүн, жыпарды, дары чөптөр, аң терилер, кийизден жасалган кийимдер, дарылыкка айбанаттардын өттөрүн, кайыңдын уюлуна чейин алып барышкан.

Кытай көпөстөрү көчмөндөрдүн кийимдерин, айрыкча кымбат баш кийимдерин сатып алууну жана кийгенди сөөлөт көрүшкөн. Андан тышкары күмүш кемер кур, ичик, тонду, жашоо тиричиликке керектүү буюм-тайымдарды сатып алышкан. Сарайда император оркестри көчмөн элдердин ырларын, музыкасын салтанаттарда ойноп турган. Түндүк Кытайдын чек арасындагы көчмөндөр үчүн Яньжан сыяктуу шаар-базарлар атайы курулган. Бул шаарларга көчмөндөрдүн соодагерлери көбүнчө кытайлыктар жактырган ак боз аттарды алып барышкан. Кытай сүрөтчүлөрү көчмөндөрдүн өздөрүн да, аттарын да сүрөткө келиштирип кооздоп тартып беришкен. Кытай империясы 632-жылы Энесай кыргыз каганына Вав Йихуң дегенди атайы элчи кылып жиберген. Кийин, 643-жылы Кыргыз кагандыгы да элчисин Таң империясынын борбору Чаньянга жиберген болчу.

Элчи Таң императору Тайзунга суусар терисинен жасалган тон жапкан жана суусар терисин тартуулаган. Таң доорунда кытай императору, төбөлдөрү жана аскерий башчылары кыргыздардын эрдигине, намыскөйлүгүнө жогору баа беришкен. Таң императору Таңшу Ан-Зуң: Кыргыздардын куралдары өткүр, өздөрү жалтанбаган жоокер экен деп таң берип айткан. Таң доорунда Кытайдан соодагерлер, бедизчилер, дыйкандар кыргыздарга келип, бирге иштешип, кыз алышып, карым-катнаш, маданий байланышты чыңдап, тил үйрөнгөн, эң көп кытай күзгүлөрү боз үйгө илинген жана алтын, күмүш сөлкөбайлар кыргыздын чөнтөгүнөн чыккан мезгил болгон. Кытайдын кол өнөрчүлөрүнүн чеберлери, усталары кыргыздарга карапа, кайык жасоону, дыйкандары жерди иштетип, жер-жемиш, өстүрүүнү үйрөтсө, кыргыздар аларга темир устачылыгын, атка жүрүүнүн өнөрүн, мал багууну, аңчылыкты үйрөтүшкөн. Таң доорунун императору кыргыз кагандарына мындай каттарды жазышкан: ...

Кыргыздар менен урукташ-тектеш болгондугубуз жана жерибиз ирегелеш болгондуктан мээр-шап катыбызды улантып, көңүл көксөөлөрүбүздү кең тутуп, нарк-нуска боюнча иш көрүп, заң-закүндү күчөтүп, эмне үчүн сыйлашып өтпөйбүз? ...Мурда алыстагы чек арада жашап, арабызды күчтүү коңшу элдер бөлүп тургандыктан нарк-нуска боюнча иш алып бара албадык. Ошого карабастан алар баатырдыгын көрсөтүп, чек ара кылкаларын тынчтандырып, оң миң чакырым алыста туруп да бизге кошулууга адалдыгын билдирип, кат-кабарлары үзүлбөй келип турду. Бизди жат көрбөстөн ак ниетин ар убак сактап келишти. Ошол үчүн эркче жарлык түшүрүлүп, адал, ак ниетибизди билдирип, сыймык наамды ыйгарып, мансап атагына дайындаш жарлыгын түшүрсөк. Муну кийинки урпактарга калтырсак.... 648-жылы кыргыз каганы Элтебир Ишбара Ата Таң сулалесинин борборуна атайы сүйлөшүүгө, көп тартуу менен барат. Император Таң Тайзуң кыргыз ажосун өтө урмат, каада-салт менен ызааттап тозуп алган. Конок алуу асеминде Тайзуң аябай кубанып, салтанаттуу коногунун ишаратында жан-жөкөрлөрүнө минтип айткан: Түрктөр менен болгон салгылашууда булардын салымы өтө зор, бүгүн Элтебир төрүбүздө конок болуп отурат, биз абдан сыйлоого акылуубуз.

Император кыргыз ажосуна аскерий даражалуу наам Баш Сангун (ага генерал) деген наам жана Тутук Буйругу деген жогорку даражалуу мансап берген. Элтебирге көрсөтүлгөн ызааттан кийин кыргыздар албан салык төлөө менен бирге, өзүнчө аскер күтүп, өзүн-өзү коргоо жана чек араны көзөмөлдөө боюнча келишимге макулдашкан. Ошондон баштап Энесай кыргыздары менен Кытай империясынын ортосунда саясий, соода жана маданий байланыш жүз жылга чейин үзүлбөгөн. Ушул жылдар ичинде кыргыздардын он бир атайы элчиси Кытай ак сарайында алмашып турган. Кытай жазмаларында (Таң жылнаамасы) император Чжун-Цзун бир жолу кыргыз элчисин чакырып, урмат көрсөтүп: Силердин хан тукуму менен менин тегим бир. Башка багынгандарга караганда эрекче орунда турасыңар деген. Байыркы замандан бери дүйнөнүн канбазарында жибек, алтын баа болгон дешип деле даңаза кылышат. Буга кошумча байыркы көчмөн элдер менен Кытай империясынын базарында тулпардын куну жибектен өйдө турган. Ырас, кыргыз орток базарга жалаң эле тулпарды алып барган эмес. Ал башка кошуна-колоңдон сооданын жолжоболорун үйрөндү: тери, жүн, темир, курал, жылкы алып барып, бал, шарап, гөзө, дары, жибек алып турган.

Байыркы кыргыздар нечен жолу кытайлар, калмактар, уйгурлар, тибеттиктер, түрктөр менен жер, мал, укук, бийлик, эркиндик талашкан. Бул окуялар айрыкча кыргыз элинин залкар эпосу Манаста бар. Кыргыз башка кошуналардай кытайлардын ширин сөзүнө, шарабына, жибегине алданбады, ошонун кулу болбоду. Азганакай жоокер эл ат үстүндө жүрүп, чабышса чабышып, жарашса жарашып, элдигин жоготпой, нечен кылымды басып келди. Жеринен кытайлар көчмөндөрдү жеңгенде таш эстелик койгонду каада көрүшкөн. Ага аттан эстеликти кошо коюшкан. Биздин доорго чейинки Хан мезгилинде курулган Хо Цюй бил кол башчысынын Ганьсуда эстелиги бар. Кол башчы хундарды айлаамал менен жеңген. Ага император У-ди таштан эстелик койдурган. Ташта чегилген тогуз ат хундарды тебелеп баратат.

Жетинчи кылымдагы Кытайдын амалдуу императору Таң Цзуңдун он күлүгү жөнүндө тарыхта бар. Кыргыздардын ошо күлүк тукумундагы аттарын 647-жылы орто жолдон курыкандар беришкен. Ушул эле жылы кыргыз аттарынын тукумунун 100 күлүгү Кытай императорунун ак сарайына айдалып келген. Алардын тамгасы кыргыз жылкысы экенин айтып турган. Тай Цзуң өзү сынчы болбосо да жылкылардын көркүнө карап, колго түшкөн түрк кулдарга көрсөттүрүп жүрүп, он күлүктү тандатып алды. Император аларга өзүнчө кытайча аттарды атады.

Акыры императордун түрктөрдөн, көчмөндөрдөн алган күлүктөрү мыкты чыкты. Император бийлик талашып, жоолашкан душмандарына каршы атактуу күлүктөрдү алмак-салмак минип, теңтайлашканды багынтты. Ошондо Таң Цзуң күлүктөргө ыраазы болгон. Ал аттарынын ар биринин сымбатына, кыялына, күчүнө, мүнөздөмө берип, сулаленин эскерүү китебине жаздырып жүргөн, ар бирине арнап ыр, обон чыгарткан. Кээ бирөөнүн сүрөтүн ташка чектирген. Кийин, көрүстөнгө асемдеп койдурган. Таң доорунда эле көпчүлүк кытайлар жылкыны көрбөгөн жаны ыйык кол жеткис нерсе катары карашкан.

Түрк элинин, айрыкча кыргыздардын жылкысына кытайлардын көзү түшкөн. Орто кылымдагы сүрөтчүлөр аттарды периштедей келиштирип, императорду канаттуу аттардын ортосуна коюп тартышкан. Кытай императору атты аң уулоого минип чыккан, жогорку төбөлдөрү, кол башчылары жер камдап, аны корушуп, аздектеп багышкан. Атка суктанып, аны токуп мингенди укмуш, урмат, үлпөт, эрдик көрүшкөн. Таң доорунда императордун беш миң жылкысы Лунью жайытында оттогон.

Императордун үч миң жылкысы мурункудан мурас калган, а калган эки миңи көчмөндөрдөн колго түшүрүп алган олжо болучу. Мындай жылкыны кыргыздардын орто төбөлү күткөн эмеспи. Кыргыздардын айрым ак сөөк, байларынын бир нече миңдеген жылкысы болгону тарыхта маалым. Кытайлар адегенде монгол жылкыларын алышкан. Баамыбызда монголдор колго үйрөткөн тарпандар болсо керек.

Мойну кыска, куйругу узун жылкылар эле. Аны ат ордуна минүүгө жараган эмес. А кытайлар байыркы сак, үйсүн, кыргыз, түрктөрдүн, дөөлөстөрдүн аргымак тулпарларын эңсешкен. Түндүктөгү күлүк аргымак, тулпар минген, жоокер элдерди көргөнү кытайлар Ат деген өлкөнүн согушка даярдыгы, Атты теңир шыпырса, анда күндүн бүткөнү дешип, алдын ала коркушкан. Кытайлар негизинен аттарды, жылкыларды кошуналарынан, түндүктөгү көчмөндөрдөн чай, жибекке сатып алган. Алган аттары келишимдүү күлүк, бышык болгон. Ошондон улам кытайда Кайык түштүктө, ат түндүктө деген лакап чыккан. Таң доорунда кытайлар түндүк көчмөндөрдөн белектерди императордун ак сарайына жакын жерге кармашкан. Куштарга, тайгандарга, аттарга ажайыпканадай суктанышкан. Жоодон колго түшкөн көчмөндөрдүн аттарын өздөрүн жалдатып таптаткан, байгеге кошкон, аттарды кабар, бекет байланышка пайдаланышкан.

Өлкө ичиндеги соодагер, майда адамдарына ат минүүгө уруксат беришкен эмес. Кыргыздар Яньжан шаарына келип, кытай базарынан жылкысын, куралын, жүнүн жибек менен чайга, күзгүгө, шарапка алмаштыруу үчүн кыйла узак жол басыш керек эле. Ошончо убара болгондон көрө ортомчуларга, алып-сатарларга же уйгур, түрк, тибетиктер, курыкандар менен соодалашканы оңтойлуу болгон. Тарыхтагы жазууларды аңтарсак, кыргыздар кытай императору Гао-Цзундун учурунда 676-жылы, СюанЦзундун тушунда-724, 725, 747, 748-жылдары жылкы менен соода жүргүзгөнүн билебиз. Кыргыз кагандыгынын акыбалына жараша кытайлар менен мамиле өзгөрүп турду. VII кылымдын аягында Чыгыш Түрк кагандыгы Кыргыз кагандыгын алсыратып, анын Кытайдай өлкө менен мамиле курганын көрө албай бут тозуп турган.

Тарыхтын барактарын ачсак, кыргыздар Кытай императору Гао-Цзундун учурунда (650-683-жыл) эки элчилик жиберишкен, 647-жылы бир жолу гана жылкыны кытайга алып барып соода жүргүзгөн. Падыша Жуңзундун доорунда 705-711-жылы кыргыздардан Кытай Сарайына бир гана элчилик барган. Кытайлар менен кыргыздардын маданий байланышы Уйгур кагандыгы күч алганга чейин өксүгөн жок. Айрыкча император Сюан-Цзундун тушунда (713-755-ж.) Көгмөн тоосундагы кыргыз каганы төрт жолу падыша сарайына элчилигин жиберип, белек-бечкек тартуулаган. Таң доорундагы жазмаларда Кытай империясында кыргыздардын элчиликке барган адамдары Алдыяр, Жети Инал, Олобектегин, Иликтемир, Аткурак, Артык ж. б. болгон. Император Сюнан-Цзун түндүктөгү чоң шаардын четине көчмөндөргө атайы жер бөлүп берип, бакса менен коруп, жылкы базарын уюштурушкан. 748-жылы тогуз огуздар, кыргыздар, шивейлер биригип алтымыш төрт атты сатыкка алып барганы кытай жазмаларында калган.

Кытайлар көчмөндөрдүн аттарын кымбат баага сатып алып, кокус тааныбай калабыз дешип, чочулап, көчмөндөрдү туурап, өздөрүнчө эн белги койдурган. Аттын санына карабай, кайсы жерине жашын, кайдан алганын, эми кимдики экенин, кызматынан бери жазышкан. Кытай төбөлдөрү, мырзалары алган аттарын ак сарайдын алдындагы сөөлөткө минишкен. Ар бир жүз жылкыга бирден жылкычы болгон. Кийин кытай төбөлдөрү асемдүү аттарды баккандарга катуу жаза колдонгон. Кокус ат алыста жүрүп өлүп калса, анын себебин атайын барып билишкен, аттын терисин көрсөтүшкөн.

Кокус ат ээн талаа, эрме чөлдө өлсө, алакан отундай терини, басылган эн белгисин кесип, ала кетишкен. Атты жоготкондун жонунан бамбук таяк менен отуз балак алган, кокус өлүп калса, аттан бир канча эсе көп кунун төлөттүргөн. 758-жылы кыргыздардын Кытай империясындагы элчилик байланышы сууй түшөт, ага Уйгур кагандыгынын кыргыздарды багынтканы себепкер болгон. Бу жолу Уйгур кагандыгы кыргыздарды сексен жылдан ашык кол алдына кармады. Кыргыздар акыры Алп Сол ажонун учурунда, аларды биротоло жеңгенден баштап, кайрадан Кытай менен байланышты жандандырды.

846-жылы Таң Вузуң (814-846) элчиси Лий Щини Уйгур каганатын талкалаган Кыргыз каганы Алп Солго ыраазы болуп, көп белек тартуулап аттандырат. Элчи менен Таң падышасы кыргыз каганына кат жөнөткөн. Падышадан кыргыз каганына урматтуу салам. Мына азыркы маал жаз кирип жаткан кез. Күн жылымдап калды. Өзүңүз да ден соолукта, бакыбат турат деп ойлойм. Жоокуусол (элчиңиз) келди. Жиберген катыңызды жана тартуу кылган аргымак аттарды тапшырып алдык. Мен баарынан кабардар болдум.

Кан, өзүңүз тескей тоо өңүрүндө эрдик көрсөтүп, күчтүү жоокер менен түндүк жактын каарманы болуп жатасыз. Өзүңүз бүт эле акылмандык менен жөндөмгө толгон экенсиз. Өзүңүздүн ак жүрөктүгүңүз жана кеменгерлигиңиз менен калың элибизди жетектеп, бөтөн уруулар ичине да даңкыңыз чыгып, чек арадагы бирге бектиктер арасында кадыр-баркыңыз көтөрүлдү. Сиздин атайын элчи жөнөтүп, урмат үчүн аргымактарыңызды тартуулаганыңыз, өзүңүз баштаган элдин ак ниетин көрсөткөнүңүз, бул Сиздин ак жүрөк экениңизди билдирген изги иш деп билдик. Мен (бүгүн) ордо тагыма келип эле сиздин катыңызды окудум, окуган сайын ичимден кубанып, жөн эле тамак ичүүгө да үлгүрбөй кеттим. Сиздердин биздин сулалага болгон ак жүрөктүгүңүздөрдөн кеп башталса, көөн көтөрүлүп, көшөлүп уйку басат. Мурдагылардын ишине кайрылсак, Жингуан жылдарында (627-650) Сиздердин мамлекеттен ордого дайыма тартуулар келип туруучу экен. Падыша да (Сиздердин баш кишиге) мансап-даража берип турган, кадыресе, келгендер падышанын улуу урматына ээ болушкан (ханыш) жана мол тартуу алып кетип турушкан.

Кийин, как ушул убакка чейин, узак бир мезгил кабаратар жок болуп кеткен иш адамды таң калтырып жүргөн болучу. Көрсө, уйгурлар аралыкта бөгөт болуп жүргөндүктөн, ошондой болгонун кайдан билелик. Мына эми Сиздер жиберген кат баяндан Сиздердин кандай улуу иштерди жасаганыңыздарды билип, кубанып отурабыз. Сиздер кол курап, көп жылдар өзүңөрдү белендеп туруп, мөөртүн келтирип кол баштап чыгып, бат эле мурдатан муздап турган кегиңерди алып, көкүрөктүн бугун биротоло чыгарып алыпсыздар. Уйгурлардын ордосунун ойрондолушу мамлекет арасында бөгөт жоюлуп болду. ...Дегинкиси, сиз илгеркиге окшош эле уландуу биздин сулала менен жакшы өтүшүңүздү үмүт кылам. Жакындык мээр, коңшулук сый менен сиз-биз менен жүрсөк, дайыма өз ара эңсешип турсак, арабыздын алыстыгы эч качан билинбейт.

Жоокуусол дароо кайтып кете турган болуп калгандыктан, бул катты өтө узартып жаза бербедик. Ал эми азем өткөрүп падышалык буйрукту жеткирүү ишин Сизге мындан соң атайын элчилик жиберип жарыялатам. Бул иштен өзүңүздү кабардар деп ойлойм. Хуйчаңдын 3-жылы (843-жылы) жалган куран айынын ортосу. (Кытай падышасы Вузуцдун кыргыз каганы Тапу Алп Солго жазган катынан үзүндү). Улуу Жибек жолу. Б. з.ч. экинчи кылымдан б. з. ХУ-ХУ1 кылымына чейин Ыраакы Чыгышты (Кытай ж. б.) Алдыңкы Азия, Түңдүк Африка, Жер Ортолук деңиз боюндагы өлкөлөр менен байланыштырылган соода кербен жолдорунун жалпы аталышы. Ал Сиандан (Кытай) Ланчжоу аркылуу Дуньхуанга өтүп, экиге бөлүнгөн (Түндүк Теңир Тоо жолу). Турпанды басып, Теңир тоонун түштүк этеги менен Батышты карай Кашкар Фергана, Орто Азиянын башка жерлерин аралап кеткен кербен жол, андан ары Алдыңкы Азияны карай бет алган.

Экинчи кербен жолу Лобнор көлүнүн бою, Такла-Макан чөлүнүн түштүк чети менен өтүп, Жаркентти (Йаркенд) басып, Памирди ашып, Бактрияга, андан Парфия, Индия жана Жакынкы Чыгышка жеткен. Түндүк Теңир Тоо Жибек жолу Кыргызстандын аймагында Талас, Түп, Жыргалаң өрөөндөрүнөн Ысык-Көлдү бойлой Чигу, Барскан ж. б. шаарлар аркылуу өткөн. Түштүк Теңир Тоо жолу менен сапар тарткан кербендер Борбордук Теңир Тоону Музарт же Бедел, Алай тарапты Тоң-Мурун, Терек-Дабан ж. б. ашуулар аркылуу ашкан. Ушу жана Кыргызстандын аймагында Сикул (Ысык-Көл), Суйаб, Баласагун, Сарыг, Өзгөн, Ош ж. б. шаарлар аркылуу өткөн. Соодада адегенде Жибек кездеме жана жибек буюмдар басымдуулук кылгандыктан Жибек жолу аталып калган.

Караханий каганаты менен. Чыгыш Түркстан, Жети-Суу жана Фергана аймагын мекендеген ар түрдүү улуттан куралган (чигилдер, йагмалар, уйгурлар, кыргыздар, басмылдар, түрктөр, тухсилер, карлуктар, каңлылар, аргулар, тургештер, согдулуктар, ангарлар, ябакулар, кыпчактар, кенжектер, тогуз-туркмөндөр ж. б.) уруулардан Карахан каганаты (Х-ХIII-к.) пайда болгон. Алардын эң негизги күчтүү уруулары көчмөн түрктөр, уйгурлар жана карлуктар эле. Теңир Тоодогу Караханийлер кагандыгы өзүнүн экономикалык күч-кубатынын жана маданиятынын гүлдөп турган мезгилине жеткен. Кара деген сөз кыргыздарда орто кылымдардан тартып улуу, баатыр, чоң, эбегейсиз күчтүү, күжүрмөн, кайратман ж. б.у. с. маанилерди берип келген. Карахан-Улуу хан, Улуу падыша дегенди билдирет. Караханий доорундагы элдер ар түрдүү динге манихейчиликке, будпарастыкка, христиандыктарга, исламга, теңирчиликке ишенишкен. Түрктөр X кылымда эң алгачкылардан болуп ислам динине оогон, буга демилгечи Караханий каганатын негиздеген Сатук Буура Абд ал-Керим Карахан (908-955) болду.

Ал Кашкарда туулуп өсүп, бийликке жеткен. Сары байрактуу, мыкты куралданган тартиптүү атчан черикти (аскерди) түзүп, Орто Азияны багынткан, Кашкардан Сыр дарыяга чейинки элди мусулман динине киргизген. Кийин бийликке келген Караханийлердин кагандары (гуркандары) эки кылымдан ашуун мезгилдин ичинде тез-тез алмашып турган. Шаарлар. Караханийлердин Теңир-Тоодо, Сары-Өзөн Чүйдө Чыгыш архитектурасынын усулунда шаарлары курулду. Х-ХII-кылымда Орто Азиядагы мусулман архитектурасынын көркөмдүк-эстетикалык деңгээли көтөрүлдү. Чоң шаарлардын ичинде кыш, мрамор, таш кеңири колдонгон чакан шаарчалар, сырткы жана ички капталдарында кооз оюктар, сүрөттөр түшүрүлгөн ак сарайлар, ар түрдүү диндеги ибадатканалар, медреселер, аскер үйү, оорукана, кербен сарай, мончолор, түркүн устаканалар жайгашкан. Караханий заманында Түркстан, Жети-Суудагы негизи ири шаар, азыркы Токмок шаарынын түштүк-батыш тоо тарабындагы Баласагын эле. Улуу Жибек жолдорунун удулу болуп даңазасы алыска угулган Караханий мамлекетинин борбор шаары Күз ордо, Куш Ордо, Күз Улуш деп аталган, бул Тескейдеги ордо калаа дегенди түшүндүрөт. Х-Х1 кылымда Баласагын шаарында арбын тилди билгендерди, көп жазууларды окугандарды ардакташчу.

Анткени, мамлекет ичинде сириянын, уйгурдун, арабдын, кытайдын, согду жазуулары пайдаланылган. Архитектура. Бүгүнкү XXI кылымга чейин Баласагын шаарынан жалгыз архитектуралык эстелик-мунарасы сакталуу турат. Сырткы оймо-чиймеси асемделген мунаранын бийиктиги 24 метр келет, ички тепкич менен төбөсүнө чыкканда Чүйдүн капкайдагы өрөөнү көрүнөт. Учурунда мунарадагы асан чакырык ат чабым жерге жетип турган. Өз ара эрегишип, бийлик менен мансап талашкандын залакасынан караханийлер кийин эки жаатка бөлүнүшкөн. Чыгыш карахандыктардын борбору Баласагын (кийинчерээк Кашкар), а түштүктөгүлөрдүн Өзгөн (кийинчерээк Самарканд) болгон. Чыгышта негизинен түрк, чигил тилинде сүйлөгөн, Түштүктө тажик тили үстөмдүк кылган. Илим тили негизинен араб тилинде, поэзия, тарых, география фарсы тилинде жүргөн.

Карахан мамлекети Кытай империясы жана Батыш мусулман өлкөлөрү сыяктуу акчаны жүгүртүүнү билишкен жана күмүш тыйынды чегип, соодага чыгарышкан. Ош, Баласагын, Барскан (Ысык-Көлдө), Шельжи (Таласта), Самаркандда да, Кашкарда, Ташта (Ташкентте), Отрарда, Бухарада ж. б. шаарларда динар (тыйындар) жасалып турган. Караханийлердин доорунан кийинки кылымдарга калтырган архитектуралык мурастары Алабукадагы Шах-Фазил күмбөзү, Өзгөндөгү үч күмбөз, Ат-Башыдагы Кошой коргон. Базар. Тоо таянган кыргыздар ай жаңырганда чеп менен корголгон шаарга таңга жуук базарга мал айдап түшкөн. Шаардык базар не бир дүнүйөгө толгон: бир катарда калай, жез, соконун тиши, айры, орок, кетмен, жез кумган, така, коңгуроолор, казан, чыны. А башка ыптада курал саткандар кылыч, жебенин учтары, найза, айбалта, туулга, темир калкандар, а бир жагында карапа, бышкан кыш, аяк, чырак, шам, табак, азык-түлүк сактай турган, киши кошо бата тургандай чоң карапа идиштер, чоподон жасалган оюнчуктар көзгө түшөр эле... Көчмөн кыргыздар ар тилде бажылдаган базарга кой, жылкы, уй, төө, жүн, тери, ала кийиз, шырдак, чий жана алгыр куш сатышат, өтпөсө карапа, жез идиштерге, шараптарга, ат жабдыктарга, кемер курга, күзгүгө, унга, кооз буюмдарга, жер жемишке, кабактан жасалган идиш, чакчаларга алмашышат.

Шаардын сырт жагындагы сарттардын арзан кербен сарайларына түнөшүп, мечитке, күмбөздөргө, ибадатканаларга сыйынышып, мончолоруна жуунушуп тоо тарапка жөнөп кетишкен, аймагында жана Ак-Суу деген шаарды ээлеп, чигилдердин түндүк жагында жашаган. Азыркы кыргыз окумуштууларынын тактоосунда кыргыздардын түндүгүндөгү бир уруу болуп эсептелген. Энесайлык кыргыздар Теңир-Тоодогу ата конушуна көчүп келе баштаганда социалдык, маданий жашоо турмушунда кызыктай жаңы өзгөрүүлөргө дуушар болду. Энесайлыктардын Тан, Тибет сулалелери, хун, түрк, уйгур каганаттары менен эриш аркак болуп, көчмөндөр менен кагылып-согулуп, соодо-сатык, маданий мамиледе жүрүп, тиричилиги кыйла жакшырып, рухий дүйнөсү өсүп калган. Алар Теңир Тоодон отурукташып, дыйканчылыкты да, соодагерликти да өздөштүрүп кетишкен.

Теңирчиликке нечен кылымдар бою тутунган кыргыздар ислам динине дароо өтө койбоду, эки диндин окшош жагы көбүрөөк дал келген соң, жаңы динди секин-секин кабыл алды. Кыргыздардын маданиятына өзгөрүүлөр кирди, тилинде, салтында, оозеки чыгармасында, музыкасында, кол өнөрчүлүгүнө жана жалпы эле маданиятына жаңы табылгалар жаңылыктар, кошумчалар пайда болду. Кыргыздар шаардык жашоону жерибей кабыл алып, орток жазма адабий тилди, жазууну өздөштүрүп, рухий байлыгы кеңейди. Рухий маданият. X кылымда Орто Азиядагы Ала-Тоо, Теңир-Тоо, Түркстандагы Караханий аймагындагы түрк тилинде сүйлөгөндөр түрк тилин жандандыруу күч ала баштады.

Анткени бул аймакта буга дейре У111-1Х кылымдарда араб-фарсы тили, дини жана жазмасы орун-очок алып, үстөмдүк кылып калган эле. Улуттук аң-сезими козголгон кыргыз, уйгур, казак, карлук, кыпчактар сыяктуу түрк тилинде сүйлөгөндөр түркчө жазууга өтүштү. Бул максатты ишке ашырууда таланттуу, билимдүү маданияттуу, патриот инсандар чыга баштады. Буга Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашкарлыкты айтса болот.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 10315, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу