Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Санжыра

Байыркы насил жана "санжыра". Байыртадан жакшылыкты-жамандыкты башынан кечирген бабаларыбыз, “Тегиңди билесиңби балам” деп кичүүлөргө, бала-бакырага собол айткан. Албетте, кыргыз баласы эс тарткандан жок дегенде жети атасынын дарегин билүүгө милдеттүү болгон.

Байыркы доордон XX кылымдын башына чейинки жашаган кыргыз аксакалдары оропарадан кабылган уланга “жети атаңды билесиңби, айтып бер” деп капилеттен колуңдан шап кармашкан. Алар кийинки тукуму байыркы бабалардын дайынын, тегин улуулардай билсе экен деп өтө тилек кылышкан.

"Санжыра"
Кыргыз элинин илгертен келген рухий мурасы-санжырасы, оозеки тарыхы жана илгертен өздөштүргөн илими.



Кыргыздын кылымдардан аты өчпөй укумдан тукумга дареги белгилүү болуп келе жаткандыгына эң оболу оозеки тарыхынын-санжырасынын салымы баа жеткис. Санжыра эл атын өчүрбөй, муун менен муунду, кылым менен кылымды байланыштырган рухий үзүлбөс чынжыр. Элибиздин оозеки санжырасы кыргыздар Алтайдан Ала-Тоого көчүп келгенден кийин ыр, дастан, эскерме, баян жана мурас катары ого бетер өнүккөн. Эл арасынан журт, уруу тарыхын, салтын жана улуу инсандарынын эрдигин сай-медиреп, сөз менен кулакка уютуп айткан чечен, көсөм, олуя, санжырачылар чыккан. Алар калк арасында өтө кадырлуу болуп, сый-урмат көрүшкөн. Өткөн доордо жазмасын жоготкон кыргыздарда санжырачылардын ысымдары уламыштарда гана эскерилет. Алар калк ичинде бирде ырчы, дастанчы, чечен, акылман жана жомокчу деп айтылып калды.



Санжыра жеке бир кишинин эле өзүмчүл ой-кыялы эмес, ал деген илгертен берки кудум ар булактан кошулган өзөндөгү дайра сыяктуу же аары чогулткан бал сыңары, нечен бабалардын акыл, ой-тилегинен, даректен, чындыктан уютулган, төл сөз менен эргип, кооздолуп жазылган тарыхый көркөм чыгарма. Санжыра боюнча чечмелөө. Бабаларыбыз жоругандай, биздин эң түпкү атабыз кыргыз болгонун эч ким тана албайт. Ошондон бери бизге кыргыз деген сөз өтө ыйык, акыл-ыйманыбыздын мазары, улуттун соболосун оболоткон бийик куту.



"Кыргыз" деген сөздүн жаралышын байыркы аңызда, санжырада ар кандай божомолду жорушат. Эзелки кыргыздар дүйнөдөгү кызык окуяларды, татаал жорук-жосунду, жандыктардын жашоо-тиричилигин, табияттын көрүнүшүн жана адамдын ички ой-кыялын сөз менен даана, так сүрөттөп айтышкан, буга тил байлыгы жетишкен. Кыргыздар бир нерсеге ат ыйгарганда накта даана ат койгон. Ошондуктан бабаларыбыз өз улутунун төл атына келгенде, жөн жерден атабагандыр, алардын сөз дүйнөсүндө биз али түшүнө элек касиет-кусуру, сыры бар. Небактан келаткан элдик оозеки чечмелөөдө кыргыздын аталышы кырк кыздан таралгандан улам айтылган аңыз. Кайсы бирлери кыргыз деген кыр-кырларда жашагандыктан чыккан сөз дешет. Кыргыздар наристеден кагандарына чейинки уулдарына ысым ыйгарганда, ага астейдил маани беришкен, бабалардын салтын сактап, жарашыктуу, тариздүү наам, атак же ысымдарды ыраа көрүшкөн. Алар кыргыз деген атты өздөрү гана тандашкан, бөлөк бирөөлөрдүн шылдыңдап койгон аттарына эч моюн сунбайт эле, жол бербейт эле, ага алардын акылы, кубат-күчү жана акылмандыгы жетишкен. Эмнеси болсо да, кыргыздын теги жөнүндө көп аңыз чечмелөө, уламыш, жоромолдор, жомоктор, баяндар арбын. Тастыктаганда зили "санжыра" жана оозеки чыгармалардагы кыргыз кырк уруудан куралган эл экен деген аныктама чындыкка жакын.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)