Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Кыргыз улуттук китеп палатасы

Кыргыз улуттук китеп палатасы — республика аймагында басылып чыккан басылмалардын милдеттүү нускасын мамлекеттик жана статистикалык каттоого алып, алар жөнүндө библиографиялык көрсөткүчтөрдү чыгаруучу библиографиялык мекеме, илимий-техникалык маалымат, басма иштери, полиграфиялык өнөр жай, китеп соодасы жана мамлекеттик библиографиялык борбор. Кыргыз ССР ЭкСтин 1937-жылы 23-майдагы токтому менен негизделип, 1939-жылы иштей баштаган. Басма сөздү каттап, сактоодон баштап, ал республикалык деңгээлдеги мамлекеттик библиографиялык илимий борбор, басма сөз статистикасынын, борборлоштурулган каталогдоштуруунун жана Улуттук ISBN, ISSN агенттигинин борборуна айланган. Улуттук басма сөздүн кайталангыс, уникалдуу архивин сактоо, маалыматтык библиографияны өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 18-мартындагы жарлыгы менен Мамлекеттик китеп палатасы Улуттук китеп палатасы болуп кайра түзүлгөн. Палата 5 негизги бөлүмдөн турат (2012): 1) милдеттүү нусканы кабыл алуу жана китеп таркатуу бөлүмү келип түшкөн басылмага (газетадан башка) мамлекеттик каттоо номерин ыйгарып, бөлүштүрүүнү жүргүзөт, 2) мамлекеттик библиография бөлүмү китеп, брошюра, автореферат, нота, сүрөт басылмаларын, рецензия жана газета-журналдарга чыккан макалаларды библиографиялык каттоодон өткөрүп УДК (Универсалдуу децималдык классификация) боюнча классификациялап, мамлекеттик библиографиялык көрсөткүчтөрдү түзөт. Бөлүм «Кыргыз Республикасынын басма сөз жылнаамасы» мамлекеттик библиографиялык көрсөткүчүн кыргыз жана орус тилинде даярдап чыгарат. Анда «Китеп жылнаамасы (1951-жылдан)», «Газета макалаларынын жылнаамасы» жана «Журнал макалаларынын жылнаамасы» (1956-жылдан), «Рецензия жылнаамасы» (1966-жылдан), «Нота жылнаамасы» (1972-жылдан), «Сүрөт искусствосунун жылнаамасы» жана «Библиографиялык колдонмолордун көрсөткүчү» (1982-жылдан) бөлүмдөрү бар, 3) каталогдоштуруу жана стандартташтыруу бөлүмү өз ишинде басма сөз адабияттарын борбордоштуруп каталог түзүүгө чоң орун берет. 1957-жылдан аннотацияланган карточкалар үзгүлтүксүз басылып келет. Каталог менен картотекаларда 1939-жылдан берки басма адабияттар камтылган. Ошол учурдан тартып Улуттук ISBN, ISSN жана каталогдоштуруу агенттигинин Кыргызстандагы бөлүмү ачылган. Бул бөлүм аркылуу китептерге стандарттык номер коюлуп, каталогдук системага киргизилген. Стандартташтыруу номери боюнча Лондондогу Эл аралык ISBN агенттигине, «Эл аралык басмалардын справочниги» үчүн маалымат жөнөтөт. 4) басма сөздүн ретроспекциясы, архиви жана статистикасы бөлүмүндө басылманын статистикалык эсебин толуктоо жана сактоо менен гана чектелбестен, сан жана сапаттык көрсөткүчү боюнча маалымат берет. 5) эл аралык кызматташуу бөлүмү 2008-жылы түзүлгөн. Мамлекеттик басма тармагы боюнча эл аралык кызматташуу ишин координациялайт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)