Кыргыз совет адабиятынын тарыхы

Кыргыз совет адабиятынын тарыхы – эмгектин 1-тому Кыргыз ИАнын тил жана адабият институтунун (ошол кездеги) илим кызматкерлери тарабынан жазылып, 1987 ж. "Илим" басмасынан жарык көргөн.

Аталган том 5 бөлүмдөн турат. Алар:
1-бөлүм – "Кыргыз совет адабиятынын жаралышы жана тарыхый маданий шарттар" (баш сөзүн жазган – С. Жигитов).
2-бөлүм – "Калыптануу жана жетилүү жолунда" (баш сөзүн жазган – О. Сооронов).
3-бөлүм – "Кыргыз адабияты Улуу Ата мекендик согуш жылдарында" (б. с. ж. – С. Байгазиев).
4-бөлүм – "Согуштан кийинки кыргыз адабияты" (б. с. ж. – А. Садыков).
5-бөлүм – "Азыркы кыргыз адабияты".

5 бөлүмдүн тең ички түзүмдүк түзүлүшү поэзия, кара сөз, драматургия, көркөм котормо бөлүмдөрүнөн турат.

Китептин 2-тому 1990 ж. басмадан чыккан. Анда акындардын, прозаиктердин, драматургдардын чыг-лыгына арналган портреттик главалар жазылган. Алар:
а) Кыргыз совет адабиятынын жаралышына жана калыптанышына бөтөнчө салымын кошкон жазуучулар,
б) "Эл акындары", "Токтогул сыйлыгынын лауреаттары" деген наамга ээ болгондор,
в) Айрым жанрды өнүктүрүүдө айрыкча чыгармачыл ийгиликтерге жетишкен авторлор. Жазуучулардын чыгармачылыгына арналган бөлүмдөр хронологиялык принцип менен жайгаштырылган.

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)