Кыргыз сүрөт өнөрү

Кыргыз сүрөт өнөрү — сүрөт, живопись, скульптура, графика, фото өнөрун бириктирген пластикалык өнөрдүн бөлүмү. Сүрөт өнөрү болмуштун өзүнө дал келчү ачык образдар менен чагылдырат. Көркөм саймаларда, килем токууда жана орнаменттүү шырдак, кийиздерди жасоодон толук көрүнгөн. Ал мазмуну жагынан бай келип, жогорку көркөмдүктө жана ар түркүн формада болгон, мына ушунун бардыгы көчмөн турмуштун шарттарында жогорку өнүккөн. Маданияттын бекен сакталып өнүгүшүн айнигелеген. Кыргыздардын элдик сүрөт искусствосунун бул бардык түрлөрү кыргыздардын байыркы жана орто кылымдардагы маданиятына негизделип монголдор менен казактардын өзбектердин Орто Азиянын Түштүк Сибирдин Алтайдын башка элдери менен карым-катнаштыкта өнүккөн.

XIX кылымдын аягында кыргыздардын өз алдынчалыгы, ар түрдүүлүгү жана көркөмдүк жогорку денгээли менен айырмаланган сүрөт искусствосунун өнүгүүсүндө белгилүү жогорулоо байкалат. Кыргыз орнаментинин негизги мотивдери көчмөн жана жарым көчмөн чарбачылыктын жана тиричиликтин шарттарынан улам келип чыккан. Кыргыз орнаменттеринин ар түркүн формалары менен мотивдеринде кыргыз элинин эзелки көркөмдүк традициялары, ошондой эле алардын Орто Азиянын, Казахстандын, Түштүк Сибирдин жана Алтай элдери менен тыгыз байланышы байкалат.

Орнаментте Кочкор мүйүзүнүн кош тырмактарын, өсүмдүктөр жалбырактарыннын жана башкалардын символикалуу элестери басымдуулук кылат. Кыргыз элдик искусствосунда кийиз басуу эң мыкты көрүнүш болгон. Оюу түшүрүлгөн кийиздер – шырдак, ала кийиздер көркөмдүгү түз салуусунун жогорку маданияты менен айырмаланган. XIX кылымдын экинчи жарымында кеңири таралып, кыйла өнүгүүгө ээ болгон. Кыргыз ууздарынын колунан чыккан. Бул буюмдар алардын өздөрүнүн үй тиричилиги үчүн гана жасалбастан, ага кардаарлар көп чыккан базарларга да түшө турган.

Кыргыз устаттары терини иштетүүнүн жөнөкөй технологиясын да билише турган. Иштелген териден үй тиричилигинде урунулуучу көптөгөн буюмдар: идиш аяктардан, куралдардан, ат жабдыктарынан баштап килемчелерге ар түрдү кийимдерге чейин сасалгаланган. Булгаары буюдар наар түшүрүү жолу менен кооз оймо чиймеленип көромдөлгөн. Кайшчы чеберлер көпчүлүк учурларда өздөрү жасаган буюмдарды күмүшкө кармалган метелл пластинкалар менен кооздошкон. XIX кылымдын аягында кыргыздарда темир устатчылык, зергерчилик, тоокуучулук, саймачылык, жыгач кармоочулук, чий соогу сыяктуу үй өндүрүшүнүн түрлөрү бир кыйла өнүүгүгө жетишти.

Кыргыз мамлекеттик сүрөт өнөр музейи — сүрөт өнөрүнүн мыкты үлгүлөрү топтолуучу маданий мекеме, эмгекчилерди эстетикалык жактан тарбиялоонун борбору. 1935-ж. Фрунзеде уюшулган. Биринчи жолу көрүүчүлөрдү Эмен багындагы реконструкцияланган имаратта кабыл алган. Жаңы имараты 1974-ж. арх. Д. Ырыскулов, В. И. Назаров жана H. Жекшенбаев, инж. А. Юсупов Кыргыз ССРинин Токтогул атн. мамл. сыйлыгына (1976) татыктуу болушкан Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Коммунисттик партиясынын түзүлүшүнун 50 жылдык юбилейине арналып курулган.

Музей шаар куруу онөрүнүн түйунү болгон Кыргыз опера жана балет театрынын, «Кыргызстан» мейманканасынын, Орус драма театрынын жана Н. Г. Чернышевский атнындагы республикалык китепкананын имараттары менен шайкеш орун алып, археологиялык формасы аягынан алардан айырмаланат. Көлөмү жана мейкиндиги жагынан Орто Азияга мүнөздүү болгон кабыл алуучу ачык короодон турат. Эки кабат музейдин чар тарабы бирдей жөнөкөй формада долбоорлонуп, жагымдуу шарттарды (жарык кылуу, бир калыпта мелүүн жел согуу) түзөт. Бпринчи кабатта жарык вестибюль, убактылуу көргөзмө залы, 250 орундук конференц-зал жана администрация жайы орун алган. Экинчи кабатта экспозиция залдары, көрүүчүлөрдүн эс алуу зонасы жана ачык абада скульптура коюла турган эки чакан аянт бар. Музейдин имаратында азыркы кездеги жаңы конструкция менен бирге кооз курулуш материалдары (мрамор, гранит, ракушечник, кымбат жыгачтар ж. б.) пайдаланыдган. Сүрөт музейинин классикалык коллекциясынын негизин мамлекеттик Третьяков галереясынан алынган. ЭКСтин музей фондусунан орус классикасынын 18 картинасы жана 1934-ж. биринчи республикалык сүрөт көргөзмөсүнөн сатып алынган чыгармалар түзөт. Музейде жасалга-колдонмо өнөрүнүн үлгүлөрү да бар. Экспонаттар жыйноочулардан, көргөзмөлөрдөн же атайын мамлекеттик заказ берү жолу менен жыл сайын толукталып турат. Алгач Кыргыз картина галереясы, 1944-жылдардан азыркы аты менен аталат. Музейде 8000ге жакын (1976) бирдик сакталат. Кыргыз мамлекеттик сүрөт өнөр музейинде төмөнкү бөлүмдөрү бар: живопись, графика, скульптура сактоочу, эсеп-кысап сактоочу, искусствону пропагандалоо, жасалга-колдонмо өнөр бөлүмдөрү, китепкана, фотолаборатория, кинолекторий, методикалык кабинет жана музейди пайдалануу боюнча инженер-техникалык бөлүм.

Музейде 19-жана 20-кылымдын башындагы орус искусствосунун классикалык чыгармаларынын коллекциялары, көп улуттуу совет искусствосунун өкүлдөрүнүн чыгармалары бар. Музей коллекцияларынын негизин кыргыз сүрөтчүлөрү С. А. Чуйков, Г. Айтиев, С. Акылбеков, В. В. Образцов, А. И. Игнатьев. О. М. Мануйлова, Л. И. Ильина А. Н. Михалёв, Л. Ф. Деймант, Ф. М Стукошин, К. Керимбеков, Ж. Кожахметов, А. Усубалиев, Д. Н. Флекмаг Т. Садыков, Ж. Уметов жана башкалардын чыгармалары түзөт. Кыргыз мамлекеттик сүрөт өнөр музейи — республикабызда болгон коллекцияларды кеңири пропагандалоочу (илимий конференция, экскурсия, лекция, туруктуу жана көчмө көргөзмөлөр: башка музейлер менен экспонат алмашуу жана сүрөт өнөрүнүн жалпы проблемаларына, кыргыз сүрөт өнөрүнүн өнүгүшүнө байланыштуу маселелерди иштеп чыгуучу илимий-көркөм мекеме. Мында маданият университети иштейт. Көргөзмөлөрдүн каталогдору, альбомдор, буклеттер, справочниктер, афишалар чыгарылып турат.

Кыргызстан сүрөтчүлөр союзу — республикадагы сүрөтчүлөрдүн (живописчилерди, скульпторлорду, графиктерди), жасалга-колдонмо өнөрүнүн чеберлерин жана искусство таануучуларды бириктирген коомдук чыгармачыл уюм. СССР сүрөтчүлөр союзунун карамагына кирет. 1933-жылы уюштуруу комитети тузүлүп, 1934-жылы жетекчи органы шайланган. Союз сүрөтчүлөрдүн чеберчилиги менен талант кудуретин өстүрүүгө, чыгармалык изденүүлөрүнө көмөктөшүп, жаштардын чыгармалык жактан калыптануусуна кам көрөт. Сүрөтчүлөрдүн профессионалдык жана теориялык деңгээлин көтөрүү бонча иш жүргүзөт: чыгармачыл талкуу, командировка, түрлүү сүрөт көргөзмөлөрүн, конференция жана башкаларды уюштурат, мыкты сүрөт үлгүлөрүн элге пропагандалоого көмөктөшөт.

Союздун карамагына Кыргыз ССР сүрөт фондусу менен сүрөтчүлөрдүн Ош облусу бөлүмү кирет. Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун жетекчи органы — съезд. Анда Союздун башкармасы шайланат. Жумушчу уюму — Президиум.

Кыргыз ССРинин тарыхы. Орозалиев Д. "Мектеп" Фрунзе. 1983

Кыргыз ССРинин энциклопедиясы.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)