Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Кыргыз-Нор

Кыргыз-Нор, Кыргыз-Нур (моңголчо Хирхис-Нор) — Түндүк-Батыш Моңголиядагы көл. Кыргыз-Нордун аталышына байланыштырып, аны кээ бир окумуштуулар (В. Бартольд, Л. Кызласов) кыргыздардын байыркы мекени катары түшүнүшкөн. Буга кытай хроникаларындагы кыргыздардын ээлиги хунн ханынын (к. Модэ шанүй) ордосунан 7 миң ли батыш, Чеши өлкөсүнөн 5 миң ли түштүктө жайгашкан деген маалымат себеп болгон. 1987—2000-жылдары бул жерде археологиялык казуулар жүргүзүлүп, орто кылымга чейин гяньгунькыргыздардын жашабагандыгы далилденген. Айрым окумуштуулардын (Л. Боровкова, Ю. Худяков) пикири боюнча кыргыздардын ээлиги ДзосотынЭлисун чөлүнүн батышы, чыгыш Тянь-Шандагы Боро-Хоро тоолорунун түндүгүнөн орун алып, жужаңдардын кысымы менен 5- жана 6-кылымдын 1-жарымында гана Енисейге жылышкан. Уйгур кагандыгынын талкаланышы менен (840) Кыргыз-Нор кыргыздардын карамагында калган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)