Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана Манас элдик эпосу

"Кыргыз мамлекеттүлүгү жана "Манас" элдик эпосу" – Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаевдин фундаменталдуу эмгеги. 2002-жылы жарык көргөн. 600 беттен, 17 бөлүмдөн турат. Бул китепте А. Акаев окумуштуу жана ойчул катары кыргыз элинин кылымдарды карыткан бай тарыхын чагылдырат. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн биздин заманга чейинки 3-кылымдын акырындагы алгачкы башаттарынан азыркы мезгилге чейинки тарыхы талдоого алынат. Китептин өзөгүн – көөнө тарыхтын табышмактары менен сырлары, мамлекеттүүлүктү чыңдоонун бүгүнкү күндөгү маселелери, Кыргызстандын болочок тагдыры, ошондой эле баатырдык, тарыхый – поэтикалык «Манас» элдик эпосунун эбегейсиз мааниси жөнүндөгү ой жүгүртүүлөр түзөт. Бул китеп – Ата-Мекен тарыхына мамлекет башчысы А. Акаевдин терең иликтеген көп жылдык эмгектеринин жыйынтыгы. Анда, кыргыз малекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын аныктоодо дүйнөлүк маалыматтар менен бирге кыргыз элинин негизги энциклопедиясы болгон «Манас» эпосу чоң түрткү болгондугу көрсөтүлгөн.

"Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия" Бишкек 2003.

"Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору"

"И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети"







Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)