Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Кыргыз мамлекеттик жаштар жана жеткинчектер театры

Кыргыз мамлекеттик жаштар жана жеткинчектер театры Б. Кыдыкеева атындагы 1989-жылы Бишкекте уюшулган. Туңгуч директору Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер И. Төкөлдөшев болгон. Алгачкы артисттери Москвадагы М. С. Щепкин атындагы театр институтунун бүтүрүүчүлөрү болушкан. Театр драматург Ж. Садыковдун «Эр Төштүк» (режиссёр Б. Абдылдаев) драмасы менен ачылган. 2004-жылы Б. Кыдыкееванын ысмы берилген. Театрда кыргыз драматургдарынын жана чет өлкөлүк классиктердин чыгармалары коюлууда (Б. Жакиевдин «Алтын аяк», Н. Жүндүбаеванын «Кыз Сайкалдын арманы», Ж. Өзүбекованын «Саргайган күндөлүк», Ч. Калыбекованын «Мен да бактылуу болгум келет», Ж. Кулманбетовдун «Талант жана тагдыр»,- «Чыңгыз менен Бүбүсара», Б. Өмүралиевдин «Найман эне», У. Шекспирдин «Жайкы күндө көргөн түш», С. Ахмеддин «Күйөө бала» ж. б.). Труппада Т. Турсунбаева, К. Медетбеков, Б. Кыдыкеева, Б. Алиев, Б. Бейшеналиев, Н. Мамбетова, Д. Байтөбөтов, А. Сарлыкбеков, К. Атамкулова, К. Осмонов, Г. Ташматова, Ш. Касымалиева ж. б. эмгектенишкен. Кийинки муундун өкүлдөрү: Ч. Калыбекова, Т. Мамытов, Р. Курманалиев, А. Эсеналиева, Н. Аскарбек кызы, А. Темирова. Театр жыл сайын таланттуу жаштар менен толукталып турат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)