Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы

КР Өкмөтүнө караштуу КМЮА — Бишкек шаарындагы жогорку юридикалык окуу жайлардын бири.

Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 12-августундагы №264 Жарлыгы менен түзүлгөн.

Канат Керезбеков–КМЮА ректору.

Бакыт Айтахунов – Административдик-чарба иштери боюнча проректор.

Ирина Дмитриенко – Окуу иштери жана инновациялык өнүгүү боюнча проректор.

Сот-прокурордук факультет — КМЮА Илимий кеңешинин 2006-жылы 8-майда чыгарган чечими менен түзүлгөн.

Факультетеги окуу процессин жогорку кесипкөй профессорлук-окутуучулук курам камсыздайт. Факультетте 37 кызматкер иштейт, алардын ичинен 1 Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, 3 илимдер докторлору, 15 илимдер кандидаттары бар.

Декандын милдетин аткаруучу — Айбек Кошойбек, КМЮА жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим Министрлигинин Ардак грамоталарынын ээси.

Адвокатура жана юстиция факультети 2004-жылы 21-февралда түзүлгөн.

Факультеттин профессорлук-окутуучулук курамын 52 кызматкер түзөт. Алардын ичинен 1 илимдер доктору, 10 илимдер кандидаттары, 8 ага окутуучу жана 22 окутуучу.

Деканы — юридика илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу, КМЮА Ардак грамотасынын ээси Данияр Сардарбекович Жумалиев.

Укук жана ишкердүүлүк факультети 2003-жылдын 1-сентябрынан тартып иш жүргүзүүдө жана КМЮА түзүм бөлүмү болуп саналат.

Деканы — ю. и. к., доценттин м. а., КР билим берүү отличниги, КР билим берүү жана илим Министрлигинин, КР Сот департаментинин, КМЮА Ардак грамотасынын ээси Эркинбек Жакыбакунов.

КР Өкмөтүнө караштуу КМЮА тергөө-криминалистикалык факультети өз ишин КР Конституциясынын, КР мыйзамдарынын, КР билим берүү жана илим Министрлигинин ведомстволук ченемдик-укук актыларынын, КМЮА жөнүндөгү Жобонун, факультет жөнүндөгү Жобонун негизинде КМЮА бөлүмдөрү, кафедралары жана кызматтары менен тыгыз байланышта жүргүзөт.

Тергөө-криминалистикалык факультети КМЮА окуу-илимий жана административдик бөлүмү катары ички иштер, прокуратура, улуттук коопсуздук, финансы полициясы, бажы органдары үчүн юриспруденция тармагында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо максатында 2004-жылы түзүлгөн.

Деканы — Эрнис Исаматов. Декандын орун басары — Нарынбек Кубатбек уулу.

Эл аралык-укук факультети 2009-жылы түзүлгөн.

Деканы — Арстан Мамбеткулов, доцент, ю. и. д., «КР билим берүү отличниги».

Декандын орун басары — Улан Жолдошбекович Сабиров.

Башкаруу жана укук факультети 2005-жылы 17-октябрда түзүлгөн.

Деканы — ю. и. к., доценттин м. а. Рахат Ибраимов.

Сырттан окуу факультети 15-мартта 2004-жылы түзүлгөн жана КМЮА окуу жана административдик бөлүмү болуп саналат.

Деканы — Мускай Секенович Исмаилбеков.

Юридикалык колледж КМЮА Жогорку колледжин жоюудан кийин 17-октябрда 2005-жылы түзүлгөн.

Зулкарнаин Бейшеналиев - юридикалык колледждин мүдүрү, п. и. к., доцент, КР юстиция отличниги, КМЮА эмгек сиңирген кызматкери.

Жакшылык кызы Гүлкайыр - окуу иштери боюнча мүдүрдүн орун басары.

Митхун Мырзабаев - тарбия иштери боюнча мүдүрдүн орун басары.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)