Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Кыргыз мамлекеттик искусство институту (КМИИ)

Кыргыз мамлекеттик искусство институту (КМИИ) Б. Бейшеналиева атындагы — республикадагы жогорку музыкалык билим берүүчү окуу жайы. 1967-жылы Фрунзеде уюшулган. 1974-жылы институтка Б. Бейшеналиеванын ысмы берилген. Адегенде институтта 14 кафедрадан турган 3 факультет (фортепьяно — теориялык, вокалдык-оркестрлик, маданий-агартуу иштери) жана сырттан окуу бөлүмү болсо, 1993-жылы социалдык-маданий ишкердүүлүк, хор жана оркестрди дирижёрлоо, театр жана кино факультеттерине 12 багыттагы 24 кесиптик адистерди хор коллективинин, социалдык-маданий тейлөөнүн, эл аспаптар, эстрада оркестрлеринин, фольклор ансамблинин, хореографиялык коллективдин менеджерлерин, актёрдук искусство, хореография режиссёру, үн режиссёру, адабий чыгармачылык (киносценарий), театр таануу, кино таануу, музыкалык билим берүү, экономика жана башкаруу даярдай баштаган. 1992-жылдан эстрада оркестрлеринин, ансамблдердин жетекчилерин, актёрлорду, режиссёрлорду, педагогхореографтарды даярдайт. 1996-жылы «Музыка жана ырдоо» кафедрасы ачылып, анда жалпыга билим берүүчү мектептердин музыка мугалими даярдалат. Ректорлору: Т. Мусулманкулов, Н. Давлесов, К. Сартбаева, К. Молдобасанов, А. Асакеев, 2000-жылдан С. Субаналиев.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)