Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыргыз мамлекетинин негизделиши жана онугушу

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Кыргыз мамлекетинин негизделиши жана онугушу

Орто Азияны улуттук мамлекеттуулукторго болуу. Кара Кыргыз автономиялуу облусунун тузулушу Орто Азияда контрреволюциячыл кучтор, озгочо басмачылардын кыймылы басылгандан кийин гана бул аймакты улуттук-мамлекеттерге болуу мумкунчулугу тузулгон. Туркстан АССРинде озбек, туркмон, кыргыз болумдору иштешип, аймактагы элдердин этностук курамын, экономикалык жана географиялык чектерин такташкан. 1922-жылы 30-декабрда Советтердин Буткул Россиялык I съезди РСФСР, Украина, Белоруссия жана Закавказье Федерациясын бириктирип, Советтик Социалисттик Республикалар Союзун (СССР) жарыялаган. 1924-жылы 31-январда Советтердин II съезди СССРдин биринчи Конституциясын бекиткен. Федерациялык негизде бирдиктуу союздук мамлекеттин тузулушу улуттук мамлекеттик бирикмелердин пайда болушун тездеткен.

Туркстан АССР Советтеринин II съездинде (1924-ж.) кыргыз делегаттары Кыргызстанды озунчо автономиялык бирдик катары тузууну суранышкан. Бирок кыргыздардын улуттук автономиясы Туркстан АССРине, Бухара жана Хорезм республикаларынын курамындагы озбек, туркмон, тажик элдерине автономия бергенде гана чечилмек. 1924-жылдын сентябрына карата жаны тузуло турган мамлекеттердин калкын жана чегараларын тактоо иштери негизинен аяктаган. 860 мин адамдан турган кыргыз эли Туркстан АССРинин Жетисуу, Фергана, Сырдарыя жана Самаркан облустарында жашары аныкталган. Мындан тышкары 210 миндей кыргыз Памирде, Бухарада, Батыш Кытайда жашаган. РСФСРдин Буткул Россиялык Борбордук Аткаруу Комитети 1924-жылы 14-октябрда Бухара, Хива Республикаларынын, Туркстан АССРнин элдеринин эркине ылайык, Орто Азия элдерин улуттук мамлекеттерге болуу жонундо токтом кабыл алган. Ошентип, революцияга чейин эле бытырап болунгон кыргыз, озбек, тажик, туркмон, казак жана кара калпак Жерлери кайрадан бириктрилген.

[ushka=seredina]

Натыйжада Туркмон ССРи, Озбек ССРи, Тажик автономиялуу облусу, РСФСРдин курамында Кара Кыргыз автономиялуу облусу, Казак АССРинин курамында Кара-Калпак автономиялуу облусу тузулгон. Кара Кыргыз автономиялуу облусунун РСФСРдин курамына отушу жонундогу маселе зор кыйынчылык менен чечилген. Анткени Р. Кудайкулов башында турган топ Кыргызстанды Казак ССРинин курамына киргизуу учун курошкон. Жаныдан тузулгон республикалар менен облустардын чектерин тактоо менен катар эле, аларга мурда Туркстан АССРине, Бухара, Хорезм республикаларына караган капиталдык байлыктар - фабрика, завод, айдоо аянттары, мал жана башка байлыктар болуштурулуп берилген. Мамлекеттуулукторго болунуу менен Орто Азия элдеринин оз тагдырын озу чечуу укугу кандайдыр бир денгээлде чечилген.

Кара Кыргыз автономиялуу облусуна мурдагы Туркстан АССРинин Жетисуу облусунун Бишкек, Нарын, Каракол уезддери дээрлик бут бойдон, Ош уезди, Анжиян уездинин 10 болушу, Наманган уездинен дагы 10 болуштук, Фергана областынын Кокон уездинен 2 болуштук, Сырдарыя областынан Олуяата уездинен 14 болуштук кирген. Статистика бюросунун маалыматы боюнча облустун калкы 828,3 мин адамды тузуп, анын 63,5 пайызын кыргыздар, 15,4 пайызын озбектер, 16,8% пайызын орустар, 4,3% пайызын башка улуттар тузгон (1924). Автономиялуу облустун аймагы болжол менен 200 мин чарчы км, 6 шаар, 321 айыл ошондой эле 5 хутор болгон. Ошентип, кылымдар бою чачыранды болуп болунуп келген кыргыз эли автономия формасында болсо да, бирдиктуу улуттук мамлекетке бириктирилген. Кара Кыргыз автономиялуу облусу тузулгондон кийин Кыргызстанда партиялык жана советтик бийлик органдары уюштурулуп, 1924-жылы 18-октябрда РКП(б) БКнын Саясий бюросу Кара Кыргыз автономиялуу облусунун Убактылуу партиялык бюросунун ошондой эле революциялык комитетинин (ревком) курамын бекиткен. РКП(б) Кыргыз обкомунун партиялык бюросунун 1-катчылыгына Михаил Каменский, 2-катчысы болуп Жусуп Абдрахманов, облустун ревкомитетинин торагалыгына Иманалы Айдарбеков дайындалган. Облустук ревкомдун алдында тузулгон комиссия, кийин Мамлекеттик пландоо комиссиясы делип аталып, географиялык, чарбалык-экономикалык, финансылык иштерди тейлей баштаган.

Кыргызстандын калкынын санын, улуттук курамын, айдоо аянттарын, малдын санын, токой байлыктарын тактоо боюнча иштер жургузулгон. Облустук борбордун жоктугуна байланыштуу облустук ревком адегенде Ташкенде турган, ал 1924-жылдын декабрында гана Пишпекке (Бишкек) кочуп келген. Ошондон тартып Бишкек ш. Кыргызстандын борбору болуп калды. Облустук ревкомдун президиуму Кыргызстанды башкаруу учун Жалалабат, Каракол-Нарын, Бишкек жана Ош округдарын тузгон. Облустук ревкомдун алдында атайын комиссия тузулуп, ал мамлекеттик жана чарбалык штаттарды тактаган. Жергиликтуу элден чыккан. мамлекеттик жана чарбалык иштерди билген адистердин жетишсиздиги мамлекеттуулуктун алгачкы жылдарында озгочо кыйынчылыктарды туудурган.

22-декабрда облустук ревком Турдалы Токтобаевди Кыргыз автономиялуу облусунун Москвадагы Буткул Россиялык Борбордук Аткаруу Комитетиндеги окулу кылып дайындаган. 1925-жылы 15-январда облустук ревкомдун кенешмесинде Кара Кыргыз автономиялуу облусунун тузулгондугу жонундо Декларация кабыл алынып, Кыргызстандын мамлекеттуулугу салтанаттуу турдо жарыяланган. Декларация жарыяланган 16-январь майрам куну катары белгиленген. 1925-жылы 27-30-мартта Бишкекте автономиялуу облустун уюш¬туруу съезди откон. Ага 135 делегат катышып, анын ичинде 18 жумушчу, 25 дыйкан, 8 кызматкер, 8 студент болгон. Съездге Кыргызстанда жашаган бардык улуттар: 81 кыргыз, 29 орус, 8 озбек, 3 украин, жана башка 14 улуттун окулдору катышкан. Советтердин Уюштуруу съезди Кыргыз автономиясынын аткаруучу органы - Советтердин облустук аткаруу комитетин (облатком) шайлаган, ага 51 адам кирген. 1925-жылы 31-мартта облустук облаткомдун 1-пленумунда такай иштоочу, 11 адамдан турган облаткомдун Президиуму шайланган.

Анын торагалыгына мурдагы батрак, кийин жумушчу болуп иштеген, Совет бийлиги учун жигердуу курошкон Абдыкадыр Орозбеков дайындалган. Советтердин уюштуруу съезди Кыргыз элинин мамлекеттуулугунун калыптануусунда маанилуу роль ойногон. Мамлекеттуулукко ээ болуу менен чегара маселелери такталган, кыргыз эли оз жерине ээ болуп, экономиканын жана маданияттын жогорулашына - улуттун кайра жаралышына шарт тузулгон. Бийлик учун курош. Отузчулардын каты Кыргыз обкомунун 1-катчысы М. Каменский облусту жетектоодо бир катар кемчиликтерди кетирип, Сталиндин ыкмасы боюнча озунун жеке бийлигин орнотууга аракет кылган. Бул максатына жетиш учун А. Сыдыков менен Р. Кудайкулов жетектеген эки топтун каршылыгын пайдаланат.

Ал Р. Кудайкулов жетектеген топту колдоп, облустагы татаал абалды ого бетер курчуткан. М. Каменский Кудайкуловдун тобу аркылуу Кыргызстандагы ото таасирдуу куч болгон А. Сыдыковдун тобун талкалоону коздогон. 1925-жылы мартта откон облустук партиялык конференцияда М. Каменский А. Сыдыковдун пикирлеши, ото таланттуу адис Ю. Абдрахмановду кызматынан (партиянын обкомунун 2-катчысы) бошоткон, ошондой эле Кара Кыргыз автономиялуу облусунун Ревкомунун торагасы И. Айдарбековго жалган жалаа жабылып, ал облустук аткаруу комитетинин торагалыгына шайланбай калган. Партиянын Кыргыз обкомунун ашкере саясатын ооздуктоо учун Кыргызстандын белгилуу 30 кызматкери 1925-жылы июнда РКП(б) БКга жана партиянын Орто Азиялык бюросуна кат жазышып, анда партиянын Кыргыз обкомунун акимдик-буйрукчул саясатын сынга алышкан. Бул документ «отузчулардын» каты деп аталган. ВКП(б) БКнын Орто Азиялык бюросу тарабынан бул иш-аракет бай-манап элементтердин партийны болуп жарууга кылган аракети катары бааланын, ага кол койгондордун бардыгы куугунтукталып, кызматтарынан алынган, айрымдары Кыргызстандан кетирилген. «Отузчулардын» катын уюштуруучулар катары А. Сыдыков менен И. Арабаев партиянын катарынан чыгарылган. Ал эми бийлик учун курошто экинчи топту жетектеген Р. Кудайкулов жон гана эскертуу алуу менен чектелген. Бирок Р. Кудайкулов озунун адамдары менен Пишпек округунда оор кылмыш иштери учун 1926-жылы партиядан чыгарылып сот жообуна тартылган.

Анын ишин жактаган кызматкерлер жумуштан бошотулган. Облустун жетекчи кызматтарына Т. Айтматов, X. Шоруков, Э. Эсенаманов, X. Жээнбаев, К. Камбаров, С. Кулматов. О. Алиев жана башка келишкен. Партиянын облустук комитетинин 1-катчысы Н. А. Узюков облустагы партиялык жана советтик активди баш коштуруу учун бир топ иштерди жасаган. 20-жылдардын ортосунда партиянын биримдигин сактоо учун партиянын линиясына туура келбеген ой-пикирлерге, фракцияларга биригууго, саясатка каршы пикир айтууга тыюу салынып, партиянын бийлиги чындалган. Кыргыз автономиялуу республикасы Кара Кыргыз автономиялуу облусунун уюш туруу съездинде (1925-ж. март) делегаттар союздук окмотко Кара Кыргыз автономиялуу облусун Кыргыз автономиялуу облусу, ошондой эле облусту Кыргыз Автономиялуу Республикасына айландыруу отунучу менен да кайрылган. Буткул Россиялык Борбордук Аткаруу Комитетинин 1925-жылы 25-майдагы чечими менен Кыргыз автономиялуу облусу болуп аталган.

Буткул Россиялык Борбордук Аткаруу Комитетиин (БАК) чечимине ылайык 1926-жылы 1-февралда Кыргыз автономия облусунун ордуна Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасы тузулуп, ал РСФСРдин курамында болгон. 1927-жылы 7-12-мартта откон Кыргыз АССР Советтеринин 1-съездинде Кыргыз АССРинин тузулгондугу расмий турдо жарыяланган. Кабыл алынган Декларацияда кыргыз элинин оз тагдырын озу чечуу укугу аныкталып, Кыргызстанда жашаган элдердин оз ара ынтымакташтыгынын негизги принциптери жарыяланган. Съездде жалпыга бирдей окуу милдетин киргизип, араб алфавитинен латынчага отуу жонундо маанилуу чечим кабыл алган. Советтердин 1-съезди республиканын туштугундо жер-суу реформасын жургузууну бийлик органдарынын кезектеги милдети деп жарыялаган. Анткени бул жакта жерсиз жана жери аз дыйкандар 60 пайызды тузуп, жердин кобу ири жер ээлеринин колунда болгон. 1927-жылы 12-мартта Кыргыз АССРинин БАКтын Президиумуна 17 адам шайланган.

Президиумдун торагалыгына А. Орозбеков шайланат. Сессияда Кыргызстандын окмоту - Эл Комиссарлар Совети (ЭКС) тузулуп, Юсуп Абдрахманов анын торагасы болуп дайындалган. Эл Комиссарлар Советине жер, финансы, эл агартуу, эмгек, жумушчу-дыйкан инспекциясы боюнча эл комиссарлары кирген. Республикада мамлекеттик саясий жана статистика башкармалыктары тузулгон. Кыргыз АССРинин мамлекеттик бийлигинин жогорку органы Советтердин съезди эсептелип, Ал Борбордук Аткаруу Комитетин шайлап, анын отчетун уккан. Республиканын окмоту да бул съездге отчет берген, СССР БАКнын Улуттар Советине окулдорду, Советтердин Буткул Россиялык съезддерине делегаттарды шайлаган. Кыргыз АССРинин советтеринин съезди РСФСРдин Конституциясына ылайык, Кыргызстанда мыйзам чыгаруучу бийликтин милдетин аткарып, Кыргыз АССРинин Конституциясын иштеп чыгып, кабыл алуу укугу берилген. Бул орган шайлаган БАК ар бир уч айда сессияга чакырылып, иш жургузгон.

БАКтын Президиуму декреттерди жана токтомдорду чыгарып турган. БАК Эл Комиссарлар Советин тузгон, анын ишинин багытын аныктаган жана эл чарбасын онуктуруунун планын иштеп чыккан. Кыргызстандын Эл Комиссарлар совети - аткаруучу бийлик катары мамлекеттик жогорку жана жергиликтуу бийликтердин иштерин жонго салган. Жер-жерлерде болсо бийликти: Советтердин кантондук, райондук, болуштук съезддери жана алардын комитеттери, ошондой эле шаардык, айылдык Советтер жургузгон. 1929-жылы 25-30-апрелде Кыргыз АССР Советтеринин II съездинде Кыргыз АССРинин Конституциясы кабыл алынган. Конституция республиканын жаны мамлекеттик жана коомдук тузулушун бекиткен. Кыргызстанда жашаган бардык элдердин тен укуктуулугу жарыяланып, алар оз тилинде билим алуу укугуна ээ болушкан. Кыргыз АССРинде мамлекеттик тил катары кыргыз жана орус тилдери эсептелген. Мамлекеттик кызматкерлер бул эки тилди тен билууго милдеттуу болуп, натыйжада кыргыз тилинин ролу жогорулап, анын осушу учун ынгайлуу шарттар тузулгон.

Кыргыз АССРинин Конституциясы мамлекеттик улуттук символдор - желекти жана гербди бекиткен. Республиканын борбору - Фрунзе ш. аныкталган. 1936-ж. 5-декабрда СССРдин Советтеринин 8-съездинде СССРдин экинчи Конституциясы кабыл алынган. Ушул кундон Кыргыз АССРи Кыргыз ССРине айланып, СССРдин курамына тен укуктуу союздук республика катары кирген. Бул окуя кыргыз элинин мамлекеттуулугунун тарыхындагы чон жетишкендик болгон. Кыргыз элинин бул жениши республиканын буга чейинки тарыхый онугуусу менен шартталган. Кыргыз ССРинин тузулушу учун Кыргыз АССР БАКтын торагасы А. Орозбеков, Кыргыз АССР ЭКСтин торагасы Ю. Абдрахманов, Б. Исакеев жана башка чон эмгек синиришкен.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 30968, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-05-03
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу