Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Кыргыз казак чек ара маселеси

КЫРГЫЗ-КАЗАК ЧЕК АРА МАСЕЛЕСИ (18-к.) – Жуңгар хандыгы жоюлгандан кийин мурунку чек араларды калыбына келтирүүгө жасалган аракет. Кыргыздар ал учурда аягы Алай–Фергана, башы Иле д-сын чек ара деп санап, Иленин сол жээги Каркыра, Кеген, үч-Алматы, Сарытокум, түндүгү Байгара–Жамбыл тоолорун бошотуп алуу үчүн калмак м-н күрөшкөн. Калдаң Серен өлгөндөн кийин (1745) Жуңгарияда башталган ич-ара чыр-чатактардын күчөшү, орустардын Жайык (Урал), Иртыш д-нын жээгине аскер чептерин куруп, Азияга тереңдеп кириши ж-а Цин империясынын Чыгыш Түркстанды басып алып, Иле д-нын боюна чеп (Кулжа) салышы м-н Борб. Азиядагы саясий кырдаал кайрадан курчуп чыккан. Анткени жайыт, конуштары тарыган казактар аргасыз түш.-чыгыш, түштүк тарапка жылып, коңшу өлкөлөрдүн (каракалпак, кыргыз ж. б. Хива, Кокон хандыктары) ички ишине кийлигишүүнү баштап, а. и. Орто ж-а Улуу Жүзүнүн кээ бир уруулары Ташкент, Сыр-Дарыя – Талас сууларынын аралыгы ж-а Иле д-сынын сол жээгин ээлеп калууга умтулган. Натыйжада Эсенкул баатырдын демилгеси м-н Капкада кыргыздардын жыйыны өтүп, Ташкенттен тышкары Таластан Илеге чейинки жерлерди ар уруулар өз бетинче коргоп турмай болушкан. Буга чейин Сыр-Дарыя тараптагы чек ара калыбына келип, 1739-ж-дан 1749-ж. чейин Ташкентке кыргыздын Кусек-бийи (Кусяк, Кушук-бек) ээ болгон (Н. Аристов ал эмес 1766-ж. да Ташкент кыргыздарга салык төлөп турганын эскертет). Андан кийин кыргыз бийлеринин (Маматкул, Кошой ж. б.) «көрүнөө аттанып, Чүй аягы – Талас, Байгара, Жамбыл – ушул өз конушубузду алалы, Иледен нары өтпөйлү» деген чечими б-ча 1750–55-ж. кушчу, саруу, кытай ж-а каба саяк Талас, чакыр саяк Кегети – Ысык-Ата, солто Ак-Суу – Кара-Балтадан Олуя-Ата, сарыбагыштар Кеминден Илеге чейинки жерди коргоого алган. Орус маалыматтары б-ча Жуңгар хандыгы жоюлгандан кийин кыргыз, казак чек арасы Ташкент шаарына сексен чакырым жетпей, Икандан (И. Андреевде «Кукан», Н. Аристовдо «Инак») Чүй (Цуй) суусуна карай имерилип, Иле д-нын таралмасынан ылдый, Балхаш көлүнө жүз чакырым жетпей чектелген. Ал эми казактардын чек арасы «Балхаш көлүнүн Иле куйган жеринен түз Сыр-Дарыяга, андан Арал деңизине (Эмба суусунун куймасы) өткөн. Найман уруулары Балхаштын куймасы Жийде-Сууга (Жидысу) жакын жерде отуруп, эгер бир-бирине доосу жок болсо «тоолук кыргыздар» м-н чогуу туруп, бир жаңжал башталса Жидысу тарапка көчүшкөнү» белгиленген. Башкача айтканда Иле д. кыргыз-казак ж-а кыргыз-кытай чек арасы болуп калган (к. Кыргыз-кытай чек ара маселеси). Бирок казактар көптүк кылып, кыргыздарды кысымга алышкан. Мис., 1748-ж. Абылхайр ханды өлтүрүп, Түркстанга (Икан) көчүп келген Барак султан 1749–50-ж. Боролдой, Кочкор-Ата (азыркы Чымкент ш-нын чыгышы), кийинки жылдары дуулат, сары уйсун уруулары Аңыракай (Жайсаңдын жотосу, Кулжа-Башы-Куу-Чоку), 1760–65-ж. Абылай, Абылпейиз султандар жетектеген Орто жүз уруулары бир нече жолу Иле, 1766–69-, 1773–74-ж. Талас тараптан кол салып турган. Бирок чечкиндүү каршылыкка учурап, жеңилүүгө дуушар болушкан. Кыргыздар чек арасын чактысы келсе чогуу, кээде жалгыздап (уруулар) коргоого мажбур болушкан ж-а аз сандуу болушканына карабай, өз жерине душманын киргизген эмес. Мис., 1770–71-ж. Волга жээгинен Жуңгарияга карай качкан калмакты Сарытокумдан (каз. «Сары-тау-кум», кыт. «Шара-бек») тосуп, кытайлыктар койгон Тамга кароолуна (Иле д-нын оң жээги) чейин кууп жеткирген. Кыргыз, казак чек арасынын мындай абалы 1780-ж. Абылайдын чабуулуна чейин өзгөрүлгөн эмес. Бул согушта кыргыздар жеңилүүгө учурап, натыйжада кыргыз бийлери Абылайдын сунушу м-н тынчтык мамилесин бекемдөөгө киришкен. 1780-ж. сол канаттан Туума бий, Мама бий, солтодон Кебек бий, Түлөберди, сарыбагыштан Эсенкул, Атаке баатырлар, бугудан Бирназар бий, чакыр саяктан Жанболот, Качыке, каба саяктан Сейит м-н Келдибек бийлер чогулуп, Абылай хан м-н жер чегин ажыратып келишкен. Ал б-ча чек ара батышы Күйүктүн белинен үч-Буурул (Кичи-Буурул, Орто-Буурул, Чоң-Буурул) тоолору, андан Түймөкент, Абылкайырга (Арыс, Бадам, Кочкор-Ата өзөндөрү) өтүп, Курагаттынын Чүйгө куйган жеринен (Уландын Учугу) Чокмордун кайкысына, андан Илеге түшүп, үч-Алматыны камтууга тийиш болгон. Сарытокум казактарга тийген. Чек ара б-ча кабыл алынган мындай бүтүм Кокон хандыгынын күч алышына чейин сакталып, Россия империясына каратылгандан кийин өзгөрүүгө учураган.

Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 1. Б., 1994,

Асанов Т. И. XVIII-XIX кылымдардагы кыргыз-казак чек ара маселелери. //Алымбектин санжырасы. Б., 2007,

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)