Кыргыз эли

Биздин эранын 636-жылы Таң Лиң, куделер түзгөн "Жов тарыхы" деген ханзуча (кытайча) тарыхтын 50 түрмөгүндө (тароосунда) кыргыздардын теги жөнүндө мындайча тотемдик миф жазылып калган: "Түрктөрдүн теги сак элинен болгон имиш, алар хундардын түндүк жагында жашачу экен. Апаңгу замананына келгендө эли ойрондолуп, 17 бала гана соо калган имиш.

Ошолордун ичинде бир катындан туулган бала "ижиничту" Саратан атанын кызын алыптыр. Дагы бирөө атанын кызын алыптыр. Ал жаан жаадырып, шамал чыгара алат экен. Андан төрт уул төрөлүптүр. Ал уулдарынын бирөө аккууга кубулуп кетиптир; бир уулунун эли Абакан суусу менен Кем суусунун аралыгында жашайт экен да, кыргыз аталат экен; дагы бир уулунун эли Чоң Кем суусунун алабында жашап калыптыр; ал эми чоң уулу Баш Кем тоосун ээлеп калган имиш.

Tоо арасында Апаңбу тукумундагылар жашоочу экен. Алар чоң уулуна бийлик берип, түрк деп аташыптыр. Ал мурда Натолуш деп аталчу экен. Ал да он катын алыптыр. Туулган балдарынын баары эне тукумуна уйкаш аталыптыр. Ашнашыр кичи катындан туулган үчүнчү бала экен. Ал терекке жармашып чыгууга кыйын экен да, эң бийикке чыга алат экен.

Ошого ал Натолуштун хандык мурасчысы болуп, Ашеншин деп аталыптыр". Мамлекетибиздин "25 тарых" китебинин бирөө болгон "Жов тарыхындагы" бул тотемдик мифте, кыргыздардын чыгыш теги "Саратан ата" деп аталган "Жай теңиринин" жана "Аяз ата" деп аталган "Кыш теңиринин" "тукумдук" байланышынан дарек берип жатат. Бул мифтик баяндан караганда, бул наристе элестетүү тээ "энелик доор" мезгилигде эле чыккан түрү бар. Андай дегендин себеби "балдары энесине уйкаш аталган" деген сүйлөм менен көрсөтүүгө болот. Демек, жазма тарыхтагы кыргыздардын теги жөнүндөгү бул тотемдик миф баяны кыргыз мифтеринин эң байыркы мифтик түшүнүгү, мифтик көркөм баяндалышы болуп эсептелет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)