Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Кыргыз балдар адабияты

Кыргыз балдар адабияты — кыргыз адтынын бир бутагы. Кыргыз балдар адабиятынын жаралышы, кыргыз совет адабиятынын пайда болушу жана өнүгүш тарыхы менен тыгыз байланыштуу. Жалпы профессионал адабият сыяктуу эле Кыргыз балдар адабиятынын да өсүп чыккан табигый булактарынын бири – фольклор. Оозеки адабиятта балдарды адамгерчиликтүү сапаттарга, патриоттук сезимге үндөгөн жаш муунга таалим-тарбия берүүчү элдик чыгармалар ар кыл темадагы жомоктор («Асан жана үсөн», «Акылдуу бала», «Элчи бала», «Күч бирдикте» жана башка), бешик ырлары, оюн ырлары, санат, насыят чыгармалар, табышмактар, жаңылмачтар көп жаралган. Кыргыз балдар адабиятынын түзүлүшүндө жана өнүгүшүндө ырчылар поэзиясынын классиктеринин (Токтогул Сатылганов, Тоголок Молдо, Барпы Алыкулов) балдарга арналган чыгармаларынын мааниси чоң. Басма бетинде биринчи К. Баялиновдун «Чабалекей менен жылан», «Түлкү менен суур» (1927), «Жетилген жетим» (1928), «Мурат» (1929) аңгемелери жарыяланган. 20-30-жылдары А. Токомбаевдин «Жетим» (1927), «Эшим жетим» (1928) поэмалары, С. Сасыкбаевдин «Кичинекей жумушчу» (1932), «Чабандын баласы жана көк музоо» (1935), К. Маликовдун «Сарала козу», «Бактылуу кыз» (1936), «Сулайманов Керимбек» (1937), К. Жантөшевдин «Мендирман» (1938), Ж. Бөкөнбаевдин «Балдар үчүн ырлар» (1939), Т. үмөталиевдин «Күч бирдикте» (1939), Н. Байтемировдун «Жомоктор» (1939), К. Эсенкожоевдин «Шарше», «Саякатчы бала» (1937), «Родинанын уулу», «үчүнчү шар», «Канаттуулардын сыры» (1939) жана башка чыгармалар жаралган. Булар кыргыз жазма адтындагы К. б. а-нын туңгуч көркөм туундулары эле. К. Баялиновдун «Ал эми жетим эмес», Т. Сыдыкбековдун «Кичинекей патриоттор», «Сагынбадымбы», С. Сасыкбаевдин «Партизандын уулу» аңгемелери, А. Токомбаевдин «Бүркүт менен үкү», Ж. Бөкөнбаевдин «Сагызган сактыгынан өлбөй, суктугунан өлөт», «Чептен эрдин күчү бек», А. Токтомушевдин «Бала» аттуу поэмалары, тамсилдери — 1940-жылдардагы Кыргыз балдар адабиятынын андан аркы сапаттык өнүгүшүн далилдеген баалуу чыгармалар. К. башкача айтканда айрыкча согуштан кийинки мезгилдерде тез темп менен өнүгүп, А. Токомбаевдин «Биздин китеп» (1949), А. Осмоновдун «Балдар үчүн» (1947), Т. үмөталиевдин «Тартуу» (1948), «Кичинекейлерге ыр» (1956), К. Маликовдун «Жеткинчектер» (1954), А. Токтомушевдин «Жаштын тилеги» (1948), «Жакып уулу» (1957), Р. Шүкүрбековдун «Эки бөжөк» (1958) деген китептери басмадан чыккан. Бул чыгармаларга сезимталдык менен терең мазмун, образдарды реалисттик ачуунун жаңыча ыкмалары мүнөздүү. К. Жантөшевдин «Тилек» повести (1949), Т. Сыдыкбековдун «Тоо балдары» (1953) романы Кыргыз балдар адабиятынын өнүгүшүндөгү жаңы баскычты белгилеген. К. башкача айтканда азыркы учурда көркөм деңгээли жогору, тарбиялык мааниси терең, тематикасы ар кыл чыгармалар менен толукталууда. Ч. Айтматов, М. Жангазиев, Ш. Бейшеналиев, И. Исаков, А. Кыдыров, Т. Кожомбердиев, А. Айтбаева, Ж. Садыков, Б. Сарногоев, С. Жусуев, Т. Самудинов, Б. Асаналиев жана башка акын-жазуучулар «балдар дүйнөсүн» чебер талдаган кызыктуу чыгармалары менен балдарга белгилүү болду, кыскасы Балдар адабияты, Кыргыз балдар фольклору.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)