Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыргоол

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Кыргоол

"Кыргоол" - тоок сымал түркүмдөгү жапайы куш. Канаты кыска, алыс уча албайт. Моюну, тамагы ала, канатынын учу ак болот. Куйругу узун. Корозунун текөөрү бар, бостегинен чоң, кооз келет. Анын жүнү, өзгөчө куйругу түркүн түстөнүп кулпуруп турат. Кыргоолдор бекинип жашашкан сак канаттуулар. Алар чычырканак аралашкан калың камыштуу токойлорду, суу бойлорун, жайылмаларды, калың бадалдарды мекендейт.

Зыянкеч курт-кумурскаларды жок кылууда пайдасы бар. Өсүмдүктөрдүн мөмөсүн, бүрүн, майда жалбырактарын жейт. Уясын жерге салат. Бостеги апрель айынын аягында 8-18 жумуртка тууп, үч жумада балапандарын басып чыгарат. Жөжөлөрү бат эле торолуп, эки жумада учууга жарап калат. Кыргоолдор аба ырайы кескин өзгөргөндө, кар оор түшкөндө жер которуп кетишет. Алардын душманы көп. Кыргоолдорго кыргый, куш, түлкү, ит, мышык, ачкүзөн, үкү, суук кулалыдан ар дайым сактанууга туура келет. "Кыргоол" Европада, Азияда кеңири тараган. Биздин республикада 2 түрү жашайт. Кыргоолдун эң чоңунун салмагы бир жарым, 2кгга жетет.

Адамдар анын даамдуу этине кызыгып, көп кырып жибергендиктен, бадалдуу, камыштуу жайылмаларды жок кылып, анын жашаган жерлерин тарыткандыктан "кыргоол" кескин азайып кетти. Аны сактап калуу жана көбөйтүү үчүн чара көрүлүүдө. Биз да аларды коргоого кол кабыш кылуубуз зарыл.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2330, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-03-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу