Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Кына, кычкач жана кыял

Кына — көркөм кол өнөрчүлүктө чөптүн тамырынан алынган боек. Муну ышкын түптөн күз айларында атайын казып, сыртындагы чопо топурагын тазалап алат да, сууга кайнатканда чыйкандай кызыл өң берет. Кынага ачык каш кошуп, жүн боёгондо «аты да кына, заты да кына» болуп өмүрү өңү өчпөйт. Кычкач — зергердин аспабы. Муну менен жашыган күмүштү, күжүдөгү чоктонгон темирди кыпчып алып, дөшүгө коет. Бул жашык металлдан жасалат. Ичке, майда нерселерди кармоого эптүү эки учу учтуураак, жаактары бүкүрүңкү келет да, шакектелип коюлат.

Кычкачтын бөлөк түрлөрү да бар. Мисалы, төрт чарчыланган анын ички учу быдырлуу келген, нерсени шып кыпчып чабууга, мык суурууга ылайыкташат. Аны усталар «аңырооз» дешет. Ал аттишке окшошуп кетет. Кычкачтар ар кандай түспөлдө жасалып, «кыпчуур», «чымчуур» деп бөлүнөт. Кыял — А)Элдик колдонмо-жасалга өнөрүндө узануу менен уздануудагы чыгармачылыктын жогорку чеги.

Ал — ар бир устанын жана уздун бири-бирине анча коошпогон өздүк көркөм оюм-чийим жаратуудагы жекече мамилесинин натыйжасы. Б)Айрым атактуу чеберлердиң аттары кошо айтылган көркөм оюмдары менен көчөттөрү. Мисалы: «Салбай оюм», «Садыбакас оюм», «Маркатай оюм», «Садык оюм»..., «Шакен оюм», «Алтын оюм», «Макен оюм», «Күлүшары оюм». в) Элдик сыналган көркөм оюмдун жана көчөттүн жалпы аталышы.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)