Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Кылмыш-жаза процесси

Кылмыш-жаза процесси – мамлекеттик жана коомдук уюмдардын, кызмат адамдарынын, жарандардын катышуусу менен, мазмуну кылмыш ишин козгоо, иликтөө, соттук кароо жана чечүү, ошондой эле (жарым-жартылай) өкүмдү аткаруу болуп саналган алдынала текшерүү, алдынала тергөө, прокуратура, сот органдарынын мыйзам тарабынан регламенттелип, укуктук мамиле калыбына салынган иш-аракеттери. К.-ж. п-нин баскычтары: а) кылмыш-жаза ишин козгоо, б) алдынала иликтөө, в) сотко өткөрүү, г) соттук териштирүү, д) өкүмдү аткаруу. Айрым учурларда кылмыш-жаза иши кошумча баскычтарды да басып өтөт: соттук көзөмөлгө алуу тартибинде ишти кайра кароо, жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кайрадан улантуу. «К.-ж. п.» деген түшүнүк «кылмыш-жазык сот өндүрүшү» деген түшүнүккө шайкеш келет. К.-ж. п-нин милдеттери: кылмышты ыкчам жана толук ачуу, күнөөкөрдүн бетин ачуу, мыйзамды туура колдонуу.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)